Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:49

"Эркектер иштебей отурганга көндү..."


Иллюстрация (Сүрөттүн макалага тиешеси жок)
Иллюстрация (Сүрөттүн макалага тиешеси жок)

"Талас облустук жаштар кеңеши" коомдук бирикмеси 12-апрелде "Аялдардын үй-бүлөдөгү жана коомдогу ролу: ислам боюнча кыздардын билим алууга укуктары" деген талкуу уюштурду. Ага дин кызматкерлери, жергиликтүү активисттер жана жогорку окуу жайлардын студенттери катышты.

Эрте турмуш куруунун азабы көп

Айжамал Акжолбекова эрте турмуш чыгып, оту күйүшпөй ажырашкан. Ал азыр аймактагы окуу жайлардын биринде 4-курста окуйт. Айжамал кыргыз аялдары чоң жүктү көтөргөнүнө жараша билим алып, татыктуу иш таба албай жатат пикирде:

- Мисалы, жаш кыздар турмушка чыккандан кийин окуусун дистанттык бөлүмгө которот же болбосо таштап салат. Бирок ошол эле учурда алар кара жумушта иштеп жатат. Мисалы, базарды карасаң көбүнчө аялдар отурат. Эркектер балдарды карап үйдө. Бүгүнкү күндө аялдар көп жоопкерчиликти өз моюнуна алып жатат. Ошого жараша билим алып, татыктуу жумушта иштеши керек.

Бирок талкууга катышкан студент жигиттердин айрымдары кыздардын билим алышы зарыл эмес деген оюн айтып жатышты. ​

Ала качуу Айнуранын жүрөгүнө так салды

Ала качуу Айнуранын жүрөгүнө так салды

Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунда ала качууга дуушар болуп, зомбулук көргөн кыздын жагдайы боюнча кылмыш иши козголду.

Облустук казыяттын кызматкери Медер Сагынбаев да аялдын милдети үйдө отуруу деген көз карашты колдойт.

Бирок бул үчүн эркек аялды эч нерседен кем кылбай багышы керек деди:

- Эгерде эркек өз жоопкерчилигин билсе аялдын укугу корголот, кордолбойт. Негизи шарият боюнча эркекке үч чоң милдет жүктөлгөн. Ошол үч милдетти эле аткара турган болсо, аялзаты кор болбойт. Биринчиси - эркек аялды тамак-аш менен камсыз кылат. Кандай кырдаал болбосун аялды багууга милдеттүү. Анткени аял эркекке аманат катары тапшырылат. Экинчиси - эркек өзүнүн шартына жараша кийим-кечек менен камсыз кылышы абзел. Үчүнчүсү - аялзаты бирөөнүн көзүн карабагандай үй-жай менен камсыз кылууга тийиш. Батирден-батирге көчүп аялды жүдөтүү укугун тепсегенге барабар.

"Бардык түйшүктү аял көтөрүп калды"

​Жергиликтүү активист Асел Бектурсунованын пикиринде реалдуу жашоо казыят кызматкери айткандай эмес.

- Динде айтылып атпайбы: "аялдар үйдө отуруш керек, эркектер үй-бүлөсүн багышы керек" деп. Бирок эркектер "жумуш табылбай атат, бул жумуш мага ылайыктуу эмес экен" деп эле жүрүшөт. Аял байкуш жок дегенде үйдөн нан жасап, дүкөнгө өткөрүп акча табат экен. Бул жашоо аялды өзүнөн өзү жумушка түртүп жатат. Эркектер ошого көнүп калды.

Иллюстрация (Сүрөттүн макалага тиешеси жок)
Иллюстрация (Сүрөттүн макалага тиешеси жок)

Асел Бектурсунова кыздар камкор эне, татыктуу жар болушу үчүн биринчи кезекте билим алып, өз укуктарын коргоого, максаттарын ишке ашырууга умтулушу керек деп эсептейт.

Жогоруда сөз болгондой облус аймагында иш орундары жетиштүү түзүлгөн эмес. Көпчүлүк эркектер жайкысын жер иштетип, мал бакса, кышкысын үйдө бош отурууга аргасыз. Талас районунун Аман аттуу тургуну буларды айтты:

- Азыр тааныш-билиш аркылуу ишке орношосуң да. Биздин үйдө аялым эле иштейт. Эки балам бар. Келинчегимдин тапканы майда-баратка жетет. Өзүм кээде гана бирөөгө жалданып иштейм. Көп учурда бошмун. Өкмөт жумуш менен камсыз кылса иштемекпиз.

Шаардагы дин кызматкерлери, жергиликтүү активисттер жана жогорку окуу жайлардын студенттери катышкан мындай талкуу "International Alert" эл аралык уюмунун колдоосу менен "Дин жана демократия боюнча конструктивдүү пикир алмашуу" долбоорунун алкагында өлкөнүн башка аймактарында да уюштурулат.

"Азаттыктын" архиви: Кыргыз аялдарынын турмуш чындыгы. 23-декабрь, 2017-жыл

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG