Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:25

Москва: эгиз балалуу эне түнөк издейт


Мавлюда Шакирова
Мавлюда Шакирова

Москвада кыргызстандык келиндин эки кызын асырап алган Мавлюда Шакирова учурда баш калкалоого турак жай издеп жатат.

Жалалабаддык Мавлюда Шакирова 1990-жылы Оштогу коогалаңдан кийин Орусияга көчүп кеткен. Жашы 60тан ашып калган аял Кыргызстанда мугалим болуп иштегенин айтып берди. Алгач Орусияга убактылуу баш калкалоого жай издеп келип, кийин 2008-жылы орус жарандыгын алган. Төрт жылдан бери Москвада муниципалдык тазалык кызматында иштейт.

Кош бойлуу кыргызстандык мигрант келинди Мавлюда былтыр батирлердин биринде жолуктурган. Өзү пенсиядагы майып болгонуна карабай төрөгөн энеси баш тарткан балдарды асырап алган. Үч эмдин эркеги төрөттөн кийин эле чарчап калган экен. Ал эми эки эгиз кызды Мавлюда өзүнө каттатып алган.

«Кыргызстанга барып, бала асыроо боюнча күбөлүктү Жалал-Абаддан алганбыз. Алты айдан кийин Москвага кайтып келип, кыздарыма туулганы тууралуу күбөлүк алдык. Кыздардын энеси азыр кайда жүргөнүн, эмне болгонун билбейм. Ошондон бери балдарды өзүм карайм. Эртели-кеч Теплый стан районунун тазалык тармагында иштейм».

​Кыздары Захро менен Осиё быйыл июлда бир жашка чыгат. Захро – тубаса майып.

«Мен Орусиянын жаранымын, аны өзүмө каттатып, Москвада бекер операция жасатып, өмүрүн сактап калдым. Башында мандеми бар эле. Эркек баласына деле убагында операция жасалганда тирүү калмак».

Мавлюданын өзүнүн эки кызы бар. Алар үй-бүлөлүү, Москвада турушат. Энесине каралашып турушат. Эгиздерине 12 миң рубль жөлөкпулду быйыл апрелден тартып ала баштаган. Тазалык ишканасында тапкан маянасы менен пенсиясы балдарга тамак-аш, дары алуудан ашпайт.

Мавлюда мурда райондук муниципалитеттин жумушчуларга берген жатаканасында жашаган. Эми балдары менен ал жайга киргизбей, күнүгө бир жерде түнөк издеп жашап жүргөнүн айтты:

«Мен майыпмын, ардагермин. Жатаканадан балдарым менен чыгарып жибергенде, мен иштеген Теплый стан районунда муниципалитеттин бир нече социалдык батирлери бар болчу, ошонун бирине кирип алгам. Эми ал жактан да кубалап, күнүгө келип, кулпусун алмаштырышып, кийимдеримди таштандыга ыргытып жатышат. Мен азыр эки жетим бала менен көчөдө калдым».

Шакирова Москванын мэриясына, калкты социалдык камсыздоо департаментине бир нече жолу арыз менен кайрылып, жашоого турак жай сураган. Бирок жарым жылдан бери ары-бери түрткүнчүк болуп, эч жактан алгылыктуу жооп ала албай жүрөт.

Колунда эгиздерине берилген өкмөттүк энелик капиталы да бар. Орусияда көп балалуу жана аз камсыз үй-бүлө катары социалдык батир алыш үчүн каттоосу боюнча кезекке турушу керек. Мындай кезекте батирди бир нече жылдап күтүп келгендер толтура.

«Кыздарым 3-4 жашка чыкканча бир жерде жашап туралы деп эле суранып келем. Балдарымды торолтуп алайын. Анан аларды жетелеп алып, жашообузду улантып кетет элек», - дейт ал.

«Азаттыктын» өзбек кызматынын журналисти Москвадагы Теплый стан райондук муниципалитетине байланышканында, райондук башкармалыктын кызматкери расмий документсиз Мавлюда Шакированы балдары менен өкмөттүк турак жайда жашатууга же жатаканада үй-бүлөлүк бөлмөгө уруксат бере албай турганын билдирген.

Эгиз кызын сүйрөп, түйүнчүктөрүн көтөрүп алган эне Москвада баш калкалоочу жай издеп келет.

Москвадагы кыргыз элчилигинин маалыматы боюнча, 24-майда Орусияда төрөлүп, ата-энелери баш тарткан алты наристе Кыргызстанга жөнөтүлгөн. Кыргыз өкмөтү Орусиядан 2011-жылдан бери ушундай 85 баланы алып кеткен. Жалпысынан миграцияда ташталган наристелер тууралуу статистикалык так маалымат жок.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG