Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:23

“Салам-Алик” – чемпион


Дүйнөдө воллейбол оюнуна кызыгуу артууда.
Дүйнөдө воллейбол оюнуна кызыгуу артууда.

8-июлда жеңил атлетикадан Жапонияда Азия чемпионатынын жарыштары уланууда. Бакуда эркин күрөштөн эл аралык мелдеш башталды.

7-июлдан бери кыргызстандык эки спортчу Москвада эл аралык бильярд турнирине катышууда. Бул ирет өлкө намысын Антон Нетесов менен Камолдин Есиддинов коргоп жатат.

Мелдеш бильярддын “эркин пирамида” түрү боюнча өтүүдө. Мөрөй талашууга Орусия, Беларус, Украина жана Кыргызстандын 150 өкүлү катышууда.

Дүйнөнүн үч жолку чемпиону Каныбек Сагынбаев жаштарга жол бошотуп, бул жолу мелдешке катышкан жок.

Кышкы олимпиада Кореяда өтөт

Түштүк Кореянын Пхенчхан шаары 2018-жылы кышкы олимпиадалык оюндарды өткөрүү укугун жеңип алды. Мындай чечим Түштүк Африканын Дурбан шаарында өткөн Эл аралык олимпиада комитетинин жыйынында кабыл алынды. Кышкы олимпиаданы өткөрүүгө Германиянын Мюнхен, Франциянын Анси шаарлары да талапкер болушкан.

Спорт адиси Касымкул Оболбековдун пикиринде, Пхенчхан шаары мурда да эки ирет кышкы олимпиаданы өткөрүүгө талапкер болгон.

Спорт чебери Абдылда Калдыбаев:

- Биринчисинде Канаданын Ванкувер шаары, экинчи ирет Орусиянын Сочи шаарлары утуп кеткен. Сочи кышкы олимпиадалык оюндарына үч жылдан азыраак убакыт калды. Ошондуктан азыртадан даярдык көрүп, кышкы спорт түрлөрүн өнүктүрүүгө убакыт жетти.

Бакуда балбандар сыналууда

8-июлда Азербайжандын борбору Бакуда эркин күрөштөн эл аралык мелдеш башталды.

Балбандардын сынагына 37 өлкөнүн 330 өкүлү катышып, күч сынашууларды баштады. Кыргызстандын намысын 3 жигит жана 3 балбан кыз коргоп жатат.

Волейболдун таасири артып баратат

Бишкекте волейбол боюнча Кыргызстандын чемпионатынын таймашуулары өтүүдө.

Мөрөй талашууга катышып жаткан 10 командадан Бишкектин “Салам-Алик” клубу алдыга чыкты.

Волейбол федерациясынын вице-президенти Аскаралы Наралиевдин пикириде, айрыкча түштүк аймагында бул спорт улуттук оюн катары таанылып, таасири артып баратат.

Темиртоодогу эрендер кармашы

9-июлда Казакстандын Темиртоо шаарында эрендердин эр кармашы боюнча Шериктеш өлкөлөрдүн чемпионаты башталат.

Эрендер кармашы федерациясынын жетекчиси Эмил Токтогоновдун айтымында, мында өлкө намысын 9 спортчу коргойт.

Ваккер жоон ортодо

Кытайдын Цинхай аймагындагы эл аралык веложарышка Азиянын 3 жолку чемпиону Евгений Ваккер да катышты.

123 км. аралыкка жарышка 142 велоспортчу катышып, Евгений марага 61-болуп келди. Көп күндүк веложарыш тогуз этаптан туруп, 8-июлда дагы улантылды.

Баскетбол федерациясынын президенти шайланды

Кыргызстандын баскетбол федерациясына коомдук ишмер Анвар Дунларов президент болуп шайланды.

Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын ректору Токтобек Иманалиевдин пикиринде, кийинки учурда өлкөдө баскетбол оюнунун деңгээли төмөндөп кеткен.

- Жаңы жетекчи бул спортун жүгүн тартып кетсе болгону, себеби дүйнө жүзүндө баскетболдун таасири артып баратат. Бизде Бишкек менен Чүйдөгү 3-4 команда менен өлкө биринчилиги эптеп өтүп жүрөт.

Алыскы өлкөлөрдөн теннисчилер келет

25-июлдан 30-июлга чейин Бишкекте теннис боюнча улан-кыздар арасында эл аралык мелдеш өткөрүлөт.

Теннис таймашуусуна АКШ, Австралия, Индия, Грузия, Түркия, Португалия, Түштүк Корея жана Борбор Азия мамлекеттеринен 130 жаш спортчу катышаары күтүлүүдө.
XS
SM
MD
LG