Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:09

Айбек Калиевдин алын сынаган аяз


Айбек Калиев
Айбек Калиев

Жогорку Кеңештин соңку жыйынында "Улуттук энергохолдинг" компаниясынын жетекчиси Айбек Калиев тууралуу кызуу талаш-тартыш болду.

Бир катар депутаттар Бишкектин Жылуулук электр борборундагы кырсык, энергетика тармагындагы орчундуу маселелер үчүн аны иштен алуу маселесин көтөрүштү. Премьер-министр Сапар Исаков Калиевдин кызматтан кетүү арызына кол койбой койгонун, иликтөөнүн жыйынтыгын күтөрүн айтты.

Энергетика тармагын башкарган "сыпайы балдар"

Былтыр жыл этегинде "Улуттук энергохолдинг" компаниясынын төрагасы Айбек Калиев Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында баяндама жасаган. Анда өзү башкарган ишкана 2017-жылдан жалаң жакшы көрсөткүчтөр менен чыкканын айткан. Ал Бишкектеги жылуулук электр борборунун жаңыланышын башкы жетишкендиктердин бири деп атаган:

- Биз быйыл Бишкек жылуулук электр борборун ийгиликтүү ишке бердик. Жаңы эки энергоблок ишке кирди. Сыноо иштерин жүргүзүү зарыл болуп, эки блокту тең болгон кубаттуулукта иштеттик. Жаңы энергоблокто кандайдыр бир жетишпестиктер, кемчиликтер болбосун деп текшерүү иштерин жүргүздүк.

Бирок жыйында Айбек Калиевдин ишине сын айтылган. КСДП фракциясынын депутаты Азамат Арапбаев "энергетика тармагын сылык-сыпайы, боорукер балдар башкарып жатат, алар эч кимдин көңүлүн кыя албай жүрүп системаны кризиске кептеди" деп билдирген.

ЦАРИИден уланган жол...

Кыргызстанда энергетика тармагын башкарып турган 35 жаштагы Айбек Калиев Бишкектеги Исхак Раззаков атындагы техникалык университетти аяктаган. Кесиби боюнча инженер-электрик. 2005-жылы жогорку окуу жайын бүтөрү менен түз эле өкмөткө келген жана беш жыл бою негизинен энергетика тармагындагы мекемелерде, бөлүмдөрдө адис, эксперт, референт болуп иштеген.

Айбек Калиев 2009-жылы ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев жетектеген, коомчулукта ЦАРИИ деген кыскача аталышы менен таанылган Өнүктүрүү, инвестиция жана инновациялар боюнча борбордук агенттиктин ресурстарды башкаруу кызматында эксперт болуп иштеген.

2010-жылы апрель ыңкылабы болуп, бийлик күч менен алмашканда Айбек Калиев өкмөттөн кеткен эмес жана ташы өйдө кулап, кызматтан жогорулаган.

Ал 2012-жылы энергетика жана өнөр жай министринин орун басары болуп дайындалган. Үч жылдан кийин экономика министринин орун басары болгон.

Бишкек ЖЭБи.
Бишкек ЖЭБи.

Калиев "Улуттук энергохолдинг" компаниясынын төрагасы болуп 2016-жылдын башында дайындалган. Өкмөт 2015-жылдын этегинде Энергетика министрлигин жойгон. Электр энергиясын өндүрүүчү, ташуучу жана бөлүштүрүүчү ишканалардын баары ушул холдингге бириктирилген. Бийлик ушундай жол менен тармактагы коммерциялык жоготууларды азайтып, коррупцияны жеңсе болорун жүйө кылган.

Ошол кездеги өкмөттү жакшы билгендердин айтымында, Калиев бул кызматка күтүүсүз дайындалган.

Холдингдин башчылыгына мурдагы энергетика министри Кубанычбек Турдубаев барат деп айтылып жаткан. Бирок парламентте айрым депутаттар экс-министрге каршы козголгон кылмыш иштерин эстеп, анын жаңы кызматка дайындалышына каршы чыгышкан. Ошондон улам анын ордуна жаш кадр катары Айбек Калиев көрсөтүлгөн.

Айбек Калиев кийинчерээк ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин ишенимине киргени, энергетика тармагында өз командасын кураганга да жетишкени да айтылып жүрөт. Маселен, Калиев Энергетика, өнөр жай, жер казынасын пайдалануу комитетинин энергетика тармагына жооптуу орун басары Азамат Оморов группалашы экенин бышыктаган.

Эмнеси болсо да, Бишкек Жылуулук электр борборундагы кырсык энергетика тармагын башкарган жетекчилерге байланыштуу маселени козгоду. Кырдаал Жогорку Кеңеште талкууланып жатканда премьер-министр Сапар Исаков Айбек Калиевдин кызматтан кетүү жөнүндөгү арызын канааттандырбай койгонун айтты:

- Мага бир киши келип арызын берди. Калиев Айбек Рыспекович. Бирок мен ал арызды кабыл алган жокмун. Аны азыр жактагым келбейт. Бирок аябай аракеттенип, күйүп-бышып, күнү-түнү уктабай жүрөт. Албетте, көйгөйлөр көп, Айбек Рыспековичте да күнөө бар.

Анткен менен парламентте Айбек Калиевдин өз эрки менен кызматтан кетишин талап кылгандар да чыкты. "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев аны "ишин эптей алган жок" деп айыптады:

Бакыт Төрөбаев.
Бакыт Төрөбаев.

- Калиев Айбек, "Бишкек шаарынын канчалаган тургундары жабыр тартты, менин күнөөм бар" деп арыз жаздың да. Өзүңдүн күнөөңдү сездиң да. Арыз жазгандан кийин премьер-министр Сапар Исаков арызыңды кабыл алабы же жокпу, Эмгек кодексинин негизинде өзүң иштен кете бер. Чынын айтканда, мен энергохолдинг түзүүнү колдогом. Мен энергетиканы түшүнөм. Талкаланып жатат. ЖЭБде, дагы жакшы, адистер өз маалында чара көрүп калды. ГЭС деген бар, башка системалар бар. Канчалаган подстанциялар турат. Ошол системаларды ким карайт? Жалаң жаңы кадрларды алып келдиңер, эски кадрларды жок кылдыңар. Бардыгын кетирдиңер.

"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты Тынчтыкбек Шайназаров болсо Калиевдин тажрыйбасы жоктугуна токтолду.

- Мендеги маалымат боюнча, Айбек Калиев жана анын Нурлан Сыдыков деген орун басарынан башка орун басарларынын баары ушул жогорку кызматка келгенге чейин энергетика тармагында бир күн да иштеген эмес. Козубаев деген орун басары "Coco-Cola" компаниясында иштеген, Төкөлдөшов деген орун басары мугалим, Есенбаева деген орун басары инженер-тикмечи. Айбек Калиевди мен сыйлайм, бирок бул киши да министрдин орун басары болуп келгенге чейин бир да күн энергетика тармагында иштеген эмес. Эгерде бул багытты, бул чөйрөнү билбесе, кол астында иштеген адамдарга кантип үйрөтөт, кантип, кандай жолго салат? Мага бул түшүнүксүз болуп жатат.

Анткени менен "Айбек Калиев жумуштан алынсын" деген пунктту киргизүүгө каршы чыккандар болду. "Республика - Ата-Журт" фракциясынын депутаты Талант Мамытов кесиптештерин депутаттык комиссиянын корутундусун күтүүгө чакырды.

Талант Мамытов.
Талант Мамытов.

- Биз тергөө органы эмеспиз. Бир адам тууралуу чечим кабыл алыш үчүн аны терең изилдеп чыгыш керек. Бул жерде биз анын күнөөсүн тактабай эле саясий жоопкерчилик тагып жатабыз. Бул туура эмес. Биз - Жогорку Кеңешпиз. Туура, бул жерде жоопкерчиликке тартыш керек. Бирок өзүбүз мыйзам чыгаргандан кийин мыйзамды сыйлайлы. Калиев эгер арыз жазып берген болсо - анда жалгыз бир адам жоопкерчиликти сезип, арыз жазып бериптир. "Арыз жазып бериптир" деп эле муну кызматтан айдаган туура эмес. Бул жерде жоопкерчилик командада. Ошондуктан комиссиянын чечимин күтүп, Калиев кандай кемчилик-чекилик кетирген, балким катачылык командадан кеткенби - ошонун баары иликтенишин күтүшүбүз керек.

Жогорку Кеңеште Айбек Калиевдин энергетика тармагында жетекчилик кызматта турган кайнатасын эстегендер да болду. Бирок Калиев кайнатасы Айдар Тынаев ушул тушта "Ысык-Көл энергетика тармактары" ишканасынын жетекчиси экенин, бул кызматты соңку 12 жылдан бери башкарып келатканын айтты.

Былтыр Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун байкоочу кеңеши мамлекеттик мекеме-ишканалардын мыкты жана эң начар деген жетекчилеринин рейтингин жарыялаган. Анда Айбек Калиев эң мыкты деген жетекчилердин сап башында болгон. Байкоочу кеңештин төрагасы Исламбек Мурсабеков бул рейтинг кантип аныкталганын "Азаттыкка" айтып берди:

Биз саясий баа бербейбиз. Экономикалык көрсөткүчтөрдү салыштырабыз.

- Биринчиден, биз саясий баа бербейбиз. Экономикалык көрсөткүчтөрдү салыштырабыз. Кандай пайда келтирди, кандай жылыштар бар, ошолорду мурдагы жылдарга салыштырып, ага жараша рейтинг түзүлөт. Кээ бирлерин "жакшы иштеди" деп коомдук кеңештин атынан ыраазычылык билдирип, "дагы жакшы иштегиле, коомчулук муну күтүп жатат, жакшы көрсөткүчкө жеткиле" деп айтабыз. Акыркы авария эми күтүлбөгөн окуя болду. Мүмкүн бул жерде ишке шалаакылык кылган мамиле барбы, мунун баарын прокуратура текшерип, укуктук баа берет. Бирок энергетика тармагы чоң да. Эми анын карамагындагы мекемелерде ар кандай жагдайлар болушу мүмкүн. Биз болсо ким жакшы иштеди, ким жаман иштеди деген бааны жалаң эле сандарга таянып беребиз. Бизге ал Калиевби же Ивановбу, чынында баары бир.

Эмнеси болсо да Айбек Калиев бул ишканага жетекчилик кылган доор өкмөт энергетика тармагы үчүн ири насыяларды алып, ири долбоорлорду ишке ашыра баштаган жана ал сын, доомат менен коштолгон учурга туш келди.

Айбек Калиевди жакындан билгендер анын ийгилигинин сырын ийкемдүүлүгүнө, сылык-сыпаа мүнөзүнө, айрым бир аткаминерлерден айырмаланып чет тилдерин билгенине да байланыштырып жүрүшөт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG