Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:38

Дүйшенбиев: Чек арачылар бекетти таштабайт


Райымберди Дүйшенбиев тажик тарап "Тамдык" чек ара бекетин таштап кетүүнү сунуштаганын айтты.
Райымберди Дүйшенбиев тажик тарап "Тамдык" чек ара бекетин таштап кетүүнү сунуштаганын айтты.

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку кырдаал тууралуу Чек ара кызматынын башчысы Райымберди Дүйшенбиев "Азаттыкка" маек курду.

“Азаттык”: Ушул сааттарда чек арада кырдаал кандай?

Дүйшенбиев: Кечээ чек арада ок атышуулар кечки саат 9 жарымда токтоду. Эки тараптын өкүлдөрү “Тамдык” бекетине чейин барып келди. Биздин бир аскерибизге таш тийип, контузия алды. Ал азыр Баткен облустук ооруканасында жатат. Анын абалы канааттандырарлык.

Учурда кыргыз-тажик чек арасын Чек ара кызматынын аскерлери күчөтүлгөн тартипте кайтарып жатат. Тажик тарап менен сүйлөшүүлөр уланууда.

“Азаттык”: Эмне үчүн кыргыз чек арачылары ок чыгарууга аргасыз болду? Жарадар тажикстандыктар жөнөкөй жарандар экен, алар кандай жагдайда жараат алды?

Дүйшенбиев: Кечээ окуя болгон учурда кыргыз тарап менен алдын ала макулдашпастан 30-40 тажик жараны биздин “Тамдык” чек ара бекетине келип, сууну тартканга, ошол жерге суу түтүгүн орнотконго аракет жасашкан. Биздин чек арачылар бул аракеттерди токтотууну, мындай нерселер алдын ала макулдашылган соң гана ишке ашуусу керектигин айтышкан.

Бирок алар биздин чек арачылардын айткандарына көнбөй, аларга орок, балталар менен кол салып, таш менен ургулап, чек арачылардын өмүрүнө коркунуч келтирген. Алар биздин чек ара нарядынын командиринин буйругуна баш ийишкен эмес.

Ал жерге тажик чек арачылары келгенден кийин окуя курчуп, тажик жарандары күчөп кеткен жана тажикстандыктар курал колдоно баштаган, эки тараптын ортосунда бир аз ок атышуу болуп, кайра токтоп калган. Ошондон кийин бир саат өткөн соң тажик тарап гранатомет менен кол салып, биздин чек арачылар өзүн коргоо, чек арадагы коопсуздук сактоо максатында курал колдонгон.

“Азаттык”: Кечээ сиз Тажикстандын Чек ара кызматынын башчысы Ражабали Рахмонали менен сүйлөшкөн экенсиз. Сүйлөшүү кандай маанайда өттү?

Дүйшенбиев: Ооба, мен Рахмонали менен сүйлөшүп, ал кишиге анын кол алдындагылары жасаган туура эмес иштердин баарын айттым. Чек арада кандай гана окуялар болбосун баары сүйлөшүүлөр жолу менен чечилиши керектигин баса белгиледим. Ошондой эле чукул арада ок атууну, гранатомет менен аткылаганды токтотууну талап кылдым. Ал да өз оюн айтты. Ошондон кийин ок атышпоо тууралуу макулдаштык.

Ражабали Рахмонали тажик жарандары көзөмөлдөн чыгып калганын, 30га жакын куралдуу адам чек ара бекетин жок кылабыз деп даярданып жатканын айтты. “Ушундай коркунуч бар. Эгерде силер түнү менен постту алып чыгып кетпесеңер, биздин жарандар ал постту жок кылабыз деп жатышат. Мен бул үчүн жооп бербейм” деп айтты.

Мен ал кишиге “биздин пост ал жерден кетпейт, бул Кыргызстандын жери. Эгерде 30га жакын тажик жараны мыйзамсыз ишке бара турган болсо, аларга карата сөзсүз түрдө тиешелүү чаралар көрүлөт” деп жооп кайтардым. Ал жерден биздин чек арачылар кеткен жок жана кетпейт. Алар ошол жерди кайтарып турушат.

“Азаттык”: Ак-Сайдан Ворухка кеткен жол убактылуу жабылган экен. Бул болжолдуу качан ачылышы мүмкүн?

Дүйшенбиев: Жергиликтүү элдин коопсуздугун сактоо максатында Ворухка жана Ак-Сайга кире бериш жол эки тараптан тең жабылып, чек ара посттору турат.

“Азаттык”: Акыркы үч айдан бери маал-маалы менен чек арада атышуу болуп, кайра сүйлөшүүлөр уланып келатпайбы. Мына акыркы сүйлөшүүлөр 1 апта мурда эле Бишкекте өткөн эле. Эки өлкөнүн бийлиги толук макулдашууга жеткени кабарланган. Анан кайра эле тирешүү болуп жатат. Бул жерде тынчтыкты каалабаган бир күчтөрдүн атайын провокациясы болушу мүмкүнбү?

Дүйшенбиев: Бул жерде бардык варианттарды караш керек. Чек аранын такталбаганынан улам мезгил-мезгили менен чыр-чатактар болуп келатат.

“Азаттык”: Эки өлкө ортосундагы тирешүүнү токтотуунун кандай оптималдуу жолдору бар?

Дүйшенбиев: Чек арада кандай гана маселе жаралбасын, адегенде чыр-чатактарды болтурбоого аракет жасаш керек. Экинчиден, талаш-тартыштар чыгып кетсе, мындай окуялардын кайталанбашы үчүн маселени сүйлөшүү жолу менен чечип, жакшы чечимдерге келиш керек.

XS
SM
MD
LG