Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:13

Түптүк эненин 150 баласы


Токтогон Алтыбасарова.
Токтогон Алтыбасарова.

1941-жылы Ленинградды (азыркы Санкт-Петербург) фашисттик Германиянын аскерлери курчоого алып, шаардагы балдар эвакуацияланган. Алардын айрымдары Кыргызстанга да жеткирилген.

Ошол каат жылдары Лениграддан эвакуацияланган 150 бала Ысык-Көлдүн Түп жергесине жеткирилген. Аларды Ак-Булак колхозунун 16 жаштагы катчысы Токтогон Алтыбасарова асырып алып, он жылдай баккан.

Алтыбасарова өзү чоңойткон балдары менен көп жыл өткөндөн кийин табышып, жолуккан. Алтыбасарованын ат көтөргүс эмгегин, баатырлыгын анын уулу Мурат Абдиев «Азаттыктын» Ысык-Көлдөгү кабарчысына айтып берди.

Токтогон Алтыбасарова Түптүн Күрмөнтү айылында 1924-жылы төрөлгөн. Өзүнүн айылындагы мектепте жети жыл гана билим алган. 7-классты да толук бүтө электе Экинчи Дүйнөлүк согуш башталып, айылдагы эр-азаматтар согушка аттанса, жумушка жарамдуу аял кишилер ооруктагы иштерге тартылган.

Ленинграддан алынып келген балдар. Архивдеги сүрөт.
Ленинграддан алынып келген балдар. Архивдеги сүрөт.

Колхоздун катчысы болуп иштөө милдети 16 жаштагы Токтогон Алтыбасаровага жүктөлгөн.

«Улуу Ата Мекендик согуш башталганда айылдын катчысы согушка кетип, ордуна «тың кыз, билимдүү кыз, орусчаны жакшы билген кыз» деп шайлашат. Ошол эле убакта комсомолго өтүп, комсомолдун катчысынын милдетин да аткарат», - деди уулу Муса.

Алтыбасарова колхоздун жүгүн мойнуна алгандан кийин согушка азык-түлүк, кийим-кече жана аскерлер мингенге жылкы жибере баштайт. Ошентип 1942-жылы Ленинградда блокада башталганда Алтыбасарова башкарган колхозго 150 бала алынып келген.

«1942-жылы райондун катчысы апама келет. «Токо, Токо...» деп эркелетип: «Ленинграддан балдар келатат. Ата-энелери жок, жетимдер. Азыр Түптүн Пристанына барып, тосуп келебиз. Арабаларыңды даярдап, жөнөт» дейт. Анан он арабаны чиркеп алып барышат. Келген балдардын эң эле кичүүсү бир жашта, эң уулусу 10 жашта болот. Чоңураак, эс тартып калгандары аттарын айтышат».

Ошентип, айылдагылар келген балдарды камкордукка алышат. Ар бири колунан келген тамак-ашын, кийим-кечесин берет. Катчы Алтыбасарова күндүз өкмөттүн жумушу менен алек болсо, кечкисин балдарды кароо менен күн өткөрөт. Атын билбеген балдарга өзү ат коет. Балдар да ага көнүп, баары тең «мама» деп калышат.

«Баарын аман-эсен чоңойтот. Он жыл багат. 1952-жылга чейин. Анан чоңойгондору кете баштайт. Ата-энеси барлар Ленинградга эле кетишет. Ошол жактан туугандарын издеп таап, ата-энеси жоктордон бул жакта калгандары да бар. Көбү энеме кат жазышчу, майрамдарда куттуктоо баракчалары келет. Энем күз келген сайын алма, өрүк, талкан жөнөтө баштайт. Бизге көтөртүп барып эле «Ленинградга» деп сала берчү».

Ленинграддык балдардын Токтогон апага жазган каттары.
Ленинграддык балдардын Токтогон апага жазган каттары.

Кат алышып отуруп 1979-жылы балдар Алтынбасаровага жолугуш үчүн Ак-Булак колхозуна келишет.

«Ошондо «Жашагым келет» деген телефильм тартыла баштайт. Ал тасма энеме арналган. Ошондо балдар баары сүйлөйт. Яковлев деген режиссер тарткан. Яковлев өзү да блокадачы болгон окшойт. Энемди ошол балдары көтөрүп кетти. Өкмөт көтөргөн жок. 41 жыл Ак-Булак айылында жооптуу катчы болуп иштеди. Ак-Булак деп өйдө жакта тоо бар, ошонун атынан өзү койгон».

Токтогон Алтыбасарованын күйөөсү Муса Абдиев да согушка барган. Согуш күчөп турган кезде 1942-жылы кетип, 1943-жылы жарадар болуп мекенине кайтат.

«Атам адегенде Москванын жанындагы бир аймакты коргоого катышыптыр. Ошол жерден полк боюнча биринчи «Кызыл жылдыз» орденин алат. Анан жарадар болот, кийин башка полкко туш болот. Андан кийин аскер-аба күчтөрүндө чалгынчы болуп кызмат өтөйт. Беларуста болот. Андан да жарадар болуп аман калып, артиллерист болуп калат. Ошентип 1943-жылы келет».

Токтогон Алтыбасарованын өмүрлүк жолдошу менен кантип таанышып, баш кошуп калганы да кызык.

«Айылдан согушка посылка жиберишет да. Анан Кыргызстандан барган посылка атамдар кызмат өтөп аткан бөлүккө түшүп калат. Бири атама берилет. Посылканы ачса, өзүнүн айылы Күрмөнтүдөн келген болот. Ошондо кат аркылуу таанышып калып, согуш бүткөндөн кийин 1948-жылы баш кошушкан».

Токтогон апа абышкасы жана неберелери менен.
Токтогон апа абышкасы жана неберелери менен.

Мурат Абдиев ата-энеси согуш жөнүндө өз балдарына көп деле айтып беришпегенин айтат. Энесинин эвакуацияланган балдарды бакканын кийин алар Алтыбасарова менен кат алышып, байланыша баштаганда билген экен.

«Ал окуялар тууралуу көп деле айтышчу эмес. Ленинграддык балдар апамды издей баштаганда 70-жылдары эле билдик. Ага чейин мен такыр укпаптырмын. Атам деле согуш жөнүндө көп айтчу эмес. Биз сурачубуз, бирок кыска гана айтып берип койчу».

Токтогон Алтыбасарова 41 жыл айылдын жооптуу катчысы болуп жүрүп 1982-жылы пенсияга чыккан. Ал эми абышкасы согуштан кийин колхоздо көп жыл эмгектенген, колхоздун курулуш бригадасын жетектеген, андан соң талаачылык боюнча эсепчи болуп жүрүп пенсияга чыккан. Алар тогуз баласынын баарын окуткан.

Токтогон Алтыбасарованын эмгегин баалап, айылдыктар Ак-Булактагы маданият үйүнө атын беришкен, андан кийин айылдык китепкана да анын атын алып, бир бурчуна Алтыбасарованын архивдеги материалдары жана сүрөттөрү коюлган.

Сүрөттөр Токтогон Алтыбасарованын жакындарынын үй-бүлөлүк архивинен алынды.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Асеин Маданбеков

    "Азаттыктын" Ысык-Көл облусу боюнча кабарчысы. 2015-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG