Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:41

Абактарда ачкачылык акциясы токтоду


Турсунбек Акун Оштогу абак жайлардын биринде. 20-январь, 2012-жыл
Турсунбек Акун Оштогу абак жайлардын биринде. 20-январь, 2012-жыл

Акыйкатчы Турсунбек Акундун "Азаттыкка" билдиришинче, бийлик түрмөдөгүлөрдүн саясий талаптарын аткарган жок, бирок алардын жашоо шарттарын жакшыртуу жагы каралмай болду.

“Азаттык”: Абак жайларындагы ачкачылык качан, кандай шартта токтоду?

Турсунбек Акун: Көп күндүк сүйлөшүүлөрдөн кийин кечээ кечки саат он жарымда ачкачылыкты токтотуу боюнча чечим кабыл алынды.

“Азаттык”: Абактагылар буга чейин бир нече талаптарды коюп келишкен эле. Ал талаптар эмне болду?

Турсунбек Акун: Бийлик абактагылардын “Байзаков кетсин, өзгөчө камералар ачык болсун” деген саясий талаптарын аткарган жок. Эч бир камера ачылбайт, Шейшенбек Байзаков кызматтан кетпейт.

Мамлекеттин өкүлдөрү “башка саясий талаптарды койбош керек, тартип бардыгына бирдей болуш керек” деген чечимде калышты. Бирок абактагылардын шарттарын, тамак-ашын карап, төшөнчүлөрүн жакшыртып, туугандары менен жолугушууну жолго коюп, мөөнөтү келгендердин ишин эртерээк карап, аларга гумандуу мамиле кылуу жактары каралмай болду.

Маекти толугу менен бул жерден угуңуз:

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG