Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:55

Дүйшөбаев: Үчүнчү ыңкылап болбойт


Апрель ыңкылабынан кийин Кыргызстанда бир нече нааразылык акциялары өттү.
Апрель ыңкылабынан кийин Кыргызстанда бир нече нааразылык акциялары өттү.

Жакынкы Чыгыштагы толкундоолордун эпкини Кыргызстандын коопсуздугуна таасир этиши мүмкүн экенин 22-февралда Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев билдирди.

Буга кошумча иретинде Дүйшөбаев Кыргызстанда үчүнчү ыңкылапка жол берилбесин белгиледи. Анткен менен айрым адистер баалардын тынымсыз өсүшү, айлык акылардын жогорулабай жатышы жазга жуук социалдык жарылууга алып келиши мүмкүн деген божомолун айтууда.

Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаевдин айтымында, радикалдык-экстремисттик кыймылдар ушундай окуяларды өз аракеттерине пайдаланышы ыктымал. Ушул себептүү Кыргызстандын күч структуралары өз ара да, эл аралык байланыштар аркылуу да болгон чараларды көрүүдө. Комитет жетекчиси чек арадагы кырдаалды күчөтүү зарылдыгын моюнга алды.

- Чек араларды биз дагы күчөтүшүбүз керек. Араб өлкөлөрүндөгү кырдаал биздин региондогу ал-акыбалга, жагдайга таасирин тийгизиши мүмкүн. Анткени радикалдык-экстремисттик күчтөр ошол жагдайды пайдаланып, биздин кыймыл-аракетке булар жардам берет деген үмүттө иштерди жасашы мүмкүн. Бирок терроризм, экстремизм менен күрөшүү боюнча өзүбүздүн күчтөр жана кошуна мамлекеттин атайын кызматтары, күч органдары менен тыгыз байланышта иштеп жатабыз. Андан сырткары бизде ШКУ, ЖККУнун алкагында да бир топ иш аракеттер көрүлүп атат.

Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков кыргыз бийлигин чек ара боюнча чалгындоо иштерин алдын ала жүргүзүүгө үндөйт. Медетбеков мындай кадам айрым кооптуу жагдайларды алдын алып, токтотууга көмөк болот деп эсептейт.

- Орто Азия боюнча Өзбекстан Ислам кыймылынын мүчөлөрү жана анын башчылары болуп кеткендердин бардыгы Фергана өрөөнүнөн кеткен. Алар 1999-2000-жылдары, ушул жайда халифат орнотууга аракет жасашкан. Анан ушундай терроризм ыкмасына өтүп атат. Ошондуктан Кыргызстанга коркунуч бар. Эгер кошуна өлкөлөр өз чек араларын катуу кармап, ушундай кыймылдарга, уюмдарга туруштук берип турса андай кооптонуу болбойт.

Кимдин карааны көрүнөт?

Коомчулук арасында 1-марттан тарта митингдер башталары, Кыргызстанда үчүнчү ыңкылап болуп кетүү ыктымалдыгы айтылууда. Бул тууралуу Кеңешбек Дүйшөбаев “Азаттыктын” суроосуна жооп берип, бийлик ыңкылапка да, массалык толкундоолорго да жол бербей турганын кошумчалады.

- Быйыл президенттик шайлоо жылы. Ага кээ бир саясий күчтөр даярдык көрүүдө. Албетте кандайдыр бир курч мүнөздөгү кырдаалды жаратышы мүмкүн. Бирок 2010-жылы болгон мамлекеттеги каргашалуу окуялар кайталанбайт, эч кандай массалык толкундоолор, эч бир ыңкылап, бийлик өзгөрүү болбойт. Бардыгы мыйзам чегинде болот.

Анткен менен айрым эксперттер баалардын тынымсыз өсүшү, айлык акылардын жогорулабай жатышы жазга жуук социалдык жарылууга алып келиши мүмкүн деген божомолун айтууда. Саясий серепчи Токтогул Какчекеев азыр бийликтин ичинде ынтымак жок болгондон улам кыңыр кептер тароодо деп эсептейт.

- Бийлик азыр калыптана элек. Анткени бийликтин ичинде уйдун бөйрөгүндөй бөлүнүп-бөлүнүп, колтугуна котур ташты кармагандай абал болуп атат. Ыгы келгенде жамбашка салып чаап калалы дегендей болуп жатат.

Кыргызстанда былтыр жаздагы элдик толкундоолордон улам бийлик алмашкан. Серепчилер Араб өлкөлөрүндө болгон окуяларга Кыргызстан да шыкак берип, кайсы бир деңгээлде себепчи болгонун айтып келишкен. Эми ошол эле Жакынкы Чыгыштагы толкундоолордун эпкини кайра Кыргызстанга кайтабы деп кыргыз бийлиги коопсуздук чараларын көрүүдө.

XS
SM
MD
LG