Линктер

жума, 24-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 17:09

Кыргызстанда бир нече саясатчы “Таза шайлоосуз таза коом жок” деп аталган кыймылга баш кошконун жарыя кылышты.

Саясий ишмерлердин, партиялардын шайлоо алдындагы биригүүлөрүнүн максаты кайсы, айрым союздардан майнап чыкпаганынын себеби эмнеде? Ушул жана башка суроолорго “Арай көз, чарай” берүүбүздүн бүгүнкү чыгарылышынан жооп издейбиз.

Талкууга Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков жана Жалал-Абад облусунун мурдагы губернатору Жусупжан Жээнбеков катышты.

“Азаттык”: Равшан мырза, 12-сентябрда Кыргызстандагы бир нече белгилүү саясатчылар чогулуп, «Таза шайлоосуз таза коом жок» деген жарандык кыймыл түзүлгөнүн жарыяладыңыздар, андай уюм түзүүнүн, ага баш кошуунун максаты эмне болду?

Равшан Жээнбеков: Азыр өлкө тарыхый өткөөл мезгилде турат. Биз ошондой мезгилде боло турган коркунучтарды, тобокелчиликтерди алдын алып, мамлекеттеги стабилдүүлүктү сакташ үчүн көмөк көрсөтө турган, бийликте болобу, коомчулукта болобу, ар кандай саясий кырдаалдарда ортомчулук милдетти аткара турган, моралдык укуктары бар уюмга баш кошуп жатабыз. Бүгүнкү шайлоо процесси аябай катуу жүрүп жатат, тобокелчиликтер көп. Биз мамлекеттүүлүктү бекемдейбиз десек беш маселеге басым жасашыбыз керек: көз карандысыз Жогорку Кеңеш; көз карандысыз өкмөт; көз карандысыз сот; таза, күчтүү жарандык коом жана адилеттүү, таза шайлоо өткөрүү зарыл. Анткени таза шайлоо өткөрүү адилеттүү коомду, натыйжалуу бийликти, укуктук мамлекетти курууга негиз болот. Ушул максаттарды ишке ашыруу үчүн моралдык салым кошолу деп саясатчылар биригип жатабыз.

“Азаттык”: Жаңы түзүлгөн кыймылдын мүчөлөрү меморандум кабыл алып, анда “шайлоонун ыплас технологиялары колдонулбай, административдик ресурстун үстөмдүгү жок өткөрүлгөн шайлоо гана туруктуулуктун зарыл шарты боло алат” деп айтылат. Шайлоонун таза өтүшү үчүн кыймыл кандай жолдор, кандай каражаттар менен коомго, бийликке таасир бере алат?

Равшан Жээнбеков: Биздин кыймыл мурдагы тажрыйбалуу жетекчилер, саясатчылардан түзүлгөн убактылуу уюм болуп эсептелет. Максатыбыз алдыдагы шайлоо тынч, адилеттүү, таза өтсө деп турабыз. Жогоруда айткандай, албетте бизде юридикалык укубуз жок, бирок моралдык укубуз бар. Өлкөдө мамлекеттик органдар тарабынан саясий адилеттүүлүк сакталбай жатат, Борбордук шайлоо комиссиясында адилетсиздиктер болуп жаткан шартта коомдо кандайдыр бир балансты жарата алабызбы деген ойдо биригип жатабыз. Биз бардык ишибизди жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу кабарлап турабыз, биз аймактарга чыгып түздөн-түз эл менен жолугушууларды өткөрөбүз, бийликтинби же башкабы, президенттикке талапкерлер менен да жолугабыз, алардын да көз карашын угабыз. Шайлоого келген эл аралык байкоочулар менен иш жүргүзөбүз, БШКнын ишине саясий жана моралдык баа берип турмакчыбыз. Мына ушуга окшогон иштер менен коомчулукка, бийликке таасир көрсөтө алабызбы деген оюбуз бар.

“Азаттык”: Жусупжан мырза, жакында белгилүү төрт саясатчы бир партияга биригип, президенттикке бир талапкер чыгаруу максаты менен баш кошуп жатабыз деп билдиришти эле. Кыргызда “туулбай жатып туна чөктү” демекчи, бул биригүү болбой калганы белгилүү болду, анын негизги себебин эмнеден көрөсүз?

Жусупжан Жээнбеков: Ал биригүүнүн болбой калышынын себебин ошол саясатчылардын өздөрүнөн көрүп жатам. Мен алардын биригүүсүнөн бир майнап чыгабы деп үмүттөнгөм, бирок, баягы тырмоочтун башын кайра басышты, каң деп башына бир тийди. 1995-жылдардагы шайлоолордо талапкерлер бир тыйын бербей депутат болушкан, өз күчтөрү менен чоң саясатка келишкен. Азыр партиялык тизме, партиялык мафия, коррупция күчөп, бир адам акчалуу башка адамдарды жасалма саясатчы, депутат кылып жатпайбы. Ошол жаш саясатчылардын көпчүлүгү Кыргызстанда бардыгын сатып алса болот, сатып жиберсе болот деген ураан менен жашап калышты. БШК чектен чыгып баратат дейт, менимче, эбак чектен чыгып бүткөн.

“Азаттык”: Жусупжан мырза, саясатчылардын бириктирбей чачыратууга бийликтин канчалык орду бар, эгер чындыгы болсо алар кандай ыкмалар менен бириккендерди өз тарабына кошуп алып жатат?

Жусупжан Жээнбеков: Албетте, бийлик дагы өзүнүн ордун сактап калыш үчүн күрөшөт. Бийлик бирөөн сен министр болосуң дейт, бирөө “мага бул кызматты берсеңер” деп өзү барат, дагы башкасы акчасын көтөрүп алып кызмат сурап жүрөт, ушундай ыплас жолдор менен баратышат. Азыркы шайлоодо деле административдик ресурстар колдонулуп жатканы өкүндүрөт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG