Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:32

Cпортко жаңы жетекчи келди


Санкт-Петербургда футболдон Шериктештик кубогу өтүүдө. Бишкекте дзю-до чемпионаты жыйынтыкталды. Спорт агенттигине жаңы жетекчи дайындалды.

Дзю-до күрөш чемпионатына өлкө аймагынан тандалган үч жүздөн ашуун балбан катышты. Эр-азаматтардан жеңил салмакта Даврон Маразыков, 66 килодо Эдил Беккулов, 73 кг. салмакта Алишер Мантобетов өлкө чемпиону аталды. 81 кг. салмакта Виталий Рыжиков, 90 кг. Турганбек уулу Чоро, 100 кг. Болот Токтогонов, оор салмакта Урмат Узаков биринчи орунду ээледи.

Кыздардан жеңил салмакта Айганыш Аманова, 52 кг. Ксения Бельдягина, 57 кг. салмакта Елена Исакова жеңүүчү деп таанылды. 63 кг. салмакта Мээрим Момунова, 70 кг. Динара Кахарова, 78 кг. Калыбек кызы Динара жана 78 кг. салмакта Нагира Сарбашева 2012-жылдын чемпиондору аталды.

Эмгек сиңирген машыктыруучу Абдразак Шаршеновдун айтымында, чемпионат таймаштары курч мүнөздө өтүп, жеңүүчүлөр Азия, дүйнө биринчиликтеринде өлкө намысын коргойт.

Футболдон Шериктештик кубогу

19-январда Орусиянын Санкт-Петербург шаарында футболдон Шериктештик кубогу башталды. Мында Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курама командасы Латвия футболчулары менен беттешти. Кыргызстандык жаш футболчулар Латвиянын командасынан 2:3 эсебинде утулду.

Кыргызстандык футболчулар 21-январда Украина, 22-январда Молдова жаштар курама командасы менен ойнойт.

Шериктештик кубогуна бул жолу 12 өлкөнүн курама командалары катышууда. Башка жылдардан айырмаланып, быйыл кубоктун алкагында улуттук курама командалар эмес, жаштар курама командалары беттешип жатат.

Оштун "Лиону" - чемпион

Ош шаарында футзал боюнча түштүк аймагынын биринчилиги соңуна чыкты. Таймашууга 16 команда катышып, финалда Оштун “Лион” командасы менен “Салыкчы” беттешти. Жыйынтыгында 3:2 эсебинде “Лион” командасынын жигиттери утуп кетишти. Коло байге “Ош-Бажысы” командасына ыйгарылды.

Агенттикке жаңы жетекчи

Өкмөт башчы Өмүрбек Бабановдун буйругуна ылайык, Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агентиктин жетекчиси болуп Байгазы Кенжебаев дайындалды.

Байгазы Кенжебаев 32 жашта. Жаш кезинде эркин күрөш менен машыгып, СССР спорт чебери, Кыргызстандын көп жолку чемпиону болгон. Кыргыз улуттук университетин бүткөн. 1991-жылы уландар арасында СССР биринчилигинде жеңүүчү болуп, 1992-жылы Шериктеш өлкөлөрдүн эркин күрөш боюнча биринчилигинде күмүш медаль уткан.

Түштүк Кореяда курулуш компаниясында иштеген. Жеке ишкерлик менен алектенип, Таластагы Ак-Сай айылында фермердик чарбасы, Москвада соода түйүндөрү бар. Ленин районундагы олимпиадалык резерв балдар спорт мектебинде машыктыруучу, эркин күрөштөн өлкөнүн кыз-келиндер командасынын башкы устаты, 2010-жылдан бери Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары болуп иштеген.
XS
SM
MD
LG