Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:11

Коопсуздук кеңешине катчы токтободу


Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин катчысы Алмазбек Курманалиевди кызматтан алды.

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү Курманалиев өзү арыз жазганын кабарлады. Бирок катчы болуп эки айдай гана иштеген Курманалиевдин кызматтан өз ыктыяры менен баш тартканынан күмөн санагандар да бар. Бул жогорку бийликтеги кадр саясатына байланыштуу талкууну да жандантты.

Кыргызстанда соңку жарым жылда Коопсуздук кеңешине эми ушуну менен үчүнчү катчы дайындалмакчы.

Күтүүсүз дайындалып күтүүсүз кетти...

Алмазбек Курманалиевди Коопсуздук кеңешинин катчысы кылып 26-октябрда ошол кездеги президент, Коопсуздук кеңешинин төрагасы Алмазбек Атамбаев дайындаган эле.

Кесиби боюнча юрист Курманалиев 40 жашта. Жусуп Баласагын атындагы кыргыз улуттук университетти 1999-жылы аяктагандан кийин 2005-жылга чейин ички иштер органдарында, жаза аткаруу системасында иштеген.

Мамлекеттик кызматка 2005-жылы келген жана 2013-жылга чейин өкмөттүн жана президенттин аппараттарында коопсуздук, коргоо жана укук тартиби бөлүмдөрүндө референт, бөлүм башчы, эксперт, инспектор өңдүү кызматтарда иштеген.

Курманалиев Коопсуздук кеңешине 2013-жылы адегенде инспектор болуп келип, көп өтпөй эле катчынын орун басары болуп дайындалып, 2017-жылга чейин иштеген.

9-декабрда Сооронбай Жээнбеков Алмазбек Курманалиевди кабыл алган
9-декабрда Сооронбай Жээнбеков Алмазбек Курманалиевди кабыл алган

Курманалиевдин катчы болуп дайындалганы көпчүлүккө күтүүсүз болгон жана ал ошол кезге чейин эл көзүнө көп урунбаган адам эле.

Мындан туура он күн мурун, 9-декабрда Коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө арналган жыйында ал соңку алты жылда паракорлукту тыюу боюнча жасалган иштер боюнча баяндама жасаган. Анда журналисттердин суроолоруна да жооп берген жана коррупцияга каршы күрөштөгү башкы жетишкендик катары бардык институттардын чогуу-чаран иштегенин атаган болчу:

- Эң негизгиси - биз мамлекеттик органдардын бири-бири менен байланышын камсыз кыла алдык. Бул же тигил коррупцияга каршы чараны ишке ашыруудагы негизги проблемалардын бири - мамлекеттик органдардын өз ара макулдашуусу болчу. Мисалы, көзөмөлдөөчү орган аныктачу, өкмөт экономикалык жактан натыйжалуулугун карачу, биз болсо чараларды иштеп чыгуу менен алектенчүбүз. Азыр мындай маселе дээрлик жок. Азыр бардык институттардын чогуу иштеши бир жолго салынып калды.

Жээнбековдун күчү коррупционерлерге жетеби?
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:18 0:00



Кыргызстан элинин ассамблеясынын төрагасы Токон Мамытов 2007-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы болгон. Ал бул маанилүү орган экенин белгиледи. "Президент Сооронбай Жээнбеков мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин кадрларынан арылып жатат" деген жоромолдорду четке какты:

Токон Мамытов.
Токон Мамытов.

- Коопсуздук кеңеши ички жана тышкы саясатты негиздеген, багытын белгилеген органдардын бири да. Бул жерде өтө такшалган, күч түзүмдөрүнүн жумушун билген, коопсуздук маселелерин түшүнгөн саясатчы адам болушу керек. Коопсуздук кеңеши күч түзүмдөрү менен тыгыз иштейт. Коңшу мамлекеттердин коопсуздук кеңештеринин катчылыктары менен бирге иштейт. Алмазбек Курманалиевдин кандай себеп менен иштен кеткенин билбейм. Андай маалыматым жок. Анан "Атамбаев койгон кишини Жээнбеков кетирип жиберди" деген да туура эмес. Шартын, себебин билиш керек. Балким биз билбеген себеп болгондур. Ошону эске алыш керек. Бул органда көрүнгөн киши иштей албайт.

Эмнеси болсо да соңку жарым жылда Коопсуздук кеңешине ушуну менен үчүнчү катчы дайындалганы жатат. Алмазбек Курманалиевге чейин бул кызматта Жеңиш Разаков үч ай гана иштеген.

Жогорку Кеңештеги Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин төрагасынын орун басары, "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев катчылардын алмашып жатканын "азыркы президент өзү ишенген кадр издеп жатышы мүмкүн" деп түшүндүрдү:

Каныбек Иманалиев.
Каныбек Иманалиев.

- Коопсуздук кеңеши президент менен иштеше турган негизги институттардын бири да. Конституция кабыл алынгандан кийин бул органдын аты такталды. Мурун Коргоо кеңеши эмес беле. Жаңы президент мүмкүн өзү билген, өзү ишенген инсанга токтолоюн десе керек. Анын эмне себептен бошоп кеткенин так билбейт экем. Бул кызматка дайындалган адамдар Кыргызстанда коопсуздукка байланыштуу маселелерди терең түшүнгөн, эл ичинде аброю бар, аналитикалык тажрыйбасы бар, коопсуздук тармагын билген жана сый-урматка ээ болгон, президент да аны жакындан билген, ишенген адам болушу керек деп ойлойм.

Президент Сооронбай Жээнбеков Алмазбек Курманалиевдин ордуна азырынча башка адамды дайындай элек.

"Маанилүү кызматка олуттуу адам"

Мурунку вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиевдин пикиринде, Коопсуздук кеңешинин катчыларынын чукул алмашып жатканы кадр саясатындагы маселелерден кабар берет:

- Коопсуздук деген бул абдан чоң түшүнүк. Коопсуздук дегенде эле Куралдуу күчтөрдү ойлобош керек. Экстремизмден баштап, керек болсо маалымат коопсуздугу, бүт тармакты түшүнгөн адам иштеши керек. Мына бул катчы 1,5 ай иштептир, ага чейинкиси үч ай иштеген экен. Ушундан улам булар канчалык деңгээлде ойлонулуп дайындалган, алар канчалык деңгээлде татыктуу эле деген суроо туулат. Дегеле 25 жылдын ичинде Коопсуздук кеңешинин катчылыгына кандай адамдар дайындалганын карап көрүш керек. Башка мамлекеттерди да талдаш керек. Мисалы, Орусиянын президенти Владимир Путин Федералдык коопсуздук кызматынан Коопсуздук кеңешине барып, андан кийин премьер-министр, андан соң президент болгон. Ошондуктан бул кызматка албетте терең ойлонуп дайындаш керек. Муну балким жаңы президент деле ойлонуп жаткандыр.

Коопсуздук кеңеши 2010-жылы апрель ыңкылабынан кийин Коргоо кеңеши болуп өзгөргөн. Былтыр жаңы Конституция кабыл алынганда кайра Коопсуздук кеңеши болуп аты алмашкан.

"Коопсуздук кеңеши тууралуу" жаңы мыйзам ушул жылдын май айында кабыл алынган. Документке ылайык, президент кеңештин төрагасы болуп эсептелет жана ал катчыны дайындап, иштен алат.

Улуттук коопсуздукка байланыштуу маселелер боюнча кеңеш жылына кеминде эки ирет чогулуп турат жана керек учурда кезексиз жыйындар да өтүшү мүмкүн.

Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү болуп Жогорку Кеңештин спикери, өкмөт башчы жана коргоо маселелери боюнча вице-премьер-министр, Куралдуу күчтөрдүн башкы штабынын жетекчиси, парламенттеги коалициялык көпчүлүктүн жана оппозициялык азчылыктын төрагалары, парламенттеги тиешелүү комитеттин, президенттин аппаратынын башчысы, башкы прокурор жана улуттук коопсуздукка, тышкы жана ички иштерге, каржы, чек ара, чукул кырдаалдарга жооп берген мамлекеттик органдардын жетекчилери мүчө.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG