Линктер

жума, 24-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 19:38

Орус президенти жаңы жыл алдында Кыргызстанга мунай жана чийки мунай заттарын пошлинасы жок жөнөтүү жөнүндө эки өлкө ортосундагы келишимди бекитти.

Бул документ Кыргызстандын мунайга болгон муктаждыгын жоёбу же Орусияга көз карандылыкты күчөтөбү? Кыргызстан мунайга болгон маселелерин кантип туруктуу чечиши керек?

"Арай көз чарай" талкуусуна Кыргызстандын Нефтетрейдерлер бирикмесинин аткаруучу директору Улан Кулов, экономика илимдеринин доктору Жумакадыр Акенеев жана энергетика боюнча эксперт Жаныбек Оморов катышты.

“Азаттык”: Улан мырза, Орусиянын президенти Владимир Путин мунай жана чийки мунайды Кыргызстанга мурдагыга караганда арзан баада жөнөтүү жөнүндө эки өлкө ортосундагы келишимди бекитти. Бул документтин Кыргызстанга пайдалуу кайсы жоболорун бөлүп көрсөтсөк болот?

Улан Кулов: Бул келишим эки жылдан бери талкууланып, 2016-жылдын 6-июнунда эки өлкө ортосунда кол коюлган. Ушул убакытка чейин Орусия тараптан ратификация болушун күтүп жатканбыз. Президент Путин кол койгондон кийин күчүнө кирди десек болот. 2017-жылдан баштап Орусиядан мунайды жана чийки мунайды да пошлинасы жок алганга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

“Азаттык”: Жумакадыр мырза, келишимде "Кыргызстандын ички керектөөсүн камсыз кылуу үчүн" деп айтылыптыр. Биздин өлкөнүн бүгүнкү керектөөсү канча, баарын Орусия камсыз кыла алабы?

Жумакадыр Акенеев: Биз мунайга болгон муктаждыгыбызды Орусия менен 26 жылдан бери чечип келатабыз. Орусиядан башка бир дагы мамлекет пошлинасы жок мунай берген эмес. Эми башка мамлекеттерден аткезчилик жол менен Кыргызстанга кирсе кирип жаткандыр, бирок бизге Орусия дайыма берип келген. Айрым жылдары пошлинасы менен берген учурлар болгон.

Кыргызстандын мунайга болгон керектөөсү 1 миллион 200-300 миң тоннаны түзөт. Мунайды пайдалануу 5-10 пайызга чейин өсүп жатат, автоунаалар көбөйүүдө. Бул жолку келишимдин өзгөчөлүгү - документ Орусиянын Мамлекеттик Думасы аркылуу кабыл алынып, мыйзам катары президент кол коюп жатат. Мурда өз ара сүйлөшүп алып эле Нефтетрейдерлер бирикмеси аркылуу ташып келе беришчү. Келишимге ылайык Орусиядан биринчи жолу Кыргызстанга пошлинасы жок чийки мунай келгени турат. Кара-Балта жана Токмоктогу чийки мунайды иштетүүчү заводдордун мүмкүнчүлүгү да 1 миллион 500 миң тоннага чейин болууда.

“Азаттык”: Улан мырза, мунай арзан келет, пошлинасы жок келет деп жатабыз. Мурдагыга караганда канча сомго арзан болот?

Улан Кулов: Чийки мунайдын дүйнөлүк баасына байланыштуу Орусияда пошлинага болгон баа ар бир айда өзгөрүп турат. Атайын формуласы да бар. Декабрь айында 90 долларды түзсө, январда 80 доллар болот.

“Азаттык”: Демек, 2017-жылдын январь-февраль айларында мунай баалары төмөндөйт десек болобу?

Орусия өзүнө керектүү саясатты жүргүзүүдө. Кыргызстан өз кызыкчылыгын ойлош керек.
Жаныбек Оморов

Улан Кулов: Биз Орусиядан 2011-жылдан бери эле пошлинасы жок мунай алып жатабыз, бул чоң колдоо десек болот. 2015-жылы ушул жеңилдиктердин эсебинен республикабыз 80 миллион доллардай үнөмдөдү. Былтыр 35-40 миллион долларга жакын арзан мунай алдык. Ошондуктан даяр мунайдын баасында өзгөрүү болбойт, ал эми чийки мунайды алып келип иштеткенден баада өзгөрүү болушу мүмкүн.

“Азаттык”: Жаныбек мырза, келишимде Кыргызстанга келген мунай башка үчүнчү өлкөгө реэкспортко тыюу салынат деп жазылган. Ал талапты бузбай аткара алабызбы? Анткени мурда Тажикстанга, Ооганстанга чыгып кетип жаткан мыйзамсыз же коррупциялашкан учурлар көп катталбадыбы.

Жаныбек Оморов: Бизден башка өлкөлөргө мунайдын чыгып кетиши жалпы көлөмдүн аз эле бөлүгүн түзөт. Реэкспортко тыюу салуу Орусиянын тышкы рыногун коргогонго багытталган, алардын кызыкчылыгындагы койгон шарттары. Башка маселе, Орусиянын 2015-жылга чейинки ички саясатын карасак пошлина ансыз деле жоюлат. Рынок системасында мындай пошлина болбош керек. Орусиянын Финансы министрлиги бул маселени кайра кароодо.

“Азаттык”: Жумакадыр мырза, Кыргызстан мунайга болгон муктаждыгын эмне үчүн Орусия менен гана чечип жатат? Башка мунай өндүргөн, Орусияга караганда жакын Казакстан, Түркмөнстан же Азербайжан менен чече албайт?

Биз мунайга болгон муктаждыгыбызды Орусия менен 26 жылдан бери чечип келатабыз.
Жумакадыр Акенеев

Жумакадыр Акенеев: Орусия бардык тарабынан ыңгайлуу болууда. Ооба, Азербайжан, Иран, Түркмөнстандын өзүндө мунай арзан. Бирок, алар менен байланыш начар, логистика болбогондуктан мунайдын баасы кымбатка түшүп калууда. Муну биз үч жыл бою изилдегенбиз. Казак мамлекетинде болсо мунайды экспорттоого тыюу салынган. Евразия экономикалык биримдигинин мүчөсү болгондуктан ал чектөөлөр алынышы керек болчу. Ошого карабай Кыргызстанга келчү мунайдын 20 пайызы аткезчилик жол менен Казакстандан келүүдө.

“Азаттык”: Жаныбек мырза, бул келишимдин туруктуу иштеши күмөн туудуруп жаткан жайы бар. Анткени Орусия тарап бул убакка чейин макулдашылгандарды бир тараптуу токтотуп койгон учурлар болгон. Айталы, орус өкмөтү 2010-жылы 1-апрелден баштап пошлинаны 100 пайызга кымбаттаткан чечим чыгарып койгону эсиңизде болсо керек. Ошондой күтүлбөгөн кадамдарга Кыргызстан даярбы?

Жаныбек Оморов: Орусия өзүнө керектүү саясатты жүргүзүүдө. Кыргызстан өз кызыкчылыгын ойлош керек. Кыргызстан стратегиялык пландарды түзгөндө мунайга болгон көз карандуулукту кантип төмөндөтөбүз деп ойлонуш керек. Айталы, энергетикалык баланс деген болот, бизге бир миллион тоннадан ашык мунай керек, бир миллион тоннадан ашык көмүр керек, калганын гидроэнергетика менен жабабыз.

Адегенде энерго натыйжалуулукту жакшыртуу керек, жаңы технологияларды колдонууну пландоо зарыл. Биз унааларды көп колдонобуз, ага күйүүчү майлар көп кетет, аларды да натыйжалуу пайдалуу жөнүндө да ойлонушубуз керек.

Талкуунун толук варианты менен видеодон таанышыңыз:

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG