Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:30

Интернет жылдызына айланган кондуктор


Шохрух Илхомжон уулу.
Шохрух Илхомжон уулу.

Жүргүнчү менен англисче сүйлөшкөн кондуктор катары элге таанылган Шохрух Илхомжон уулу дүйнө кезүүгө камынып жүрөт.

Орусияда англис тилин билген кондуктор катары Интернетте жылдызы жанган кыргызстандык карапайым элеттик жигит эл аралык спорт мелдештеринде да ыктыярчы болуп жүрөт.

Жакында Италияга барып келди. Мындан ары башка мамлекеттерге саякаттап, китеп жазууга камынып жатат.

Орусиянын Красноярск облусунда кондуктор болуп иштеген кыргызстандык 22 жаштагы Шохрух Илхомжон уулунун жүргүнчү менен англис тилинде баарлашып жаткан видеосу 2019-жылдын февралында Интернетке чыккандан кийин телеканалдар ал жөнүндө баян жасап, башкаларга жакшы маанай тартуулаган жигит катары мүнөздөшкөн.

Айрым журналисттер Шохрухту соцтармактагы “Amir Ilham” деген каймана атынан улам аны Амир деп, кээ бирлери Шохун деген жаңы ысым да ыйгарып, казак жараны катары тааныштырып жиберген.

“Тарыхтагы Амир Темир деген белгилүү колбашчынын урматына Интернет желеге атымды “Амир” деп жазып койгом. Европадагы жана Орусиядагы башка улут өкүлдөрү үчүн өз атымды айтканга караганда, “Амир” дегени оңой. Документтеги аты-жөнүм - Шохрух Илхомжон уулу”, - деди Шохрух.

Ал Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Масы айылында туулуп, карапайым үй-бүлөдө өскөн. Кыштактагы №3 орто мектептин орус классын аяктаптыр. Орусиядагы миграттардын катарын толуктап, автобуста кондуктор болуп жүргөндө жүргүнчүлөрдүн бири аны менен англисче баарлашкан.

Ал Шохрухту тамашага салуу максатында сүйлөгөнүн, англис тилинде жооп берерин күтпөгөнүн айтып “Фейсбукка” пост жарыялаган. Андан кийинки жашоосундагы өзгөрүүлөр жөнүндө Шохрух минтип сүйлөп берди:

“Адамдардын мамилеси өзгөрдү. Борбор Азиядан келген мигранттарга бул жактагы жергиликтүү элдин мамилеси суз эле. Ошол көрүнүш бир аз жоюлгандай болду. Чет элдиктер Кыргызстандын жакшы жактары жөнүндө сүйлөгөндө менин да атым аталса деп ниет кылчумун. Кондуктор окуясы ошол кыялымды ишке ашыргандай болду. Ата-энем жөнүндө, менин жашоо-турмушум жөнүндө сурагандар көбөйдү”.

Шохрух спортко кызыгат. Красноярскиге да ал жактагы универсиадага кыргызстандык ыктыярчы катары барып иштеп калганын айтты:

“Быйыл апрелден тарта кондуктор болуп иштебей жатам. Себеби, кунг-фу менен машыгам. 27-28-апрелде Бишкекте Кыргызстандын ачык чемпионаты болду. Катышып, биринчи орунду алдым. Анан айылыма барып, ата-энемдин жанында болдум. Кайра Орусияга жөнөп, андан ары Италиянын Неаполь шаарына аттандым. Ал жерде жайкы универсиадада ыктыярчы болуп иштеп келдим”.

Шохрух достору менен.
Шохрух достору менен.

Шохрух универсиадаларда ыктыярчы болуп иштөөнүн тартибин Интернеттен таап эле, анкета толтуруп катышып жүргөнүн кошумчалады. Чыгымдарын Орусияда жумуш кылып, топтогон каражаты менен жабат. Азыр башка мамлекеттерге саякатка чыгуунун жолдорун издеп жатат:

“Бала кезде журналист болууну каалачумун. Бирок жогорку билим ала албадым. Азыр өзүмө өзүм журналистмин. Эл кезем, ар кайсы калктардын жашоо-шартын көрөм, сүйлөшөм. Алар менен баарлашып, ар биринен ар кандай сабак алам. Келечекте көргөн-билгендерим жөнүндө китеп жазам.

Кыргызстанды эч жерге алмаштырбайм. Чын айтсам, 2016-жылы Орусияга келгенде орус жарандыгын алууну көздөгөм. Эгер колумда орус паспорту болсо, башка мамлекеттерге визасыз барууга мүмкүнчүлүгүм көбүрөөк болот деп ойлогом. Атам буга каршы болуп “Анан өзүң туулуп-өскөн мамлекетке конок катары гана келип-кетүүнү каалайсыңбы?”, - деген сөзүнөн улам ал оюмдан кайткам. Кыргызстандын паспорту менен деле каалаган мамлекетке бара алам”.

Шохрух эне тили - өзбекчеден тышкары, кыргыз, орус, англис, казак, түрк тилдеринде эркин сүйлөйт. Баарын окуучу кезинде кошумча китептерден, курстардан үйрөнгөн. Бул үчүн атасы шарт түзүп, такай көзөмөлдөгөнүн кошумчалады. Азыр чечен тилин өздөштүрүп жатат:

“Аракет кылсаң берекет болот. Эгер кандайдыр бир кыялым болсо, мен ага жетишим керек. Себеби, мен аны каалап жатпаймынбы. Демек, аракет кылыш керек”.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG