Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:55

Экс-президент Жээнбеков сыйургаалдарга татыктуубу?


Сооронбай Жээнбеков президент кезинде. Архивдик сүрөт.
Сооронбай Жээнбеков президент кезинде. Архивдик сүрөт.

Кыргызстандагы таанымал журналист айым Аскер Сакыбаева өз блогунда мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун бийликтеги ишинин жыйынтыгына калыс баа берүү жаатында эркин талкуу кылууга жем таштайт.

Сооронбай Жээнбековдун өз эрки менен президенттик кызматын өткөрүп берип кеткенине бир жума толуп, толо элек. Ал экс-президент макамын сактап калганы, ага тиешелүү бардык сыйургаалдар өмүрү өткүчө коштоп жүрөөрү коомчулукта ар кандай пикирлерди жаратууда.

Эгер экс-президентке мындай сыйургаалдар эмне үчүн берилээрин талдай келсек, Президент болуп иштеген инсан өз мөөнөтүндө мамлекеттин өнүгүшүнө салым кошуп, өлкөнүн жалпы калкы сезе турган жаратман иштердин баштоочусу болуп, коомчулуктун кадырлап барктоосуна ээ болуу менен кызматтан кеткен соң, тигиндей сыйургаалдар берилсе, бардык тараптар алардын берилишин туура көрмөк. А бизде абал ошондойбу?

Нааразылык жыйынына катышкандардын ураандарынын арасында "С.Жээнбековго - импичмент!", "Люстрация!" деген талаптар да болду. "Ала-Тоо" анты. 2020-жылдын 7-октябры.
Нааразылык жыйынына катышкандардын ураандарынын арасында "С.Жээнбековго - импичмент!", "Люстрация!" деген талаптар да болду. "Ала-Тоо" анты. 2020-жылдын 7-октябры.

С. Жээнбеков президенттиктен кетээри белгилүү болгондон кийин, анын тарапташтары, айрым адамдар ага боор ооруп, “элдин канын төккөн жок, бул жагынан мыктылык кылды”, “жыгылган адамды тепкилебейли”, “ыймандуу, намаз окуган мыкты адам”, “артында ичти – жеди деген жаманаттысы калбады” деген сыяктуу жоошутуу, актоо, адам катары аёо сезимдери камтылган пикирлер социалдык тармактарда жайнап жатып калды.

Менин көз карашымда мамлекеттин башында турган адам мамлекетти туңгуюкка кептеп коюп кызматтан аргасыз кеткенде ушундай сыпаттамалар менен эле кала бериши - кийинкилерге да сабак болбой турган кечиримсиз иш. Дегеле Сооронбай Жээнбековдун намаз окуган ыймандуу, уурдабаган жакшы адам экендигин сөз кылуудан мурда бул инсан эл тарабынан шайланган Президент катары кандай иштегендигин өзүнчө талдап берүү зарыл. Биз айтпасак деле тарых кийин баары бир өз баасын берет.

С. Жээнбеков президенттик кызматтагы совет доорунун акыркы адамы болот, андан кийин эгемендик доордун даамын көбүрөөк татып калган адам ушул кызматка келсе керек деген ой болгон. Бир жакшы жери, бул ой алты жылдан кийин эмес, үч жыл аралыгында эле ишке ашчудай болуп турат. Үч жыл мурда Алмазбек Атамбаев “үч пайыздык рейтинги” бар адамды кулагынан чоюп отуруп “жалпы эл шайлады” деген пайызга жеткиргени ачык эле айтылып келген.

Кыргыз мындайда да “Кудай чекесинен сылабаса, кантип эл башына келмек эле?” деп өзүн жооткотот. Кудайдан мурда аны мурдагы өлкө башчысынын “баары бир өзүм бийлейм” деген арам ою, борбордон аймактарга чейин иштеген административдик ресурс “чекесинен сылаганы” менен ага боору ооругандар эсептешкиси келбейт. А коомдун билимдүү, ойлонгон катмары баарын көрүп, билип сонун эле түшүнүп турган.

Сооронбай Жээнбековдун лидерлик касиеттен куружалак, бардык тараптан чектелүү адам экендигин, советтик колхоз башкармасындай жүрүм-туруму эч өзгөрбөй кала бергендигин үч жыл бою бардыгыбыз карап отурдук.

ЖМКлар иликтеп, далилдеп берген коррупциялык фактыларды көрмөксөнгө салып, жарандык коом өкүлдөрү талап кылышса, “факты бергиле?” деп отурган алсыздыгын, ушундан улам анын кайсы кланга көз каранды экендигин ким жокко чыгарат? Анан дагы мурдагы президенттердин Ак үйдөн качып кетүүлөрүнөн таптакыр сабак албагандыгын алардын жолоюна салып, Ак үйдү таштап баса бергендигинен даана көрдүк.

Болбосо 5-октябрда эле түштөн кийин абалды жайгарып коюуга С.Жээнбековдун убакыты да, мүмкүнчүлүгү да бар эле. Шайлоо жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын миңдеген күйөрмандары борбордук аянтта толкуп турушканда, Сооронбай Жээнбеков чет өлкөлөрдөн келген байкоочуларды кабыл алып, "шайлоо мыйзамдуу өттү" деп аларды жайгарып жаткан.

Эми эң башкысы, 4-октябрда болгон парламенттик шайлоодо Кыргызстандын президентинин көз көрүнөө өз деген партияларга тартуусу, алардын мыйзам бузууларын коомчулук, шайлоого катышкан партиялар какшап айтып жатса да, көңүл бурбагандыгы, өз убагында чара көрүүгө аракет жасабагандыгы болду.

Натыйжада шайлоо жыйынтыгынан коомчулук эмнени көрдү?

Коомчулук болсо агасы - Президент, инисинин партиясы - парламентте көпчүлүк орунду ээлеп калганын, алардын өнөктөшү Матраимовдордун кланы андан кийинки орунду, алардын жетим жүгүрүгү болгон үчүнчү партия калган орунду бөлүп алышып, анан дагы бир партияга сөөк ыргыткансып аз орун ыраа көрүшкөн мамилени көрдү.

Мындай тебелеп-тепсеген мамилеге нес болуп турган коомчулуктун үнүн шайлоодон утулган партиялар жана жарандык коомдун өкүлдөрү ач айкырык менен борбордук аянтка тез эле жеткиришти.

Эки жерде эки төрт дегендей болсо да сурайлы, ушундай абалга жеткирбей койсо болот беле? Сооронбай Жээнбеков айрымдар актап жаткандай элдин канын төккүсү келбегендиктен эмес, дал ушундай көз көрүнөө мыйзам бузуу менен адилетсиз өткөн шайлоонун натыйжасында кеткендигин эстен чыгарбашыбыз керек.

Сооронбай Жээнбеков, Канатбек Исаев жана Садыр Жапаров. 14.10.2020.
Сооронбай Жээнбеков, Канатбек Исаев жана Садыр Жапаров. 14.10.2020.

Демек, мындайда анын аткарган же аткарбай койгон ишин катардагы адамдын ишиндей эмес, өлкө башчысынын жасаган иши катары карап, президенттин ишмердиги жана туруму өзүнүн калыс баасын алышы зарыл. Ушундан улам, ал "экс-президент катары сыйургаалдарга толук татыктуубу?" деген суроо жаралат.

"Атамбаев бийликти өткөрүп берди, аны Жээнбеков улантат деп ишенебиз"
please wait

No media source currently available

0:00 0:17:43 0:00

Сооронбай Жээнбеков президент болуп турган үч жыл ичинде Алмазбек Атамбаев менен араздашканынан башка көзгө көрүнөөрлүк ишин эстөө кыйын. И-и баса, эки жыл катары менен ал Кыргызстанды санариптештирүү жана аймактарды өнүктүрүү жылын жарыялаган. Канча аймак, айыл санариптешкенин, дегеле, ушул иштен кандай жыйынтык чыкканын ким билет? Калдыраган урааны бар, жыйынтыгы жок мындай иштер көп.

Кыргызстандын көз каранды эмес мамлекет катары дээрлик отуз жылдык жашоосунда интеллектуал болсо да үй-бүлөсүнүн курмандыгы болгон Аскар Акаевди, чарбачыл делгени менен колу кандуу, үй-бүлөсүнүн дагы бир курмандыгы болгон Курманбек Бакиевди, убактылуу Роза Отунбаеваны, оозуна ээ боло албай оюна келгенди жасап, мамлекетти шопурга башкарткан Алмазбек Атамбаевди, ошондой эле, Атамбаевдин аркасы менен келип, үч жылдан соң туугандары менен жек-жаатынын курмандыгы болгон Сооронбай Жээнбековду көрдүк.

Мурункусунан кийинкиси улам начар президент чыгып, улам эле жакындарынын курмандыгы болуп жаткандыгынын себеби эмнеде? Же кыргыздын маңдайына чыныгы лидер, чындап эле үчүн күйгөн президент жазылган эмеспи?

С.Жээнбеков менен С.Жапаров. "Ала-Арча" ордо конушу, Бишкек. 2020-жылдын 16-октябры.
С.Жээнбеков менен С.Жапаров. "Ала-Арча" ордо конушу, Бишкек. 2020-жылдын 16-октябры.

Эми Садыр Жапаровдун феноменине азыр баа берүү эртедей. Ошентсе да, анын азыркы кадамдарынан өлкөдө чоң өзгөрүүлөр болот деп үмүт кылууга негиз жок. Чоң кызматтарга барып жатышкан адамдарды прогрессивдүү көз караштагы, чындап мамлекеттин азыркы абалына күйүп, жан-дили менен иштейли деп бара жатышат дегенден караманча алыспыз.

Төңкөрүштү жаштар жасашты, анын майнабын кимдер көрүп жатышкандыгы көз алдыбызда өтүүдө. Садыр Жапаровго эртең менен ким биринчи кирсе эле кызмат алып жаткандай таасир калтырууда. Эми анын колундагы эбегейсиз бийлик Кыргызстан үчүн кызмат кылабы, мамлекет белчеден батып турган саздан суурулуп чыгууга аракеттер жасалабы, отуз жылдап күткөн элдин үмүт – тилеги орундалабы? Же элибиз дагы бир жолу катуу алданабы? Бийликтин акыркы аракеттеринен бул суроолорго жооп таба албадык...

Аскер Сакыбаева. 2011-жылдын 7-ноябры.
Аскер Сакыбаева. 2011-жылдын 7-ноябры.

Деги элибиз батышчыл, чыгышчыл, динчил, орусиячыл деп жана башкаларга бөлүнбөй, качан өз жолубузду таап, Кыргызстан деген өнүккөн мамлекетке айланабыз?! Же ар беш, он жыл сайын төңкөрүш менен бийлик алмашкан өнөкөт оорулуу өлкө сыпатында кала беребизби? Биздин муундун тагдырына төңкөрүштөн башка эч нерсе жазылган эмеспи?

Аскер Сакыбаева,

публицист, журналист.

(Автордун пикири «Азаттыктын» көз карашын билдирбейт).

XS
SM
MD
LG