Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:55

Аргымбаев: "Элдик парламентке" адилет чечим чыккан жок


Сапар Аргымбаев
Сапар Аргымбаев

Бишкек шаардык соту бүгүн “бийликти күч менен басып алууга аракеттенген” деп айыпталган “Элдик парламент” кыймылынын төрт мүчөсү - Эрнест Карыбеков, Кубанычбек Кадыров, Бектур Асанов жана Дастан Сарыгуловдун арызын кароону белгисиз мөөнөткө жылдырды.

Кечээ аталган уюмдун беш мүчөсүнүн доо арызы каралып, райондук соттун чечими өзгөртүлгөн жок. Камактагы оппозициячылардын соту тууралуу “Саясий туткундарды коргоо” комитетинин төрагасы Сапар Аргымбаев “Азаттык” радиосунун суроолоруна жооп берди.

"Азаттык": 13-ноябрда Бишкек шаардык соту "Элдик парламент" оппозициялык кыймылынын өкүлдөрү - Бекболот Талгарбеков, Төрөбай Колубаев, Марат Султанов, Александар Гусев жана Тойгонбек Калматов боюнча доо арызды териштирип, райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Соттук коллегиянын кечээги чечими менен Калматов жана Гусев гана жазасын өтүп бүттү деген негизде сот залынан бошотулду. Соттун чечими адилеттүү болдубу?

Сапар Аргымбаев: Сот мыйзам бузуу менен коштолду. Мыйзамды тебелегенине караганда бул бийликтен адилеттүүлүктү, акыйкат чечимди күтпөй эле койсо болот экен деген ойго келдик. Бийлик камырабай, ушунчалык акыйкатсыздык болуп кетти. Сот системасы чабалдыгын, адилеттүүлүк жок экенин сот чечимдери ырастады. Түңүлгөндөй эле болуп баратабыз.

"Азаттык": Шаардык соттон кандай чечим күтүлдү эле?

Сапар Аргымбаев: Камактагыларды чыгарат деген үмүт болгон. Өздөрүнүн туура эмес кадамдарын жабууга аракеттенип, жазаларды жеңилдетет деп ойлогонбуз. Тилекке каршы андай болбой калды.

"Азаттык": "Саясий туткундарды коргоо комитетинин" камактагы оппозициячыларды коргоо боюнча аракеттери кандай болот?

Сапар Аргымбаев: Коомдук комиссия курап, сот чечимдерине укуктук баа берүү максатында материалдарды чогултуп жатабыз. Жакында жалпыга маалымдоо каражаттарына да беребиз. Азыр материалдар менен иштеп атабыз.

"Азаттык": Айыпталгандардын адвокаттары, жакындары шаардык соттун чечимине кандай баа берип жатышат?

Сапар Аргымбаев: Кыргызстанда акыйкат сот жок болгондон кийин эл аралык коомчулукка кайрылат го. Эми булар Жогорку Сотко даттанышат. Анткени эл аралык сотторго кайрылуу үчүн Жогорку Соттун чечими керек.

"Азаттык": "Элдик парламент" кыймылынын мүчөлөрүнүн соттору башынан аягына чейин жабык өттү. Мунун себебин эмнеден көрөсүз?

Сапар Аргымбаев: 13-ноябрдагы соттук териштирүүдө видеого тартууга тыюу салынып, операторлорду чыгарып салышты. Жабык соттун чечими окулуп атат деген жүйө келтиришти. Журналисттер камактагылар боюнча сот жараянынын жүрүшүн жарыялап, элге жеткириши үчүн тасмалар тартылып, аудиолор жазылышы керек эле да. Жабык сотко аларды камоого далилдин жоктугу себеп. Далилдин жоктугун эл билип калбашы үчүн сотту жабык кылып, өздөрү каалагандай чечим чыгарып коюшту.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG