Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:06

Мектепти жардырууга кимдер даярданган?


Бишкектеги №20 мектептин короосунан жардыргыч зат табылды. Мектептин кароолчусу таап алган жалтырак баштыктагы сырдын банкасында жардыргыч зат экенин Коопсуздук комитетинин “Альфа” тобунун саперлору аныкташты.

"Бул жерде же тигил жерде жардыргыч зат табылды" деген кабарларга Кыргызстанда көнүп калгандай эле болушту. Мындай окуялар бир айда эки-үч кайталанган учурлар болуп жатат.

28-апрелде парламент депутаты Марат Султановдун үйүнөн граната жарылып, бирок эч ким жабыркаган эмес. Коопсуздук органдары депутаттын үйүндөгү жардырууну жасагандарды кармай элек. Мына эми андан бир жума өтүп-өтпөй мектептин короосунан жардыргыч зат табылып отурат.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин өкүлү Нурлан Токталиев №20 мектептин короосунан табылган баштыктагы сырдын банкасы жардыргыч зат экенин саперлор аныктаганын билдирди.

Беш-Күңгөйдөгү аскердик операциядан кийин, 6-январь, 2011-жыл
- Баштыкчаны текшере келгенде анын ичинен колдон жасалган жарылуучу түзүмү бар красканын банкасы табылган. Бул жарылуучу зат алюминий пудрасынан, аммиактын селитрасынан жана чачыроочу майда темир-тезектерден куралган. Адистердин алдын ала берген бүтүмүнө караганда, жарылуучу заттын күчү 1 кг тротилалык көрсөткүчкө барабар.

Мектептин короосунан жардыргыч заттын табылган фактысы боюнча "кол салуу" жана "терроризм" беренелерине ылайык кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери башталды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети буга чейинки жардыруулар жана киши өлтүрүүлөр боюнча "Жайшул Махди" террордук уюмун айыптап, 15-апрелде ишти сотко өткөргөн болчу.

Комитет тараткан маалыматка караганда Амир Исламов башында турган бул кылмыштуу уюмдун мүчөлөрү өткөн жылы сентябрда Бишкектеги синагогада болгон, 30-ноябрда Спорт сарайынын жанындагы болгон жардыруулар, 25-декабрда Бишкек шаардык милициясынын жанында жардырууга даярдалган унаа, жаңы жылда 4-январда Бишкекте үч милиция кызматкерин өлтүрүү жана башка бир катар оор кылмыштарды жасаган деп айыпталууда.

Азыркы учурда террордук уюмдун он мүчөсү кармалып камакта жатат, экөө 5-январда Беш-Күңгөй айылындагы операцияда жок кылынган. Бул уюмдун үч мүчөсү кармала элек, аларга издөө жарыяланган.

Беш-Күңөйдөгү операциядан кийин талкаланган үй, 6-январь, 2011-жыл
Кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалган жерди тинтүү учурунда ок атуучу куралдар, жардыргыч заттар жана диний-экстремисттик адабияттар табылган. Алардын түпкү максаты - Кыргызстандагы мамлекеттик түзүлүштү кулатып, халифат куруу болуп саналат.

Коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары Марат Иманкулов мектептин короосунан табылган жардыргыч зат да “Жайшул Махди” уюмунун калдыктарынын кылган иши болушу мүмкүн деген версияны да карап жатышканын билдирди.

Марат Иманкулов ошондой эле мурда Спорт сарайынын жана Бишкек шаардык милициясынын жанынан табылган жардыргыч заттар атайын даярдыктан өтүп келген адистер тарабынан жасалганын, бул жерде Ооганстандагы жана Пакистандагы террордук лагерлер менен байланыш барбы деген шек кетип жатканын белгилейт.

Мурдагы коопсуздук кызматкери Алишер Абдымомунов Кыргызстанда киши көп чогулган жайларды жардырууга жасалган аракеттердин артында Кыргызстан тандап алган парламенттик башкарууга каршы болгон радикал-экстремисттик, реваншисттик күчтөр турат деп айтып келатат.

Роза Отунбаева аскердик машыгуу учурунда, 4-май, 2011-жыл
Президент Роза Отунбаева Ош шаарында жаңы эле аяктаган “Бүркүт-Антитеррор-2011” аскердик машыгуусунда чыгып сүйлөп, Ооганстан менен Пакистандагы террорчул уюмдардын мүчөлөрү Борбор Азия өлкөлөрүнө дейре кирип келип жатышканы жөнүндө атайын кызматтардын маалыматы бар экенин, террорчул жана экстремисттик күчтөр өз ара биригип, өлкөдөгү абалды дестабилдештирүүү үчүн улуттар аралык жана социалдык чыр-чатактарды чыгарууга бел байлашууда деп билдирген.

Андан мурда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев Жогорку Кеңеште Пакистан менен Ооганстандагы террорчуларды даярдаган лагерлерде эки жүздөн төрт жүзгө чейин кыргызстандык жарандар машыгуудан өтүп жатканын, алардын көпчүлүгү өзбек тектүү жарандар экенин, Кыргызстан ислам кыймылы деген уюм түзүлгөнүн айткан эле.

XS
SM
MD
LG