Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:36

Кыргызстандык кылыч чеберлери байгелүү болду


Сеулда фехтованиеден Азия чемпионатында кыргызстандыктар коло байгелүү болушту. 15-июлда Чолпон-Атада спартакиада башталды.

Сеулда өткөн фехтование боюнча Азия чемпионатына 17 өлкөнүн кылыч чеберлери катышты.

Натыйжада командалык эсепте Кыргызстандын жигиттери шпага мелдешинде үчүнчү орунду ээледи. Алар Жапон, Малайзия, Казакстандын командаларын утту.

Кыргызстандын командасынан Евгений Наумкин, Михаил Иванов, Александр Черных жана Сергей Качурин коло медаль тагынды. Баш байгени кореялыктар, экинчи орунду кытайлыктар утту.

Орусиядагы бокс таймаштары

13-июлдан бери Москвада жана Санкт-Петербург шаарларында бокс боюнча эл аралык турнирлер өтүүдө. Мында кыргызстандык жаш булгаары мээлей чеберлери намыс талашып жатышат.

Бул тууралуу “Азаттыкка” улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Адылкан Бекболотов билдирди.

- Москвада 3 бокс чебери: Акжол Сулейманбек уулу (60 кг),
Шумкарбек Кожокоев (75 кг) жана Уланбек Набиев (91 кг) өлкө намысын коргоп жатат. Санкт-Петербургга 5 спортчу мелдешке катышууда. Аларга Азия оюндарынын коло байге ээси Таалайбек Кадыралиев баш-көз болуп жүрөт.


Көл жээгиндеги бассейн

15-июлда Ысык-Көл районунун Бостери айылында узундугу 50 метр, туурасы 11 метрлик сууда сүзүү бассейндин ачылыш аземи болду.

Ага кошумча 25 мертлик бассейн да ишке берилди. Эми суучулдар жайы-кышы дебей машыгууларын өткөрүүгө ыңгайлуу шарт түзүлдү.

Ысык-Көл спортчуларга күч-кубат берет

15-июлда Кыргызстандын тандалган 228 жаш спортчусу Ысык-Көлдүн Чок-Тал айлындагы “Орленок” эс алуу лагерине окуу-машыгууга жөнөп кетишти.

Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агентиктин басма сөз катчысы Айгүл Сыдыкбаеванын “Азаттыкка” маалымдаганына караганда, спортчулар Ысык-Көлдө жай бою машыгып, эл аралык мелдештерге барышат.

Чолпон-Атадагы спарткиада

15-июлда Чолпон-Атада кесиптик-техникалык окуу жайларынын спарткиадасы башталды.

Кесиптик-техникалык билим берүү агентигинин жетекчиси Таалайбек Чолпонкулов спорттун 6 түрү боюнча мелдештерге 400дөн ашуун спортчу катышып жатканын “Азаттыкка” айтты.

Спартакиада мелдештеринин жеңүүчүлөрү 22-июлда аныкталат.

Балбан кыздар Тайландга барышат

15-июлда Токмок шаарында эркин күрөш боюнча кыз-келиндер командасы 15 күндүк даярдыкты баштады.

Кыз-келиндер командасынын башкы устаты Нурбек Изабековдун айтымында, жаш балбан кыздар Тайландда өтө турган Азия биринчилигине катышуу үчүн акыркы камылга көрүүдө.

Race for Roses веложарышы

15-июлда Ысык-Ата районунун Ново-Покровка айылында үч күндүк веложарыш башталды. Бул күнү 16 велоспортчу 7 км. аралыкка жарышып, марага бишкектик Ввгений Руссо озуп келди.

Race for Roses деп аталган велосипед жарышы 16-июлда Восток айылында уланат. Финалдык жарыштар 17-июлда Тогуз-Булак айылында өтүп, жеңүүчүлөр 100 км. аралыктагы көрсөткүчтөргө ылайык аныкталат.

Футболчуларга Кытайдан чакырык

Кыргызстандын футболдон жаштар командасы Кытайдын Үрүмчү шаарында 14-августта өтө турган эл аралык мелдешке чакыруу алышты.

Бул турнирге 10 команда катышмакчы. Алардын катарында Кыргызстан, Орусия, Түркия, Өзбекстан, Казакстан, Кытай жана башка өлкөлөр болоору күтүлүүдө.

Футбол мелдешинин баш байгеси 20 миң долларга барабар.

Түркиянын сыноосу

Канттын “Абдыш-Ата” футбол клубунун өкүлдөрү Курманбек Шератов менен Карим Израилов Түркиянын футбол клубдарынын сынынан өтүүдө.

Бул тууралуу “Азаттыкка” футбол федерациясынын басма сөз катчысы Канат Асенов билдирди.

Спортун беш түрүнөн мелдеш

Учурда Бишкекте спорттун азыркы беш түрүнөн Кыргызстандын ачык чемпионаты өтүүдө. Мөрөй талашууларга Кыргызстан, Казакстан, Орусия жана Өзбекстандан жүздөн ашуун спортчу катышууда.

Фехтование мелдештери Кожомкул спорт ордосунда, сууда сүзүү жарыштары “Дельфин” бассейнинде өтүп жатат.

16-июлда ок атуу, жөө жарыш жана ат спорт таймашуулары болмокчу. 18-июлда эстафеталык жарыштар өткөрүлөт.
XS
SM
MD
LG