Линктер

шейшемби, 16-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 03:08

Курултайлардын кубаты байкала элек


Бириккен элдик кыймылдын курултайы. 2010-жылдын 17-марты. Архивдик сүрөт.

Кыргызстанда жарандык активисттер менен патриоттук күчтөр апрель айында республикалык курултай өткөрүүнү көздөп жатышат.

Курултайда коррупцияга каршы күрөш, саясий камактагылар, сөз эркиндигинин абалы жана мамлекеттин туруктуулугу тууралуу маселелер каралаары кабарланды.

Акаев, Бакиев баштаган мурдагы президенттерди кошо чакырууну көздөп жаткан бул курултайдын идеясы социалдык тармактарда кызуу талкууга түштү. Эксперттер арасында "курултай өңдүү жыйындар өзүн актабайт жана коомдогу кайсы бир көйгөйдү чечүүгө кудуретсиз" деген көз караштар айтылып жүрөт.

"Артыбызда бийликтин колдоосу жок"

Жарандык активисттер, патриоттук күчтөр "Кыргызстан: кечээ, бүгүн, эртең" деген курултай өткөрүүгө камынып жатышат.

Уюштуруучу комитеттин мүчөсү, жарандык активист Адил Турдукуловдун "Азаттыкка" айтканына караганда, курултайда коррупцияга каршы күрөш, саясий камактагылардын, сөз эркиндигинин абалы жана мамлекеттин туруктуулугу жөнүндө маселелер каралат:

Адил Турдукулов.
Адил Турдукулов.

- Биздин максат - артка кылчактабай, азыркы учурдун маанилүү көйгөйлөрүн чыгарып, жалпы элдик институт аркылуу коррупция менен күрөшүү, сөз эркиндиги, саясий куугунтук маселелерин талкуулоо. Буларды чогуу кароо үчүн курултай институтун демилгелеп өткөрүп келген "Улуттук мекенчил күчтөр" кыймылы, "Жаңы муун" саясий кыймылы, жарандык активисттер жана саясатчылар чогулалы деген ой бар.

Ошондой эле Адил Турдукулов уюштуруучулардын артында расмий бийлик турат деген айың кептерди төгүндөдү:

- Акыркы күндөрү Мискенбаев сыяктуу айрым адамдар биздин курултайды "президент Жээнбековдун колдоосу менен өтүп жатат" деп чыгышты. Мен бул айың кептерди жокко чыгарам, бийликтин эч кандай колдоосу жок, жогоруда мен атаган төрт блок уюштуруп жатабыз.

Уюштуруу комитетинин жетекчиси, "Жаңы муун" кыймылынын башчысы Айбек Мырза курултайга бардык саясий күчтөр, коомдук активисттер чакырыларын билдирди. Чакырылгандардын сап башында мамлекетти башкарып келген мурдагы президенттер жана азыркы президент да бар:

- Биз Акаев менен Бакиевди бөлүп чакырган жокпуз. Биз бардык экс-президенттерди чакырып жатабыз. Отунбаева, Атамбаев жана азыркы мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков да чакырылат. Бул бириктирүүчү, өлкөнүн тагдырын чече турган жакшы иш-чара болуп калышы ыктымал. Балким Акаев менен Бакиев өздөрүнүн күнөөсүн, жоопкерчилигин моюнга алат чыгаар? Президент Сооронбай Жээнбеков өзүнүн сөзүндө "бир партияга эмес, элге таянам" деп айтты, ал эми курултай - элдин үнү да. Ошондуктан, президент да келип катышып берет деген үмүтүбүз бар.

Уюштуруучулар республикалык курултай апрель айында өтөрүн, ага делегаттарды шайлаш үчүн 24-марттан баштап Жалал-Абад, Талас, Нарын, Каракол жана Ош шаарларында элдик жыйындар өтөрүн белгилешти.

БЭКтин курултайы, 2010-жылдын 17-марты. Архивдик сүрөт.
БЭКтин курултайы, 2010-жылдын 17-марты. Архивдик сүрөт.

Курултайды Баш мыйзамга киргизүү демилгеси жанданды

Өткөн айда айрым саясатчылар курултай институтун Баш мыйзамга киргизип, Элдик курултай системасын башкаруу бийлигине берүүнү сунуш кылышкан.

Уюштуруучулардын бири, мурдагы спикер Мукар Чолпонбаев аталган институт менен бийликтин өзүм билемдик саясатын ооздуктоого мүмкүнчүлүк болот деген пикирин "Азаттыкка" билдирген:

- Өзүм билемдиктин алдын алуу дегенибиз - курултайга өкүлдөр элдин ичинен шайланып келет. Миңден кем эмес, көп массада болот. Айлык акы албай, коомдук башталышта иштешет. Жылына бир жолу чогулуп, чечимдерди кабыл алып, отчет тапшырышат. Ошого жараша иш жүргүзөт. Отчету канааттандырарлык болбой калган аткаминерлер иштен алынат. Мына ушуну элдик көзөмөл деп түшүнөбүз. Ал эми курултайдын өкүлдөрү өздөрү шайланган элге жасаган иши тууралуу маалымат берип турат. Эгер кайсы бир өкүл жолдон тайып, элдин ишеничинен чыкса, аны шайлоочулары чакыртып алышат. Парламент андай мүмкүнчүлүккө ээ эмес, анын кандай жол менен шайланып келип жатканын көрүп жүрөбүз. Партиялык тизме менен келген депутаттар коррупциялык жол менен мандатты партия лидеринен сатып алышат.

Улутчул маанайдагы бир нече уюмдун башын кошкон күчтөр Курултай институтун өлкөнүн Конституциясына киргизүүнү буга чейин да сунуш кылышкан. Алар негизинен президент менен парламенттин үстүнөн көзөмөлдөөчү орган катары "курултайдын макамын Баш мыйзамга киргизиш керек" деген демилге көтөрүп, ал ишке ашпай жатат. Бул демилге апрель айында боло турган курултайдын да күн тартибине киргизилмекчи.

Курултайлар куру сөз бойдон калат

Ошол эле учурда Конституцияга өзгөртүү киргизип, курултай институтун бекемдөө сунушу айрым эксперттер тарабынан катуу сынга алынууда.

"Сереп" эксперттик-изилдөө институтунун жетекчиси Искендер Ормон уулу курултай институту коомдо олуттуу орунга ээ боло албайт деп эсептейт. Анын айтымында, курултайды Баш мыйзамга киргизүү демилгеси парламенттин алсыздыгынан улам келип чыгууда:

- Конституция өзгөрдү. Президенттик шайлоо болду. Шайлоодон мурда да, кийин да көп эле жыйындар өттү. Оппозиция да, бийлик да көп эле жыйын, тегерек үстөлдөрдү өткөрүп жатты. Бирок натыйжа барбы? Баягы эле катышуучулар. Өздөрүнөн башка көпчүлүк укпаган, билбеген чечимдер алыс бара албайт. Менимче, бул курултайда деле жыйынтык чыга турган бир чечимдер болбойт. Тескерисинче, мындай жыйындар таасирдүү адамдардын да сөзү өтүмдүүлүгүн деградациялаган бир процесске айланып калышы ыктымал.

Ынтымак курултайы, 2010-жылдын 24-марты. Архивдик сүрөт.
Ынтымак курултайы, 2010-жылдын 24-марты. Архивдик сүрөт.

2010-жылы апрель окуясынын алдында ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин демилгеси менен Ынтымак курултайы өткөрүлгөн. Аягында курултайдын делегаттары президент Курманбек Бакиевдин өлкөнү жаңылоо боюнча күч-аракеттерин колдоого чакырган резолюция кабыл алышканы белгилүү. Ушундан улам, айрым серепчилер курултай институту да кайра эле бийликтин же оппозициянын кол баласына айланышы ыктымал экенин айтышууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG