Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:16

Кыргызстан Азия чемпионатын өткөрүүгө талапкер


Грекиядагы дүйнөлүк атайын олимпиадада кыргызстандык Сабыржан Мухамедрахимов 1 алтын, 2 күмүш медаль утуп алды.

Учурда Грекиянын Афина шаарында акыл-эсинин өнүгүүсү тубаса солгун улан-кыздардын атайын олимпиадалык оюндары өтүүдө. Атайын олимпиадага 169 өлкөнүн өкүлдөрү катышууда.

Өлкөнүн атайын олимпиадалык комитеттин жетекчиси Канат Мамбеталиевдин маалымдаганына караганда, атайын мелдештерге 7 миңдей спортчу, 2 миңден ашуун машыктыруучу-тарбиячы катышууда.

- Мелдештер спорттун 24 түрү боюнча өтүүдө. Кыргызстандыктар спорттун 5 түрү боюнча гана мөрөй талашууга катышууда. Алар дзю-до, пауэрлифтинг, сууда сүзүү, көркөм гимнастика жана теннис боюнча Кыргызстандын намысын коргоп жатышат.

Чалкасынан жатып алып, оордук көтөрүүдө кыргызстандык Сабыржан Мухамедрахимов атайын олимпиаданын чемпиону аталып, алтын медаль тагынды. Сабыржан мындан сырткары дагы башка көнүгүүлөрдө 2 күмүш байгелүү болду. Кыргызстандык Максим Сахнов алтынчы орунга илинди.

Бул атайын олимпиадалык оюндар 40 жылдан бери ар бир 4 жылда өткөрүлүп келүүдө. Атайын олимпиадалык оюндардын негиздөөчүсү АКШнын мурдагы президенти Жон Кеннединин карындашы Юнес Кеннеди Шрайвер болгон. Кыргызстандын командасы мындан мурдагы 3 атайын олимпиадага катышкан.

Чолпон-Атадагы "Каприз" кубогу

1-июлда Чолпон-Атада теннис боюнча эл аралык турнир аяктады. “Каприз” кубогу аталган бул мелдешке АКШ, Орусия, Казакстан жана Кыргызстандан теннисчилер катышты.

Жыйынтыгында элүү жашка чейинкилерден кыргызстандык Анвар Юняев биринчи болду.

Элүүдөн өйдөкү курактагы теннисчилердин баш байгеси казакстандык Алибек Осмоновго ыйгарылды. Жуп болуп атаандашууда кыргызстандык Анвар Юняев менен Борис Абитханов биринчи орунду камсыз кылышты.

Эл аралык шахмат фестивалы

Чолпон-Атада шахматтан Эл аралык фестиваль аяктады. Акыл таймашына Казакстан менен Кыргызстандан 80 шахматчы катышты. Күчтүү шахматчылар “А” тобунда ойноп, өлкө чемпиону Андрей Мазницин биринчи орунду ээледи.

“В” тобундагылар командалык эсепте мелдештип, 15 командадан Бишкектин “Импульс” клубу жеңүүчү деп таанылды. Алматылыктар үчүнчү болушту. Жеке таймашууда казакстандык Алтай Акматов шахмат фестивалынын жеңүүчүсү болду. Кыргызстандык Эсенбек уулу Бакай менен Айдар Кененбаев да байгелүү орундарды камсыз кылышты.

Балбандар таймашууда

1-июлда Ысык-Көл районунун Темир айылында грек-рим күрөшүнөн эл аралык мелдеш башталды. СССРдин эл аралык спорт чеберлери, бир туугандар Кадыр жана Бакыт Дүйшөмбиевдерди эскерүү турнирине Казакстан, Тажикстан жана Кыргызстандан үч жүздөй балбан катышууда.

Астанадагы аргымактар сыноосу

30-июндан бери Астанада ат спорту боюнча Дүйнө кубогунун үчүнчү этабынын сыноосу өтүүдө. Мында Кыргызстандын намысын 5 спортчу коргоп жатат.

Биринчи этабы Ташкенте өтүп, кыргызстандык Мырза Токтобеков жеңишке жеткен. Ал эми Бишкекте өткөн Дүйнө кубогунун экинчи сыноосунда казакстандык Талят Исламов биринчи орунду ээлеген.

Алматыда Азия Кубогу

Учурда Алматыда бильярд боюнча Азия Кубогунун таймашуулары өтүүдө. Мында бильярддын “Эркин пирамида” түрүнөн 12 өлкөнүн жүзгө чукул спортчусу мөрөй талашып жатат.

Кыргызстандын намысын 12 спортчу коргоп жатат. Алгачкы таймашууда дүйнө чемпиону Каныбек Сагынбаев казакстандык Ильяс Садыкбековду 5:0 эсебинде утуп алды.

Каныбектин жолун жолдогон өнөктөштөрү Санжар Тукешов менен Азиз Мадаминов да биринчи атаандаштарын утту. Калган 4 жигит жеңилүү ызасын тартып калды.

Кыргызстан Азия чемпионатын өткөрүүгө талапкер

Кыргызстан 2012-жылы жаштар арасында эркин жана грек-рим күрөшүнөн Азия чемпионатын өткөрүүгө талапкерлигин билдирген. Эл аралык күрөш федерациясынын өкүлдөрү Бишкекке келип, “Кожомкул атындагы спорт ордосу Азия чемпионатын өткөрүүгө жараксыз, эл аралык стандартка жооп бербейт" деген пикирин билдиришти.

-Кожомкул атындагы спорт ордосу эскилиги жетип, көп ремонтту талап кылат. Ошондой болсо да Азия, дүйнө чемпионаттарын өткөрүүгө болбойт, -дейт Эл аралык күрөш федерациясынын бюро мүчөсү Ахролджан Рузиев.

Кыргызстандын күрөш федерациясынын президенти Бейшен Абилдаевдин айтымында, быйыл сентябрда Стамбулдагы дүйнө чемпионаты учурунда Эл аралык күрөш федерациясы Бишкекте Азия чемпионатын өткөрүү же өткөрбөө тууралуу чечимин жарыялайт.

Улуттук олимпиада комитетинин президенти Мурат Саралиновдун пикиринде, Азия чемпионатын өткөрүү шылтоосу менен Кожомкул атындагы спорт ордосун ремонттоп алууга ыңгай түзүлүүдө.
XS
SM
MD
LG