Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Март, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:02

Укук коргоочу чек арадан өтө алган жок


​Орусиялык укук коргоочу Виталий Пономарев Кыргызстанга эки күндөн бери кире албай жатат. Ал кыргыз-казак чек ара тилкесинен өтүп келатканда чек арачылар артка кайтарып жиберишкен. Мунун себебин Чек ара кызматы атайын кызматтардан көрсөтмө келгени менен түшүндүрүүдө. Бирок окуянын анык себеби азырынча белгисиз.

"Мемориал" аналитикалык уюмунун Борбор Азия боюнча программасынын жетекчиси Виталий Пономарев 9-июлда саат 18:30 чамасында Казакстандан Кыргызстанга өтүп жатканда кыргызстандык чек арачылар аны өлкөгө киргизбей коюшкан. Бул тууралуу орусиялык укук коргоочу Пономарев "Азаттыкка" билдирген:

- Мен "Ак жол" чек ара бекетине Казакстандан келип, Кыргызстанга өтүү үчүн паспорт көзөмөлүнөн өтүп жатканда паспортумду чек арачылар алып кетип, бир нече убакыттан кийин менин өлкөгө кире албасй турганым тууралуу жазылган актты колума карматышты. Актта "Мамлекеттик чек ара жөнүндө" мыйзамдын 43-беренеси боюнча жана "Тышкы миграция жөнүндө" мыйзамдын 7-беренеси боюнча "Кыргызстанга кирүүгө болбойт" деген гана жазуу бар экен. Бул чечимди кайсы орган кабыл алганы, мөөнөтү жана башка эч кандай маалыматтар жок.

Виталий Пономаревдун айтуусунда, ал Москвадан Кыргызстанга 29-июнь күнү эч кандай тоскоолдуксуз учуп келип, 1-3-июль күндөрү экстремизм тууралуу жыйынга катышкан. Андан кийин жеке иштери менен 4-июлда Астанага учуп кеткен. Учакка отурарда да укук коргоочуну чек арачылар 50 мүнөт кармап, кайра кое беришкен. Укук коргоочунун Бишкекте буюмдары калган, 10-июлда "Манас" аэропортунан Москвага учмак.

Чек ара кызматынын өткөрмө пункттар башкармалыгынын башчысы Мирланбек Сарлыкбек уулу атайын кызматтардан Пономаревду киргизбөө боюнча тапшырма болгонун ачыктады:

- Эми чек арачылар жөндөн-жөн эле өткөрбөй кое албайт да. Тийиштүү органдардын көрсөтмөсү болгон күндө гана биз чек арадан киргизбей кое алабыз. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети, Ички иштер министрлиги жана башка ыкчам изилдөө иштерин жүргүзгөн компетенттүү органдар бар. Мына ошолор бизге тапшырма жөнөткөн, биз болгону ошол көрсөтмөнү аткарып жатабыз. “Эмне үчүн Пономаревго андай чектөө киргизилди?” деген суроого биз түшүндүрмө бере албайбыз. Аны биз Пономаревдун адвокатына гана билдире алабыз.

Кыргыз коому теолог адистерге муктаж

Кыргыз коому теолог адистерге муктаж

Кыргызстандын алгачкы теология факультети 1993-жылы Ош мамлекеттик университетинде ачылган.

Ал эми Улуттук коопсуздук боюнча комитети Пономаревдун Кыргызстанга киргизилбей жатышы боюнча комментарий берген жери жок. Бирок айрымдар бул чектөөлөрдү укук коргоочунун Ысык-Көлдөгү форумда сүйлөгөн сөздөрү менен байланыштырууда.

"Терроризм жана экстремизм менен күрөшүү” деп аталган жыйында Виталий Пономарев экстремизмге шектелгендерди териштирүүдө тиешелүү эмес адамдар эксперттик бүтүм чыгарып жатканын сынга алган.

Форумдун катышуучуларынын бири Айсалкын Карабаева Пономаревдун сөздөрүн эске салды:

- Пономарев айыптуулардын үстүнөн лингвистикалык, филологиялык жана теологиялык экспертиза жүргүзүлүшү керектигин, ошол үчөө биригип комиссия чечим чыгарганда гана бүтүм ишеничтүү болорун айтты. Бирок азыр Кыргызстанда же муфтият, же бир филологдун компетентсиз бүтүмү менен эле шектүүлөрдү камап жиберип жатканын сынга алды. Кошумча мечиттерде кээ бир адамдарды бейкүнөө эле экстремист деп, имамдар күч кызматтарына тапшырып жатканын, натыйжада көп адамдар себепсиз эле камалып жатканын да билдирген эле.

"Мурдагы бийликтин жолуна түштү"

Орусиялык укук коргоочу, "Мемориал" борборунун Борбор Азия боюнча программасынын жетекчиси Виталий Пономаревго Кыргызстанга кирүүгө мурунку президент Курманбек Бакиевдин бийлиги учурунда да тыюу салынган эле. Ал 2009-жылы бир жолу “Манас” аэропортунан, экинчи жолу Кайыңдыдагы темир жол бажы бекетинен артка кайтарылган. Ал Пономарев Ноокат, Өзгөн жана Кара-Сууда экстремизмге шектелип камалгандар тууралуу көз карандысыз эксперттик изилдөөсүн жарыялаган учурга туш келет. Бирок 2010-жылы бул чектөө кайра алынып салынганы кабарланган.

“Кылым шамы” укук коргоо уюмунун башчысы Азиза Абдирасулова бул кадамдарды мурдагы бийликтерден да ашып түшүү деп эсептейт:

- Ошол эле Бакиевдин бийлигинин тушунда бир нече укук коргоочулар Кыргызстанга киргизилбей калган учурда, азыркы бийликте отургандар ошондо оппозицияда болчу. Ошол кезде алар Бакиевди катуу сындашкан, бирок азыр өздөрү да кайра эле ошондой жолго түшүп алышты. Бир топ укук коргоочулардын Кыргызстанга кирүүсүнө тыюу салынды. Эң чоң чуу жаратканы - Human Rights Watch уюмунун Кыргызстандагы өкүлү Мира Ритман киргизилбей калды. Эми болсо Виталий Пономаревго чектөө киргизилиптир. Бул Freedom House уюму жарым-жартылай адам укугун сактабаган өлкөгө айланып баратат деген баасы мына далилденип жатат.

Пономарев айыптуулардын үстүнөн лингвистикалык, филологиялык жана теологиялык экспертиза жүргүзүлүшү керектигин айтты.
Айсалкын Карабаева

Орусиялык укук коргоочу Виталий Пономаревдун өлкөгө киргизилбегени тууралуу "Кылым шамы" бейөкмөт уюму Кыргызстандын акыйкатчысына кайрылган. Акыйкатчы институту кандай аракет көрөрү белгисиз.

Кыргызстандын бийликтери буга чейин да укук коргоочуларга тыюу салган фактылар болгон. Мисалы, 2009-жылы тажикстандык укук коргоочу Нигина Бахриева “Манас” аэропортунан мекенине кайтарылган.

Дагы бир укук коргоочу Бахром Хамроев Ошто жүргөн жеринен Москвага депортацияланган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматы орусиялык саясат таануучу Александр Князевдин Кыргызстанга кирүүсүнө 2013-жылы тыюу салган.

2014-жылы болсо өзбекстандык укук коргоочу, “Эзгулик” коомунун жетекчиси Васила Иноятова "Манас" аба майданынан чыгарылган эмес.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG