Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:39

Ысык-Көлгө "Искандер" эмнеге келди?


Орусиянын "Искандер-М" ракеталык комплекстери.
Орусиянын "Искандер-М" ракеталык комплекстери.

КМШ өлкөлөрүнүн “Антитеррор – 2018” деп аталган аскерий машыгууларынын негизги бөлүгү бүгүн Ысык-Көлдө башталганы турат. Аны утурлай бир катар орусиялык маалымат агенттиктер менен гезиттердин жазганына караганда, Орусия бул машыгуулар үчүн Урал аймагынан “Искандер-М” ракеталык комплекстерин Ысык-Көл облусуна алып келди. Кыргызстандын күч түзүмдөрү, атап айтканда армиянын Башкы штабы менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет бул маалыматты ырастаган да, төгүндөгөн да жок.

“Азаттык” радиосунун суроорлоруна орусиялык аскерий жана саясий талдоочу Юрий Фёдеров жооп берди.

“Азаттык”: Адегенде “Искандер-М” ракеталык комплексинин техникалык мүнөздөмөсүн учкай айта кетесизби? Эсибизде, бир ирет азыркы премьер-министр Дмитрий Медведев президент кезинде ал ракеталар менен Батышты коркутту эле...

Фёдеров: “Искандер-М” - бул ракетасынын учуу узактыгы 500 чакырымга чейин жеткен комплекс. Орусиянын кубаттуу жана заманбап куралынын бири. Аны эки вариантта: кадимки дагы, өзөктүк дагы дүрмөтү бар ракета менен колдонууга болот.

Орусия адатта бул комплекстерин Батыш аскерий округунда, анын ичинде Калининградда да жайгаштырган. Ракеталык комплекс жайгашкан экинчи аймак - Чыгыш аскерий округу. Батыш аскерий округу НАТОго сес көрсөтүү үчүн турса, Чыгыш аскерий округунда - Кытай менен ыктымал жаңжалды эске алуу үчүн коюлган. Орусиянын чыгышында бул ракеталар үчүн башка бута жок.

“Азаттык”: Москва “Искандер-М” ракеталык комплексин өлкө аймагынан тыш жакта биринчи ирет былтыр Тажикстандагы машыгууда сынаган эле. Анда Борбордук аскерий округдун командачылыгы тажик-ооган чегинен 15 чакырым алыстыкта террорчулардын базасы делген лагерге сокку урулганын билдирген. Орусия үчүн бул оперативдик-тактикалык комплексти Борбор Азия өлкөлөрүнө, анын ичинде Кыргызстанга алып келип сыноонун түпкү максаты эмнеде жатат?

"Искандерлер" эмне үчүн келди?
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:59 0:00
Түз линк

Фёдеров: Бул ракеталар кайсыл бир машыгууда колдонулуп, тааныш эмес жаңы абалда, жаңы аймакта эмне максатта сыноого алынып келди деген суроого менде жооп жок.

Анткени, аскерий көз караштан караганда бул маңызы жок иш да. Өтө кубаттуу жана олуттуу курал болгон "Искандерди" тоо арасында же талаада жашырынып, желип-жортуп жүргөн террорчу, козголоңчулардын тобуна каршы колдонуу аскерий өңүттөн алганда маанисиз чечим.

Себеби, аз сандагы топ менен улам жер которуп жүргөн террорчуларга "Искандер" ракеталарын так багытоо абдан татаал иш. Ооба ракета террорчулардын тобуна тийсе, аларды жапырт жок кылат деңизчи. Бирок мунун куну кымбатка түшөт.

Анткени булар абдан кымбат ракета, анчалык көп эмес санда, жылына 15-20, балким 30 даана эле чыгарылат. Менин болжолумда Кыргызстандын аймагында "Искандер- М" ракеталык системасынын пайда болушу кайсыл бир террорчулардын же фундаменталисттердин ыктымал тобуна эмес, Кытайга каршы багытталган белгидей.

"Искандер-М" ракетасы Орусиянын аймагындагы машыгууда атылган учур. 18-сентябрь, 2017-жыл.
"Искандер-М" ракетасы Орусиянын аймагындагы машыгууда атылган учур. 18-сентябрь, 2017-жыл.

“Азаттык”: Аларды ары-бери ташуу деле машакаттуу иш болсо керек?

Фёдеров: “Искандер-М” комплексинин эки ракета орнотулган жабдуусу чоң жүк ташуучу автоунаада өзүнчө турат. Прицеп катары чиркелген командалык блогу бар, ракетаны мээлеп, багыттоочу системасы өзүнчө кабинада.

Ракеталык комплекстин бирин алыс аралыкка жылдыруу үчүн ИЛ-76 өңдүү ири транспорттук учак керек, темир жол аркылуу болсо эки-үч вагон талап кылынат.

Айтор бул жөнөкөй жумуш эмес. Менимче, муну менен орусиялык аскер кызматчылар мындай ракеталык комплексти бир өлкөдөн экинчи өлкөгө канчалык ыкчам таштаса болорун, аны тейлеген топ канча убакытта күжүрмөн даярдыкка келтире аларын түшүнүүгө аракеттенип жатышкандай. Башкача айтканда, маселе - кайсыл бир бутага тийүүдө эмес, мобилдүүлүктө.

“Азаттык”: Машыгуулар учурунда чыныгы дүрмөт колдонулбайт да, “Искандер-М” ракеталык комплекси кубаттуу деп жатпайсызбы, андан бир нерсе атылса, айлана-чөйрөгө зыяны тийбейби?

Фёдеров: Эреже боюнча машыгууларда согуштук дүрмөт колдонулбайт. Бирок аскер адамдары ракетанын дүрмөтү бутага жакын тийген болсо согуш шартында ал жок кылынды деп саналат. Анткен менен машыгууларда кээ бир учурларда чыныгы дүрмөттөр колдонуларын да жокко чыгарууга болбойт.

Конкреттүү “Искандер-М” комплексин алганда, албетте, машыгууларда анын ракеталарынын чыныгы дүрмөтүн колдонуу өтө опурталдуу. Ал эми экологияга кесепети кандай дүрмөт колдонулганына көз каранды. Металлдан жасалган имитаторлору пайдаланылса зыяны деле жок.

"Искандер" ракетасынын көрүнүшү.
"Искандер" ракетасынын көрүнүшү.

“Азаттык”: “Искандер-М” ракеталык комплекстерин Орусия чет өлкөлөргө сатабы же жокпу, өнөктөш мамлекеттерге аскерий-техникалык жардам катары берген учурлар болгонбу?

Фёдоров: Орусия бул комплекстерди сатып деле жатат, бирок экспорттук гана түрүн. Алардагы ракеталардын учуу аралыгы 300 чакырымга жетпейт. Башкача айтканда, коркунучу жана эффективдүүлүгү азыраак түрүн сатууда.

Ал эми кайсыл бир өнөктөш өлкөгө бекер берилген учур боло элек. Себеби, Орусиянын өзүндө деле анчалык көп эмес да. Жаңылбасам, орус армиясында мындай ракеталар менен жабдылган 48 бригада бар. Аларга экиден ракеталуу үч-төрттөн жабдуу берилген. Ошондо ракеталык комплекстердин жалпы саны эң көп дегенде эки жүздүн тегерегинде. Балким кампаларда да бир нече даана бар. Кымбатка тургандыктан аны жөн эле кармата беришпейт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG