Линктер

ишемби, 18-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 22:00

23-майда Бишкекте улуттук маанайдагы бир нече уюмдун башын кошкон күчтөр курултайга чогулушуп, Курултай институтун өлкөнүн Конституциясына киргизүү, ошондой эле жарандык паспорттогу “улут” графасын калтыруу талабын коюшту.

Курултай Жогорку Кеңештин милдеттерин кайталап калбайбы? Курултайдын укуктук ченемдери кандай тартипте аныкталышы керек?

“Арай көз чарай” талкуусуна Жогорку Кеңештин Социал-демократтар фракциясынын депутаты Улан Примов, Туруктуу элдик кеңештин төрага орун басары Кадыр Кошалиев жана “Жарандык көзөмөл” уюмунун жетекчиси Динара Ошурахунова катышты.

“Азаттык”: Кадыр мырза, Курултай институтун Баш мыйзамга киргизүү, анын мыйзамдаштыруу талабынын башкы себеби эмнеде?

Кадыр Кошалиев: Бул бүгүн эле көтөрүлгөн маселе эмес. Курултай институтун мамлекеттин коомдук-саясий чөйрөсүнө киргизүүнү демилгелеген жарандарыбыз бар болчу. Жылдан жылга бул идеяны колдогондор көбөйүүдө.

28-апрелде Кыргызстандагы мекенчил, улуттук баалуулуктарды карманган коомдук уюмдар, саясий күчтөр, бир нече партиялардын лидерлери чогулуп, 23-майда жалпы элдик курултай өткөрүүнү пландаштырганбыз.

Элдик курултай: идея жана демилге

Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук кеңешинин жыйынында Элдик курултай өткөрүп, ага айыл өкмөтү баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн киргизүү керек деп билдирди.

Курултай институтун Баш мыйзамга киргизүү, аны мыйзамдаштыруу зарылдыгын президентибиз да колдоду. Ошол маселени масштабдуу көтөрүп, Конституцияга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү да сунуштап жатабыз.

Бардык бийлик бутактарына чыныгы элдик көзөмөлдү орнотуу талабын койдук. Анткени Кыргызстандын 26 жылдык соңку тарыхы ушундай институтту киргизүүнүн зарылдыгын көргөздү. Бир туруп биз жеке адамдын башкаруусунда, бир туруп партиялардын башкаруусунда калып келатабыз. Административдик, кландык бийликтер орноп жатат. Ошон үчүн элдик көзөмөл зарыл болууда.

“Азаттык”: Улан мырза, курултай идеясын колдогондор азыркы Жогорку Кеңешке тиешелүү мыйзамдарды кабыл албай келатат деп сын айтып келатат, анын жүйөсү барбы?

Улан Примов: Курултай институту жөнүндөгү маселе Жогорку Кеңештин бүгүнкү күн тартибинде жок. Ооба, президент курултай маселесин көтөргөн. Ошол эле учурда курултай мыйзам талаасында кандай орунга, кандай укукка ээ болот - бул суроо азырынча ачык турат. Бийликтерге элдик көзөмөл деп жатышпайбы, бирок бүгүнкү парламент накта элдин өкүлү, биз көзөмөлдөп жатабыз. Жогорку Кеңеш элдин атынан келип өз миссиясын толук кандуу аткарып жатат десем болот.

“Азаттык”: Динара айым, курултай идеясын жактыргандар аны киргизүүнүн негизги себебин бийлик бутактарына элдик көзөмөл, элдик бийликти орнотуу деп жатышат, курултайдан башка жол менен бийликти көзөмөл кылуунун механизмдери барбы, болсо алар кайсылар?

Динара Ошурахунова: Бар, анын баары Конституцияда жазылган. Курултай – бул жарандык уюм. Коомдук уюм катары алар дагы, анын ар бир мүчөсү, дегеле Кыргызстанда жашап жаткан ар бир жаран Конституция боюнча бийликтен талап кылууга, аны көзөмөлдөгөнгө укугу бар. Бийликтин чечим кабыл алуу процесстерине катышууга, талкуулоого укуктуу. Ага карабай бийликтин үстүнөн көзөмөлдөөчү дагы бир конституциялык органды түзүүнүн, шайлоонун кереги жок. Сот, прокуратура, башка мамлекеттик органдар да коомду, бийликти көзөмөлдөйт. Биз бийликке туура талаптарды коюп, аны аткарууну көзөмөлдөй турган күчтүү жарандык коомду түзүшүбүз керек.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG