Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2023-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:27

Бокс: Бишкектен Лондонду көздөй


29-январда Бишкекте Советтер союзунун баатыры Дүйшөнкул Шопоковду эскерген эл аралык бокс турниринин финалдык беттешүүлөрү болду.

25-январда Бишкекте башталган эл аралык бул бокс мелдешине Кыргызстан, Орусия, Кытай, Казакстан, Өзбекстан жана Тажистандан тандалган эки жүздөн ашуун булгаары мээлей чеберлери катышты. Быйыл 38-ирет өткөрүлгөн мелдеш курч мүнөздө өтүп, беш күнгө созулду.

Өлкөнүн бокс федерациясынын президенти Абдубакыт Халмурзаевдин айтымында, бул мелдеш дүйнө, Азия чемпионаттарына жана быйыл Лондондо өтө турган олимпиадага талапкер жигиттерди сыноонун бир баскычы катары өттү.

Рингдеги күч сынашуу он салмак боюнча улантылып, жеңил салмакта баш байгени бишкектик Асылбек Назаралиев жеңип алды. Асылбек финалда өзбекстандык Шахобиддин Заировду утуп алганын, эми Лондон олимпиадасына жолдомо алууга аракет кылаарын “Азаттыкка” айтып берди.

52 кило салмактагы финалдык беттешүүдө кыргызстандык Азат Үсөналиев менен казакстандык Ануарбек Байжанов беттешти. Жыйынтыгында калыстар Азаттын чеберчилигине жогору баа беришип, жеңүүчү деп атады.

56 кг. салмакта биринчи орунду токмоктук Өмүрбек Малабеков камсыз кылды. Анын негизги атаандашы караколдук Медер Мамакеев бул ирет экинчи болуп калды.

60 кг. салмакта казакстандык Закир Сафиуллин оштук Абдилай Анарбай уулун утуп, баш байгени олжолоп кетти.

64 кг. салмакта кыргызстандык Эрмек Сакенов табында экенин күйөрмандарга далилдеди. Ал финалда кытайлык Серик Тулетайды биринчи раундда эле эсин оодара согуп, жеңишти өзүнө ыйгарды.

Баш байгеге жетишкен кыргызстандык Эрмек Сакенов алдыда Астанада өтүүчү таймаш турганын, башкы максаты Лондон олимпиадасына жолдомо алуу экенин “Азаттыкка” билдирди.

Рингдеги финалдык күч сынашууларда 69 жана 75 кг. салмактарда дагы бардык атаандаштарын уткан казакстандык Мейрим Нурсултанов менен Абуязит Угурчиев биринчи орунду ээледи.

Казакстанга эмгек синирген машыктыруучу Турсун Эдиловдун пикиринде, бул мелдешти “А” тобундагы таасирдүү эл аралык турнирге айландырууга аракеттер көрүлсө дурус болмок.

81 кило салмактагы өзбекстандык боксчу Ойбек Мамазулиновдун чеберчилиги жогору экени айгине болду. Ал финалда орусиялык Сергей Пикулду утуп алды.

91 кг. салмактагы кыргызстандык Чыңгыз Борбашев колунан жаракат алгандыгы үчүн финалдык беттешүүгө чыкпады. Жеңиш казакстандык Арбек Абдуганиевге ыйгарылды.

Оор салмакта биринчи орунду кытайлык бокс чебери Юсуп Акпар утуп алды. Анын атаандашы тажикстандык Мехродж Каримовго күмүш байге буюрду.

Бул ирет мелдешке күйөрмандар арбын келип, мушкерлерди сүрөөнгө алып турушту. Ал түгүл 51 кило салмакта кыздар да рингде күч сынашып, биринчи орунду сокулуктук Альбина Мамбетова жеңип алды. Бишкектик Жанат Талантбек кызы финалда жеңилүү ызасын тартып калды.

Чынында 1974-жылдан бери Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан Андрей Курнявка, Нурлан Абдыкалыков, Алмаз Райымкулов, Нурбек Касенов, Таалай Кадыралиев, Айбек Абдымомунов жана башкалардын чоң спорттогу тушоосу Дүйшөнкул Шопоковду эскерүү мелдешинде кесилип, алар спортко тагдырын арнаган.

Мелдештин башкы калысы, кесипкөйлөр арасында дүйнөнүн жети жолку чемпиону Орзубек Назаров болду. Себеби ал өлкөнүн бокс федерациясынын вице-президенти, Азиянын бокс бирикмесинин аткаруу комитетинин мүчөсү болуп саналат.
XS
SM
MD
LG