Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:23

Мырзакматовдун кадамынын артында эмнелер жатат?


Оштун мэри Мелис Мырзакматов өзүнүн жактоочуларынын алдында сүйлөп жатат. 20-август, 2010-жыл
Оштун мэри Мелис Мырзакматов өзүнүн жактоочуларынын алдында сүйлөп жатат. 20-август, 2010-жыл

Оштун мэри Мелис Мырзакматовдун эки ача билдирүүсүн серепчилер анын борбордук бийлик менен мурдатан келаткан тирешүүсүнүн ачыка чыга башташы катары кабылдашууда.

Эки тараптын ортосундагы тымызын таймашта кимиси жеңээри келерки жылдын башында өтө турган шаардык кеңешке шайлоодо билинет. Ошондуктан мэрдин бул кадамы борборду өзү менен эсептештиргиси келген аракети катары бааланууда.

Быйыл 9-октябрга Ош шаардык кеңешине депутаттарды шайлоо дайындалган болчу. Мыйзам боюнча жаңыдан шайланып келген шаардык депутаттар жаңы мэрди бекитишет. Бирок ошол учурда азыркы мэрди кызматынан кетирүүнү көздөгөн күчтөр борбордун колдоосу менен өздөрүнүн талапкерлерин даярдай башташы Мелис Мырзакматовдун командасын чочуткан.

Мындай аракеттерге каршы туруу үчүн Мырзакматов “Улуттар биримдиги” деген партиясын чукулунан түзө коюп, өзүнө жан тарткан күчтөрдүн башын бириктирүүгө жетишкен болчу. Мындайды күтпөгөн борбордук бийлик шаардык кеңешке шайлоону февраль айына которгон.

Саясат таануучу Нуржигит Кадырбеков Мырзакматовдун эки ача билдирүүсүнүн төркүнүн борбордук бийликке ташталган чакырык катары баалады:

- Буга окшогон билдирүүлөр жөн жеринен чыкпайт. Кандайдыр бир саясий максатты көздөшү мүмкүн, же борбордук бийлик тарабынан ага карата жүрүп жаткан адилетсиздиктен улам болгон “демарш” болушу мүмкүн. Кыргызстан унитардык мамлекет болгондон кийин өз алдынча шаардык милиция түзүү деген албетте туура эмес. Бирок бул ойдун артында башка нерсе жатышы ыктымал.

Мына алдыда шаардык кеңешке шайлоо болгону турат. Сентябрь айында эле борбордук бийликтин шаардык кеңешке шайлоо өткөрүү аракетинен соң эл арасында “жакшы эле иштеп жаткан Мырзакматовду кызматтан кетирүү үчүн борбордук бийлик башка бир күчтөрдү ага каршы коюп жатат" деген сөздөр бекеринен чыкпаса керек. Бул билдирүү балким ошого карата реакция болушу да мүмкүн. Ошондуктан борбордук бийлик мындай маселеде жети өлчөп, бир кескени оң болот го.


Коңгуроо

Мырзакматовдун тарапташтары каттоосу жатаканага коюлган жогорку окуу жайларынын студенттери шаардык кеңештин шайлоосунда добуш бере албайт деген БШКнын сентябрь айындагы комментарийин аларга каршы бут тосуу катары кабыл алышкан болчу.

Ошондой эле шаардык кеңештин депутаттыгына “Республика” партиясынан талапкерлердин көп көрсөтүлүшү да Ош шаарынын мэрлик кызмат орду үчүн күрөш курч мүнөздө өтөөрүн туюнткан эле. Мына ошондуктан Мырзакматовдун муниципиалдык полиция түзүүнү тездетүү демилгеси жөн жеринен чыккан жок дегендер аз эмес.

Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Мирослав Ниязов мыйзамсыз эрежелерге сыйбаган бийлик үчүн күрөштүн кесепеттери чоң болушу мүмкүн деп эскертти:

- Анткени биз мыйзам чегинде иш алып барбай, “кызылдарга”, “актарга” бөлүнүп алып, ар кимибиз өздөрүбүздүн түшүнүгүбүз менен жашап жаткандан улам ушундай нерселер болуп жатат. Ага окшогон демилгени биринчи бул жакта – борбордо отургандар баштаган. Шайлоонун алдында КСДП фракциясынын мүчөлөрү элдик кошуундарды чогултуп, аларды куралдандырышыбыз керек деп чыкканы эсибизде. Ошондуктан бири-бирине өчөшүп, тирешкен тараптар ишенимдин жоктугунан улам күч топтоону көздөп турушат. Мындайдын арты жакшы болбойт.

Түмөн түйшүк жараткан түшүнүк

Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов менен борбордук бийликтин ортосундагы мамиле буга чейин эле бир катар орчундуу маселелер боюнча чиеленишип кеткендиги белгилүү болчу. Өз алдынча шаардык милиция түзүү жөнүндө Мырзакматовдун айткан сөзү да ага кошумча болду.

Бирок Ош шаарынын вице-мэри Таалай Сабиров Мырзакматовдун 10-ноябрь күнкү билдирүүсү бурмаланган деп төгүндөп чыкты:

- Бул жерде өз алдынча мамлекетке баш ийбеген шаардык милиция түзүү жөнүндө эмес, кадимки эле курамына аймактык тескөөчүлөр, балдардын тартип сакчылары жана МАИ кирген муниципалдык милиция туурасында айтылган болчу. Мындай криминалдык жана муниципалдык милиция деп бөлүнгөн тажрыйба башка чет мамлекеттерде деле бар.

Ош, 20-август, 2010-жыл
Ош, 20-август, 2010-жыл
Эки ача ой жараткан Мырзакматовдун билдирүүлөрүнүн себептерин талдоочулар ар кандай жорушууда. Бирөөлөрү ал чындыгында эле демилгесин жарыялап жиберип, бирок анын кесепеттеринен чочуп, аны төгүндөөгө шашты дешсе, экинчилери кызыкдар күчтөр анын билдирүүсүн атайлып бурмалашкан деген ойдо.

Жогорку Кеңештин төрага орун басары Асылбек Жээнбеков Мырзакматов ички иштер органдарын реформалоонун концепциясын түшүнбөй калып, саясий жаңылыштык кетириши мүмкүн деп божомолдоду:

- Менимче, Мелис Мырзакматов милицияны реформалоонун концепциясын чала түшүнүп алып, аны коомчулукка жарыялап жиберген болуш керек. Негизи бизге муниципалдык милиция керек. Бул боюнча мыйзам долбоору да даярдалып жатат. Бирок Мелис айткандай Ички иштер министрлигине карабаган, өз алдынча “спецназы” бар милиция эмес, кадимки эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу коомдоштуктарына баш ийип иштей турган муниципалдык милиция жөнүндө сунуштар бар. Кудай буйруса мына ошол сунуштар иштелип жатат.

Буга чейин орусиялык басылмага Ош шаарынын мэринин “борбордук бийликти тааныбайм” деген билдирүүсү жарыяланып, бирок анда да ал өзүнүн сөзү бурмаланып жазылгандыгын айтып чыккан болчу.

Өткөн жылы Мырзакматовду кызматтан алуу туурасында президенттин жарлыгы чыгып, бирок анын жактоочуларынын талабы менен ал ордунда калган. Мелис Мырзакматов 7-апрелдеги бийлик алмашуудан кийин кызмат ордун сактап калган Бакиев командасынын бирден-бир өкүлү.

XS
SM
MD
LG