Линктер

шаршемби, 22-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 21:03

Талас райондук милициясы мугалим мектеп окуучусун сабады деген фактыны териштирип жатат.

Жабыркаган бала ооруканада дарыланууда. Кылмышка шектүү мугалим өз арызы менен иштен кеткенин райондук билим берүү бөлүмү кабарлады.

16-мартта Талас районундагы Козучак айылындагы Мырзабек Мамбетов атындагы орто мектептин 6-классынын окуучусу Бекназар Тагайкулов ушул мектептин музыка мугалиминен таяк жегени айтылган.

Ошол эле күнү ооруканага жаткырылган Бекназардын саламаттыгы азыр канааттандырарлык. Бул тууралуу облустагы Чолпон Мамбетов атындагы оорукананын травматология бөлүмүнүн дарыгери Азамат Нурманбетов билдирди. Анын айтымында, баланын баш мээси чайкалган:

- Тагайкулов Бекназар Жоомартович 16-март күнү саат 21:30 ооруканага келип түшкөн. Бизге башы ооруп, кусуп, алсырап келген. Баш мээси чайкалган. Шишик бар болчу. Бир жума дарыладык.

12 жаштагы Бекназардын атасы Жоомарт Султаналиев уулуна байланышкан окуяны минтип баяндады:

- Бизге баламдын классташынын апасы чалып «балаңарды Медет агай уруп коюптур» деп айтты. Биз кашарда жашайбыз. Баламды жолдон тосуп алып эмне болгонун сурасак, «Медет агай урду» деп ыйлап жиберди. Бейбаштык кылдыңбы десем, биология сабагынан тест жазып, бүтпөй калышканын айтты. Андан кийинки сабак Медет агайдыкы экен. Кирип келип эле "эмне жазып атасыңар" деп башка чапкылап кириптир.

Мугалим таарынса окуучу токмок жейби?

Мугалим сабады деген 2-класстын окуучусунун окуясын акыйкатчы өз көзөмөлүнө алды.

Таяк жеди деген Бекназар ошол күн тууралуу буларды айтты:

- Музыка сабагында биологиядан тапшырма аткарып жаткам. Агай ошону көрүп калды. Китептеримди чачып, башка муштады, китеп менен да чапкан. Ручкаларым жерге чачылганда «тер» деди, терейин десем тизеге тепти, жонго, далыга урду.

Айыпталып жаткан мугалим, 13 жылдык тажрыйбасы бар Медет Батырбековду үйүнөн да, мектептен да табуу мүмкүн болгон жок. Мектеп жетекчилигине байланышуу үчүн кылган аракетибизден майнап чыкпады.

Талас райондук-шаардык биргелешкен билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Аманкул Көчөрбаев мугалим иштен бошотулганын билдирди:

- Бул боюнча мектеп директору менен байланышып маалымат алдым. Мектеп директору мугалимди 17-март күнү өз арызы менен жумуштан бошоткон экен. Азыркы учурда директорго чара көрүү боюнча иштер жүрүп жатат.

Бул иш боюнча бүгүнкү күндө териштирүү жүрүп жатканын облустук ички иштер башкармалыгынын ага инспектору Динара Сарногоева маалымдады:

- Азыр бул факт боюнча текшерүү иштери жүрүп жатат. Экспертиза дайындалган. Тергөө жүрүп жатат. Бүткөндөн кийин дагы кошумча маалымат беребиз.

Мектеп окуучуларына кол көтөргөн окуялар Кыргызстанда кээде ачыкка чыгып турат. 2012-жылы Таластагы Кум-Арык мектеп-интернатында окуган кызды мугалим жыгач менен сабаган окуя катталган. Анда мугалим жумуштан айдалып, кыз ооруканага жаткырылган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG