Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:32

Талас: активисттер жолдун сапатына нааразы


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Талас-Тараз-Суусамыр жолунун үчүнчү фазасын оңдоп-түзөө иштери бир жумадан бери токтоп турат.

Буга жумушчулардын маяна албай жатканы себеп болууда. Ал арада жергиликтүү активисттер стратегиялык жолдун сапатына нааразылыгын билдирип чыгышты.

Талас-Тараз-Суусамыр жолун оңдоп-түзөө иштерин түркиялык "Чакыр йапы Санайи ве Тижарет" компаниясы каржылап жатат.

Ал жалдаган "Кыргыз жол курулуш" жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчисинин орун басары Болотбек Сейдакматов иштин токтоп калышын жумушчулардын иш таштоосу менен байланыштырды. Анын айтымында, жолду оңдоп-түзөөгө жалпысынан элүүдөн ашык жергиликтүү жумушчу тартылган. Мунун чоо-жайын "Чакыр йапы Санайи ве Тижарет" компаниясынан тактоого мүмкүн болгон жок.

Инвестор менен байланыш мүмкүн болбой жатканынын өкмөттүн облустагы өкүлү Марат Мураталиев да айтты:​

Марат Мураталиев.
Марат Мураталиев.

- "Чакыр йапыга" чалсам телефонумду такыр алган жок. Балким күндүн соңуна чейин жооп берет чыгаар. Менин укканыма караганда аларга акчанын акыркы траншы берилбей жатат. Кыргыз жол курулуш фирмасына "Чакыр йапы Санайи ве Тижарет" 2 миллион доллар карыз экени бүгүн такталды.

Ал арада жергиликтүү активисттер оңдоп-түзөө иштери сапатсыз жүрүп жатат деп коңгуроо кагышууда. Алардын бири Шамил Мурат:

Шамил Мурат.
Шамил Мурат.

- Бүгүнкү күндө жолдун курулушуна эл нааразы. Мисалы, азыр сиз экөөбүз турган жерден суу чыгып жатат. Болбосо бул тротуарга жаңы эле асфальт төшөлгөн. Мурда суу агып өтчү экен, ошонун үстүнөн эле бастырып салышты да. Бул бир чети кайдыгерлик, экинчиден шалаакылык.

Дагы бир активист Бектур Медетов "жолду кургандар эл төккөн салыкты ысырап кылып жатат" деп нааразы.

- Жолдун курулуш иштеринде жөө жүргүнчүлөр басуучу тротуарларда асфальт өтө жука. Тротуардын эки чекесине бордюр коюп, ортосун кум менен толтуруп асфальттап жатышат. Бул эки жылда эле жарабай калат. Ошого нааразыбыз. Анткени мамлекеттен акча бөлүнүп жатат. Мисалы, мен айына 8 миң сомго чукул салык төгөм. Анын сапатсыз жолдорго жумшалышын каалабайм.

Талас-Тараз-Суусамыр жолун оңдоп-түзөп жаткан "Кыргыз жол курулуш" жоопкерчилиги чектелген коомунун өкүлдөрү жолдун сапатына болгон нааразылык жүйөлүү экенин моюнга алышты. Компаниянын өкүлү Панарбек Сүйүмбаев чалагайым иш жумушчулардын айынан болуп жатканын айтты:

Панарбек Сүйүмбаев.
Панарбек Сүйүмбаев.

- Кээ бир жерлерде асфальт түз төшөлбөй калган. Бул асфальттын сапатына көз каранды эмес. Кептин баары аны төшөгөн жумушчуда. Мындай иш кесипкөйлүктү талап кылат. Бизде жумушчулар жергиликтүү элден алынды. Баары адистер өз кесибин билбегендиктен болуп жатат. Жумушчулардын 90 пайызы жергиликтүүлөр. Ал эми тротуардын калыңдыгы долбоор боюнча төрт эле сантиметр деп көрсөтүлгөн.

Панарбек Сүйүмбаевдин айтымында, жол оңдоодогу кемчиликтер курулуш аяктагандан кийин эске алынат, азыр долбоорду оңдогонго мүмкүн эмес.

Талас-Тараз-Суусамыр жолун реконструкциялоо 2015-жылдын август айында башталган.

Азыр 75-чакырымдан 105-чакырымга чейин оңдолуп жатат. Бул үчүнчү фазасын каржылоого 22 миллион долларлык долбоорго тендер жарыяланган.

Каражаттын 10 миллион доллары Саудиялык өнүктүрүү фондунан, 10 миллион доллары Ислам өнүктүрүү банкынан алынмак. Калган 2 миллион доллары республикалык бюджеттен каржыланмай болгон. Тендердин жыйынтыгы менен реконструкциялоо иштери түрктөргө тиешелүү "Чакыр йапы Санайи ве Тижарет" компаниясына ыйгарылган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG