Линктер

бейшемби, 19-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 03:49

Ривз: Чек араны чечиш үчүн саясий эрк керек


Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков. 26-июль, 2019-жыл.

Маделин Ривз - Англиядагы Манчестер университетинин ага окутуучусу, социалдык антропология илимдеринин доктору, “Борбор Азияны изилдөө” журналынын редактору. Ривз чек ара, миграция маселелери боюнча адис. Ал кыргыз-тажик чегиндеги маселелер боюнча “Азаттыктын” суроолоруна кат жүзүндө жооп берди.

«Азаттык»: Эки өлкөнүн эли аралаш жашап, күн сайын жайытка, сууга каттаганда бири биринин аймагынан өтүп жаткан шартта талаш маселелер жаралбай койбойт экен. Бул маселе эгемендик алгандан бери чечилбей келаткандыктан дегеле чечилбечүдөй сезилет. Сиздин оюңузча маселени жөнгө салууга эмне жетпей жатат?

Маделин Ривз: Чек ара маселелерин жарандыгына же улутуна карабай, бардык жергиликтүү элдин кызыкчылыгында чечүү үчүн саясий эрк керек. Бул эки тараптан тең таарынычтар жана тарыхый адилетсиздик сезими жараларын аңдап-билүү, аны туура түшүнүү дегенди билдирет.

Чек ара маселесин арканды узун таштап, жергиликтүү элге пайда алып келе тургандай, системалуу чечүүгө тырышкандын ордуна саясий лидерлер көп учурда өз элинин, же электоратынын гана кызыкчылыгын сүрөп келишет. Көп учурда ошол эле лидерлер маселенин тарыхый себептерин, тарыхында жер “ижарага” алынганын, же эмне үчүн жергиликтүү эл “өзүбүздүкү” деп жүргөн жерин жоготуу ыктымалдыгына нааразы болуп жатканын түшүнө беришпейт.

Маселени чечүү келечекти көрө билүү, чек аранын эки тарабында тең эмне үчүн кайра эле арыз-даттануулар чыга бериши мүмкүн дегенди түшүнүү талап кылынат.

«Азаттык»: Бул үчүн эки өлкө бийлиги тарабынан кандай кадамдар жасалышы зарыл?

Маделин Ривз: Чек ара тилкелерин аныктоо үчүн юридикалык негизди, чек ара кандайча делимитация жана демаркация болорун жана кайтарыларын аныктаган принциптерди макулдашып алуу маанилүү. Ошондой эле жергиликтүүлөр үчүн кечиктирилгис көйгөйлөрдү, өзгөчө сугат суу, жайыт, мал кайтаруу, транспорттук инфраструктура, базарларга каттоо жана жумушка орноштуруу маселелерин чечүү боюнча олуттуу чечимге умтулуу да андан кем эмес мааниге ээ. Өтө көп учурда элдин өзөктүү проблемасы эске алынбай калат. Мындан улам делимитация жана демаркация маселеси боюнча жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдөн көңүл калып, таарыныч жаралат.

«Азаттык»: Демек бул жерде маселени чечүүгө элди да катыштыруу керек го?

Маделин Ривз: Жергиликтүү жамаатты маселени чечүү процессине аралаштыруу маанилүү. Көп учурда борбордогу талкуулар менен жергиликтүүлөрдүн билгени, түшүнгөнү шайкеш келбей калат. Жергиликтүүлөрдүн көргөн-билгени тарыхый катаны кайталоодон качууга жол ачат.

«Азаттык»: Мындай чек ара талаштары дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө да аз эмес, сүйлөшүү жолдору менен чечилип да келет. Кыргыз-тажик чек ара талашын чечүүдө эл аралык тажрыйбага таянууга мүмкүнбү?

Маделин Ривз: Чек ара чечимдери боюнча эл аралык тажрыйбаны окуп-үйрөнүү да маанилүү. Көп учурда Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы “уникалдуу” маселе катары каралат.

Ал жердеги чек аранын өзгөчө болуп жатканына себептер көп. Советтик мурас, эки бөлөк элдин жанаша жашоосу, юридикалык анклав-эксклавдар, татаал географиясы. Бирок чечилбестей көрүнүп, ошентсе да саясий эрктин арты менен чечилип эле келген чек ара маселелери боюнча башка мисалдар көп. Керек учурда чек араны чечебиз деген эксперттер тарабынан ошол глобалдык мисалдар изилдениши керек.

Ворух
Ворух

«Азаттык»: Ошентсе да ар бир жердин өзгөчөлүгү сөзсүз эске алынышы шарт болсо керек. Баары жөнөкөйдөн башталат эмеспи. Мунаса табуудагы алгачкы кадамдар деп эмнелерди айтаар элеңиз?

Маделин Ривз: Жергиликтүү элге чынында пайда алып келе турган, көнүмүшкө айланчу тынч алакага шарт түзө турган майдараак демилгелерден баштаган оң. Мектеп окуучуларынын башын кошуп туруу, чек ара аралык автобус же маршруттук каттамды кайра ачуу, чек арадагы базарлар беймарал иштеп, ал жакка жергиликтүүлөрдүн баары бара алышы үчүн “эркин соода аймагын” түзүү, эки тараптын тең милициясы бейбаштык же мал уурулук сыяктуу кылмыш иштеринде биргеликте иштешин камсыздоо.

Ал жер эки эл биргеликте иш алпара турган жер. Көптөгөн транс чек аралык демилгелер “символикалуу” гана болгондуктан жергиликтүү коомчулуктун андан көңүлү калып, ачык эле тоотпогон мамилесине алып келди.

Баткен облусунун мурдагы губернатору Мамат Айбалаев менен маек
Айбалаев: Чек ара жер алмашканда гана чечилет
please wait

No media source currently available

0:00 0:18:20 0:00

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG