Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июнь, 2023-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:36

Мөрөй алгандар көп, бирок сапаты кандай?


Велоспортчу Евгений Ваккер

Азиянын үч жолку чемпиону Ваккер Италиядан байге алып, Иранга жөнөп кетти. Казакстандагы мелдештерден кыргызстандык спортчулар мөрөй алышты.

Евгений Ваккер - Лондон олимпиадасын көздөйт

Германияда жашап, бирок Кыргызстандын туусун көтөргөн велоспорттон Азиянын үч жолку чемпиону, Азия оюндарынын беш жолку жеңүүчүсү Евгений Ваккер Италиянын Феррара шаарында өткөн жарышта биринчи келди. Ал 42 км. аралыкты велосипед менен 54 мүнөт 31 секунда өтүп, баш байгенин ээси болду. Мөрөй талашууга Европа, Азиядан тандалган 24 спортчу катышты. Евгений Ваккер Италиядан Иран өлкөсүнө аттанып кетти. Ал бул өлкөдө 14 –майдан 21-майга чейин эл аралык турнирге катышат. Ваккер бардык күч-кубатын жумшап, 2012-жылы Лондондо өтө турган олимпиадага жолдомо алуу аракетин көрүп жатат.

Олимпиада чемпионунун байгесин уткан жети балбан

Алматыда Москва олимпиадасынын чемпиону Жакшылык Үчкемпировдун байгесине арналган грек-рим күрөшүнөн турнир жыйынтыкталды. Мында кыргызстандык эки балбан биринчи орундун ээлеп, жеңүүчүлөргө баалуу сыйлыктарды олимпиада чемпиону Үчкемпиров өзү тапшырды. Жети балбандын ийгиликтери тууралуу өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Мейрамбек Ахмедов “Азаттыкка” айтып берди^

- Былтыр Сингапурда жаштар олимпиадасында чемпион болгон Урматбек Аматов менен Элдияр Бегалиев биринчи орунду ээлеп, ар бири миң долларлык байге алды. Дагы беш жигитибиз үчүнчү орунду камсыз кылып, 500 долларлык сыйлыктарга арзыды. Мелдешти эл аралык жогорку деңгээлде уюштурушту. Жети балбан алып барсак, баары тең байгелүү болуп, сүйүнүп кайтты.

Бокстан уткандар

Казакстандын Чымкент шаарында бокстан эл аралык турнирде кыргызстандык 6 жигит мөрөй алды. Алардан Алмамбет Алибеков менен Султан Жанышев алтын медаль тагынса, Бек Камчыбеков менен Атай Сопуев күмүш байгелүү болушту. Бектур Азизбеков менен Урмат Жээнкулов үчүнчү орундарды камсыз кылышты.

Казакстандын 33 медалы

Каратэ-до чыгыш өнөрүнөн Казакстандын ачык биринчилигинде кыргызстандыктар 33 медалдын ээси болушту. Чымкентте өткөн мелдеште Борбор Азиядан төрт жүздөн ашуун спортчу мөрөй талашты. Кыргызстандан барган 53 спортчудан төртөө алтын, ону күмүш жана он тогузу коло байгелүү болду. Артем Пак, Адилет Шадыканов, Александр Кузнецов жана Мунара Садыкова бириничи орунду камсыз кылышты.

Дзю-дочулар нааразы болушту

Казакстан коңшу өлкө болгону кыргызстандык спортчуларга ыңгайлуу болууда. Дзю-до боюнча эл аралык мелдеште кыргызстандык 7 жаш жигиттен Эдил Беккулов менен Болот Токтогонов үчүнчү орунга илинди. Бул тууралуу Бишкек шаарынын дзю-до федерациясынын жетекчиси Эмил Рыскулов айтып, мелдеште калыстык болбой калганын “Азаттыкка” билдирди:

- Мелдешке 23 жашка чейинки жаштар катышты. Бизден орто салмакта бишкектик Эдил Беккулов үчүнчү орунду ээледи. Ал финалга чыгып, баш байгеге талапкер болмок, бирок калыстар аны басынтып, таза жеңсе дагы упайларын бербей коюшту. Ал эми былтыр Сингапурда өткөн жаштар олимпиадасында коло медаль жеңген Болот Токтогонов бул ирет дагы үчүнчү болду. Жаштар бар, аларды такшалдыруу максатында ушундай мелдештерге көп жиберүү зарыл.

Жашында сыналгандар

Венгриянын борбору Будапештте спорттун азыркы беш түрү боюнча дүйнө Кубогунун таймашуулары жыйынтыкталды. Мында өлкө намысын 4 спортчу коргоп, бирок ийгилик жарата алышпады. Бир туугандар Ильяс жана Данияр Бакытбековдор, Никита Кузнецов менен Марат Кожомбердиев мындай ири мелдешке алгач ирет катышкандыктан жаштык кылып коюшту.

Үстөл үстүндөгү дүйнөлүк таймаш

Учурда Нидерландия өлкөсүнүн Роттердаме шаарында үстөл тенниси боюнча дүйнө чемпионаты өтүүдө. Мында Кыргызстандын намысын Бектемир Исмаилов коргоп жатат. Жеңүүчүлөрү 15-майда аныкталып, мөрөй алып, арбын упай топтогон 28 спортчуга 2012-жылы Лондондо өтө турган олимпиадага жолдомолор ыйгарылат.

Кыргызстандык Станислав Холодков - дүйнө чемпиону

Украинанын Харьков шаарында спорт ардагерлер арасында жоокердик өнөрдөн дүйнө чемпионаты аяктады. Мында кыргызстандык Станислав Холодков спорттун көп түрүнөн биринчи орунду ээлеп, дүйнө чемпиону аталды. Дүйнөлүк таймашта 16 өлкөнүн беш жүздөн ашуун спорт ардагери күч сынашты.

Алишер Сакебаев - шахмат президенти

Өлкөнүн шахмат федерациясындагы талаш-тартышууга чекит коюлушу мүмкүн дешет адистер. Себеби жакында Кыргызстандын шахмат федерациясынын жалпы жыйынына жети облустан жүздөй делегат келип, уюмдун жетекчилигине Ысык-Ата районунун акими Алишер Сакебаевди шайлады. Мурдакы жетекчиликке каршы тарап уюштурган Кыргыз Республикасынын шахмат федерациясынын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр жүрүп, ынтымакка келип, биригүү маселелери каралууда.

Азиянын акыл таймашы

8 жаштан 18 жашка чейинки мыкты деген шахматчылар Филиппин өлкөсүнө Азия чемпионатына катышууга камынууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” Шахмат федерациясынын аткаруучу директору Бактыгүл Тиленбаева кабарлады:

- Жаш курагына жараша быйыл өлкө чемпионатында мөрөй алышкан Айпери Майрамбекова, Диана Омурбекова, Исаев Чыңгыз, Таалайбеков Тагир, Алымбай кызы Айжан, Жанбай уулу Жохар, Кубанаалы кызы Нурайым жана Акунов Максат Азия чемпионатында Кыргызстандын намысын коргомок болуп, Филиппин өлкөсүнө жөнөп жатышат.

14-22-майда өтө турган Азиянын шахмат чемпионатына Ысык-Көл, Ош, Чүй облустарынан, Бишкек шаарынан 8 өспүрүм катышат.

Тай боксчулар Түштүк Америкада

Кыргызстандык тай боксчулар Түштүк Американын ачык чемпионатына жөнөп кетишти. Аргентинанын борбору Буэнос-Айресте 14-майда баштала турган биринчиликке Кыргызстандан Антонина менен Валентина Шевченко катышат. Антонинанын атаандашы дүйнө кубогунун жеңүүчүсү Андрэа Саласар болмокчу. Тай бокстан дүйнөнүн көп жолку чемпиону Валентина Шевченко былтыр Түштүк Американын чемпиону аталган. Ошондуктан ал быйыл чемпиондук наамын сактап калуу үчүн аргентиналык Рут Акино менен рингде күч сынашат.
XS
SM
MD
LG