Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:16

Кыргыз жигиттери Москвадан байгелүү кайтты


Москвада өткөн бокс боюнча эл аралык турнирде кыргызстандык жигиттер байгелүү болду. Футболдон АФК президентинин кубогуна Кочкор-Атанын “Нефтчи” клубу барат.

17-июлда Москва жана Санкт-Петербург шаарларында бокс боюнча эл аралык турнирлер жыйынтыкталды.

Москвада олимпиада чемпиону Валерий Попенченкону эскерүү эл аралык мелдешине Кыргызстандан үч спортчу катышып, эки мөрөй алды.

91 кг. салмактагы Уланбек Набиев финалга чейин жетип, орусиялык Дмитрий Зайцевге гана утулду. Ошентип Уланбек күмүш байгелүү болду. Анын өнөгү, 60 кило салмактагы Акжол Сулайманбек уулу коло медалга арзыды. Мелдешке 6 өлкөнүн эки жүздөн ашуун бокс чеберлери катышты.

Кыргызстанга эмгек синирген устат Бейшен Сабатаровдун маалыматына ылайык, Санкт-Петербургдагы бокс таймашына барган кыргызстандык жигиттер байгелүү орунга илинбей калышты.

Веложарышта Александр алдыга чыкты

15-июлда Ысык-Ата районунун Ново-Покровка айлында башталган үч күндүк веложарыш 17-июлда сонуна чыкты.

16 велоспортчу үч күндө 80 км. аралыкты өтүп, жалпы жыйынтыкта бишкектик Александр Монастырский биринчи орунду ээледи. Ага үч секунд айырма менен утулган Иван Блохин марага экинчи келди.

Спорттун беш түрүнөн мелдеш

Учурда Бишкекте спорттун азыркы беш түрүнөн Кыргызстандын ачык чемпионаты жыйынтыкталып жатат.

Мөрөй талашууларга Кыргызстан, Казакстан, Орусия жана Өзбекстандан жүздөн ашуун спортчу катышууда.

Фехтование мелдештери Кожомкул спорт ордосунда, сууда сүзүү жарыштары “Дельфин” бассейнинде өттү.

16-июлда ок атуу, жөө жарыш жана ат спорт таймашуулары болду. 18-июлда эстафеталык жарыштар өткөрүлдү.

"Нефтчинин" атаандаштары аныкталат

29-июлда Малайзияда футболдон Азия конфедерациясынын президентинин кубогунун финалдык беттешүүлөрүндөгү атаандаштарды аныктоочу чучукулак кармалат.

Бул финалдык оюндарында Кыргызстандын намысын Кочкор-Атанын “Нефтчи” командасы коргойт. Бул тууралуу “Азаттыкка” Футбол федерациясынын эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Нурдин Букуев билдирди.

Быйылкы Азия конфедерациясынын президентинин кубогунун финалдык беттешүүлөрү 19-сентябрдан 25-сентябрга чейин Кытайдын Тайван шаарында болот.

Бул турнир 2005-жылдан бери ар жылы өтүп, Кыргызстандын чемпиону “Дордой” клубу 6 ирет катышып, эки жолу баш байгенин ээси болгон.

Футбол адиси Рыскелди Мусаевдин пикиринде, быйыл Кочкор-Атанын “Нефтчи” командасы баш байгеге талапкер болууга аракет кылганы менен чемпион боло албайт. Бирок анын атаандаштарынын даярдыктары дурус болгондуктан оюндар курч өтүшү ыктымал.

Кирүү акысы 50 сом

28-июлда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтө турган дүйнө чемпионатына талапкерлерди тандоо боюнча Кыргызстан менен Өзбекстан командаларынын беттешүүсүнө кирүү акысы 50 сомдон ашпайт. Бул тууралуу Футбол федерациясынын кызматкери Канат Асенов “Азаттыкка” билдирди.

- Беттешүүгө кирүү акысынын эң жогорку баа 50 сомду түзөт, эң төмөнкүсү азыр талкууда. Мелдешти өткөрүүгө жалпы чыгымдар 60 миң долларды түзөт. Оюндан чогулган каражаттардын бир бөлүгү демөөрчүлөргө, ал эми экинчи бөлүгү Азия футбол конфедерациясына (АФК) жана Эл аралык футбол федерациясына (ФИФА) жиберилмекчи.

Буга чейин айтылгандай, Кыргызстан жана Өзбекстан Бразилияда 2014-жылы боло турган дүйнөлүк чемпионатына талапкерлерди иргеп алуу оюндарын өткөрүшөт. 23-июлда биринчи беттешүү Ташкентте, 28-июлда экинчи оюн Бишкекте болот.

Азизбаев - эл аралык калыс

Кыргызстандык калыс Саитдин Азизбаев Украина жана Польшада өтө турган эл аралык мелдештерди тейлөө үчүн чакыруу алды.

Ал 22-июлда Киевде өтө турган күрөш мелдешинде калыстык кылат. Андан кийин 29-июлдан 7-августка чейин Польшанын Познань жана Рада шаарларында өтө турган мелдештерде калыс болот.
XS
SM
MD
LG