Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:37

Эркин күрөштөгү легионерлер


Казак балбаны Эли Керимов (солдо) менен кыргыз спортчусу Саякбай Усупов (оңдо). Кожомкул атындагы эл аралык мелдеш. Бишкек. 14-июнь, 2019-жыл.
Казак балбаны Эли Керимов (солдо) менен кыргыз спортчусу Саякбай Усупов (оңдо). Кожомкул атындагы эл аралык мелдеш. Бишкек. 14-июнь, 2019-жыл.

Кыргызстандын дзюдо жана эркин күрөш боюнча курама командаларында сырттан чакырылган спортчулар арбын. Аларды легионерлер деп аташат.

Легионерлер арасында Кыргызстандын намысына жарап, ишеничти актагандар көп. Эркин күрөш боюнча былтыркы тизмени алсак, Муслим Евлоев (74 кг.) Азия чемпиону болсо, Магомед Мусаев Азия оюндарында күмүш медаль утуп алган.

Казак балбаны Эли Керимов (кызыл кийимчен) менен кыргыз спортчусу Саякбай Усупов (көк кийимчен).
Казак балбаны Эли Керимов (кызыл кийимчен) менен кыргыз спортчусу Саякбай Усупов (көк кийимчен).

Бирок ошол эле маалда спортто легионерлердин күчү менен жеңишке жетүүнү колдобогондор да бар. Айталы, эркин күрөш боюнча Кыргызстандын эмгек сиңирген машыктыруучусу Кенжебек Өмүралиев федерациянын чет жерден спортчуларды тартканын, жыйынтык көрсөтүү аргасы катары баалады.

"Биздин балбандар алсыз болуп жатат окшойт. Легионер жалдоо дүйнөлүк практикада кездешет. Пайдасы бар. Мурдагы легионерлер жакшы жыйынтык көрсөттү. Мисалы, Магомед Мусаев, Алексей Крупняков бир эмес эки олимпиадалык айлампада күрөштү. Легионерлер эл аралык мелдештерден Кыргызстанга жеңди, байге алды деген эле бааны алып беришет. Бирок биз өзүбүздүн балдарды да даярдашыбыз керек. Эркин күрөштү көтөрүш үчүн башкача нукта иштөө керек. Мен деле башкы машыктыруучу болгом. Ал кезде акча, машыкканга зал жок болсо да, жыйынтык бар эле. Дөңбаев, Изабеков, Аскаров, Надырбек уулу ж.б. балбандар чыккан. Легионерлерге таянбай, жергиликтүү балбандарды көтөрүшүбүз керек".

Кенжебек Өмүралиев 1998-2005-жылдары эркин күрөш боюнча улуттук кураманын башкы машыктыруучусу болгон.

Улукбек Жолдошбеков (Кызыл кийимчен) Нурислам Санаев (көк кийимчен).
Улукбек Жолдошбеков (Кызыл кийимчен) Нурислам Санаев (көк кийимчен).

Ал эми спорттун ардагери, Кыргызстандын Олимпиадачылар ассоциациясынын президенти Шаршен Касенов федерациянын ишин жакшыртуу керек деген пикирде.

Шаршен Касенов.
Шаршен Касенов.

​"Федерациянын ишин сындабай эле коёюнчу. Буга чейин сындаганым жетишет. Менин оюмча 97 жана 125 килограмм салмактагы гана легионерлерди чакырсак болот. Анткени, бизде оор салмактагы балбандар жок. Биз өзүбүздүн балдарыбызды өстүрүшүбүз керек. Эгер эсептеп келсек, Кыргызстан боюнча эркин күрөштө эң көп машыктыруучу бар. Өзүбүздүн балдарды өстүрүп, жыйынтык алып келиш керек. Он жыл мурда ушундай эле болчу. Биздин балбандардан дүйнө коркчу. Азыр деле уучубуз кур эмес. Туура иштеп койсок чыгат. Мына грек-рим күрөшү боюнча жылда жаңы балдар өсүп чыгып жатат. Алар Азия жана дүйнө чемпионатын утуп жаткан балдар".

Ал эми эркин күрөш федерациясынын президенти Мелис Турганбаев Кыргызстанда күрөштүн бардык түрүнө бирдей эле көңүл бурула турганын жана балбандар бирдей эле жыйынтык көрсөтүп жатканын айтты.

Мелис Турганбаев.
Мелис Турганбаев.

​"Биз бөлбөйбүз, мына бизде үч күрөш: грек-рим, эркин күрөш, аялдар күрөшү бар. Үчөөнүн тең деңгээли жакшы. Баары күрөшүп жатат".

Дүйнөлүк спортто легионерлерди колдонуу тажрыйбасы кеңири тараган.

Бирок бул убактылуу гана болушу керек дейт Казакстандын эркин күрөш боюнча кеңешчи-машыктыруучусу Майрбек Юсупов. Ал Казакстан Республикасы акыркы учурда легионерлерден баш тартып жатканын билдирди.

Майрбек Юсупов.
Майрбек Юсупов.

"Биздин командада азыр бир гана легионер бар. Ал Нурислам Санаев. Ал көптөн бери бизде жүргөндүктөн калды. Болбосо акыркы үч жылда биз легионерлерден такыр баш тартып жатабыз. Жалаң гана казак балбандары менен иштейбиз. Легионерлердин бир чети болгону жакшы. Бирок алар Казакстанга келип жашабайт, машыкпайт. Мелдештерде катышат да кайра кетет. Байге утса жакшы. Бирок жергиликтүү балбандар алар менен бирге машыгып, тажрыйба албай калат да. Андан көрө жеңилсе да өзүбүздүн балбандарды мелдештерге чыгарып, чыйралтыш керек".

Чет жерде төрөлүп, кийин кыргыз жарандыгын алып эл аралык мелдештерге катышкан спортчулардан алгачкы байгени Кыргызстандын эсебине 2000-жылы Сидней олимп оюндарында теги казак дзюдочу Айдын Смагулов алып келген.

Ал 60 килограмм салмактык бөлүктө олимпиаданын коло боло байгесин уткан. Бул Кыргызстандын эгемендикти алган соң олимп оюндарынан уткан алгачкы медалы. Учурда Айдын Смагулов Казакстандын дзюдо боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу болуп иштеп жатат.

Андан кийинки жакшы көрсөткүч теги орусиялык Базар Базаргуревге таандык. Ал 2008-жылкы Бээжин олимпида оюндарында 5-орунду алган. 9 жылдан кийин украиналык спортчунун канынан допинг табылып, Базар Базаргуруевге Бээжин олимпиадасынын коло байгеси ыйгарылган.

Ал эми эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатынан коло байгени 2010-жылы теги орусиялык Алексей Крупняков алган. Крупняков 2002-жылдан 2010-жылга чейин Кыргызстандын намысын коргоп, Азия оюндарынын күмүш (2002-жыл), коло (2006-жылы) жана башка эл аралык мелдештерде да байгелерге жеткен.

Андан сырткары Кыргызстандын эркин күрөшүнүн тарыхында Орусиядан келип кыргыз жарандыгын алган Азия чемпиондору Айаал Лазарев, Магомед Мусаев жана Муслим Евлоев жана башка балбандардын эмгектерин атоого болот.

Аталган спортчуларга өз учурунда олимпиадалык стипендиялар берилип, ийгиликке жеткендерине мамлекеттик сыйлыктар ыйгарылганын Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Канат Аманкулов айтып өттү.

Канат Аманкулов.
Канат Аманкулов.

"Бул маселе мурда Жогорку Кеңеште көтөрүлгөн. Мен жаңы легионер алганга каршымын. Мурда келгендерде келишим бар. Алар олимпиадага карата машыгып жатат. Эгер лицензия алышса, Олимпиадага барат. Лицензия албаса, келишимдери аягына чыгары менен коштошобуз. Командалык эмес спорт түрлөрүнөн жаңы легионер алууга каршымын".

Учурда кыргыз спортчулары 2020-жылы Токиодо өтө турган олимп оюндарына даярданып жатат. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин билдиришинче, аталган олимпиадага 20га жакын спортчунун лицензия алууга мүмкүнчүлүгү бар.

Ушул жылдын сентябрында Казакстандын Нур-Султан шаарында өтө турган күрөш боюнча дүйнө чемпионатында Олимпада оюндарына алгачкы жолдомолор ойнотула баштайт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG