Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:42

Курултай: парламенттин кызганычы


Иллюстрация
Иллюстрация

Кыргызстандагы мекенчил багыттагы бир нече уюмдар курултай институтун мыйзамдаштыруу талабын коюп келет.

Курултай жөнүндөгү мыйзамды кабыл алуу эмне үчүн создугуп жатат, анын коомдогу макамы кандай болушу керек, тескөөчүбү же кеңеш берүүчүбү? Азыркы бийлик курултайчы уюмдардын дараметин алсыратып, анын ордуна башка күчтөрдү шайлоо өнөктүгүнө пайдалангысы келип жатабы, дегеле кыргыз коомунда курултай институтунун келечеги барбы ж.б.у.с. суроолорду “Арай көз чарай” берүүбүздө кеп кылабыз.

Талкууга “Элдик курултай” кыймылынын мүчөсү, жазуучу Чолпонбек Абыкеев жана профессор, саясий серепчи Алмаз Акматалиев катышты.

“Азаттык”: Чолпонбек мырза, сиздерге талапташ болгон бир нече уюмдардын Курултай институтун мыйзамдаштыруу аракеттеринен эмне үчүн майнап чыкпай келет, анын себебин сиз эмнеден көрөсүз?

Элдик курултай: идея жана демилге

Элдик курултай: идея жана демилге

Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук кеңешинин жыйынында Элдик курултай өткөрүп, ага айыл өкмөтү баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн киргизүү керек деп билдирди.

Чолпонбек Абыкеев: Курултай институтун бийликтин башкаруу бутагына киргизүү демилгеси башталганына 20 жылдан ашты. Ал демилгенин ишке ашпай, мыйзамдашпай жатканынын башкы себеби азыркы жетекчилер бийликти элге бергиси келбейт.

Баш мыйзамда “Бийликтин бутагы - эл” деп турат. Тилекке каршы, эл өзү толук бийлигин жүргүзө албай жатат. Президент, Жогорку Кеңешти эл шайлаган, бирок эл анын ишине баа берип, көзөмөлдөй албай жатат.

“Азаттык”: Алмаз мырза, Курултай идеясын көтөргөндөрдүн демилгеси канчалык мамлекеттик системанын принцибине төп келет, туура келген учурда курултайдын негизги макамы кандай болушу керек, тескөөчүбү же кеңеш берүүчүбү?

Алмаз Акматалиев: Эмне үчүн Курултай институтунун юридикалык макамы чечилбей жатат? Курултай жөнүндө Конституциянын 52-беренесинде бар. Эми ошол норма мыйзамдык турмушка ашуусу керек, башка жол жок. Эң негизги бут тосуп жаткан – бул Жогорку Кеңеш. Кандай болгон күндө дагы парламент мыйзам чыгаруу, көзөмөлдөө функциясына монополия кылып турат. Алар жаңы пайда болгон конституциялык орган менен ыйгарым укуктарын бөлүшкүсү келбейт, бул мыйзам ченемдүү нерсе.

Кандай гана монополист болбосун башка атаандашына ушундай эле мамиле кылат. Балким курултайга тескөөчү же кеңеш берүүчү макамы керек, аны коомдук талкуудан кийин чечсе болот. Чындап айтканда, бул маселеде кеңири масштабдагы талкуулар боло элек. Менин жеке пикиримде, Курултай парламенттеги эки палатанын бири болушу керек. Бир палатасы партиялык принцип менен шайланса, экинчиси, айылдык кеңештер аркылуу шайланган эл өкүлдөр палатасы болушу мүмкүн.

“Азаттык”: Чолпонбек мырза, азыркы бийликтин, Жогорку Кеңештин көпчүлүк депутаттарынын пикири боюнча Курултайга кеңеш берүүчү макам берген мыйзам кабыл алууга даярдай туюлат, сиздер макулсуздарбы?

Жогорку Кеңеш өзүнүн үстүнөн көзөмөл кылуучу органдын пайда болушунан коркуп жатат. Бир депутат коллегаларына “силер эмне деген мыйзамды кабыл алып жатасыңар, билесиңерби?!” деп айткандан кийин эле, мыйзам долбоору токтоп калды.
Чолпонбек Абыкеев

Чолпонбек Абыкеев: Курултай институтуна юридикалык статус берүү боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште биринчи окуудан өткөн. Анын себеби Жогорку Кеңеш өзүнүн үстүнөн көзөмөл кылуучу органдын пайда болушунан коркуп жатат. Бир депутат коллегаларына “силер эмне деген мыйзамды кабыл алып жатасыңар, билесиңерби?!” деп айткандан кийин эле, мыйзам долбоору токтоп калды.

Курултай дегенди ар бир коктуда өткөрө берип, элди тажаттыңар деген сөздөр бар. Айрым күчтөр курултай деген сөздөн элди тажатууга аракет кылып жатышат. Андан майнап чыкпайт, акыры баарыбыз курултайга барабыз. Курултай кайсы бир бийликтин бутагы болуп калбайт. Курултайчылар жылына бир жолу ар бир айыл өкмөттөн делегат болуп шайланып келип (депутат эмес), өздөрү жөнөткөн бийлик бутактарынын отчетун угат, ишине баа берет. Мисалы, президент бир жыл ичинде мындай нерселерди жасадым деп отчет берет. Делегаттар аны талкуулайт. Жогорку Кеңеш, өкмөт башчысы, Жогорку Сот да ошондой эле отчетун берет.

“Азаттык”: Алмаз мырза, өткөн жумада республиканын мурдагы бийликтеринде жетекчи болуп жүргөн адамдардан түзүлгөн Кыргызстандын Улуттук кеңеши деген коомдук уюм түзүлүп, өзүнүн негизги милдетин бийликтин ишине баа берип, кеңеш берип туруу, шайлоодо праймериз өткөрүү сыяктуу курултайчылардын максаттары менен үндөшүп турду, тилектер бир болуп турса эмне үчүн бул уюмдар бирикпейт, деген суроо туулат...

Азыр бир дагы партия президенттик шайлоого байланыштуу өз ичинде “праймериз” өткөргөн жок. Кээ бир партия лидери партиясы туруп, “элдик курултай” деген ат менен талапкерлигин коюп жатат.
Алмаз Акматалиев

Алмаз Акматалиев: Бүгүнкүдөй кырдаалдын башкы себеби эмнеде? Жалпы элдин партиялык шайлоо менен бийликти түзүү идеясына ичи чыкпайт, ынабайт. Алты партия келип, Кыргызстанды бөлүп алды, алар өзү ким, деген суроолор бар. Эл ишенимине кирген ири саясий партиялар жок. Саясий партиялар бир адамдын акчасына түзүлгөн уюм болуп жатпайбы. Ошол бир адам эмнени айтса, баары ал айткандай болот. Мисалы, азыр бир дагы партия президенттик шайлоого байланыштуу өз ичинде “праймериз” өткөргөн жок. Кээ бир партия лидери партиясы туруп, “элдик курултай” деген ат менен талапкерлигин коюп жатат.

Ал эми Кыргызстандын Улуттук кеңешинин деле максаты, үнү эч жерде угулбай жүргөн интеллигенция өкүлдөрүнө өз оюн айтууга аянтча жасап, шарт түзүү. Президенттикке талапкерлерди да чакырып, аларга өз программасын айтууга мүмкүнчүлүк берели деп жатышат.

“Азаттык”: Улуттук кеңеш уюму, баягы илгери Акаев заманындай аксакалдар кеңеши сыяктуу азыркы бийликтин шайлоо учурундагы кызыкчылыгы үчүн пайдаланат деген пикирлер көп...

Алмаз Акматалиев: Мен мындай пикирлерге кескин каршымын, макул эмесмин. Эгер бийликтин долбоору болсо анда өткөн жыйында катуу сындар айтылат беле? Бийлик жасап жаткан айрым иштер жөнүндө айтылганы менен, калган сөздүн баары “бирок” деген ачуу сөздөр менен коштолду го...

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG