Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:30

АКШда жолун тапкан кыргыз ырчысы


Бермет Байкелова.
Бермет Байкелова.

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, ырчы Бермет Байкелова алты жылдан бери Американын Нью-Йорк штатында турат. “Азаттык” менен болгон маегинде ал Филармониядагы жумушун таштап алыска кетип калышына эмне себеп болгонун, учурда океандын ары жагында эмне менен алектенерин айтып берди.

"Азаттык": Бермет айым, Кошмо Штаттарга кеткениңизге бир топ жыл болуп калыптыр. Ал жакта эмне менен алектенесиз?

Бермет Байкелова: Эми бул жакта ар кандай. 2012-жылы жаңы келгенде бала баккам. Америкада көбү эле көнгүчө, тил үйрөнгүчө ошондой жумуштардан башташат. Бул жакта ар бир иш сыймыктуу, эч кандай уят жок. Кандай иш болбосун жоопкерчилик менен карайсың. Ошентип, Нью-Жерси штатында бир жылча кичинекей эки айлык эки кызды багып иштедим. Анын үстүнө таптакыр тил билбей келгем да, ошол себептен коллежде эки жыл тил үйрөндүм. Ошол эле маалда Манхеттенде ресторанда ырдап жүрдүм.

Италиялык ишкердин бир рестораны бар эле. Ал жакта фортепиано менен романс, арияларды ырдачумун. Дем алыш күндөрү чиркөөдө ырдап жүрдүм. Иши кылып акырындап өзүмдүн ордумду таап кеттим десем болот. Азыр вокалдан сабак берем. Көп деле кыйналган жокмун. Башынан эле ар бир ишке жоопкерчилик менен караган адаммын. Ошол себептен кандай гана жумуш болбосун берилип иштейм.

Ал түгүл бир жолу дүкөндүн колбаса кескен бөлүмүндө иштеп калдым. Ал жакта колбасаны атайын машине менен кесишет экен. Жаңы эле ишке кирип, бир күн иштеп чыккандан кийин дүкөн ээси: “Сиз ырчымын дейсиз, мен камерадан карап турсам өмүр бою эле колбаса кескендей иштеп жаттыңыз” дейт, мен болсо ал аппаратты биринчи көрүшүм эле. Ошондой да күндөр өттү.

"Азаттык": Сиз Кошмо Штаттардагы кыргыздардын да той-топурларында ырдайт окшойсуз? “Жар-жар” айтып жаш түгөйлөрдү киргизип жаткан видеолоруңузду көрдүм.

Бермет Байкелова: Ооба, келгенден эки-үч жума өтпөй эле кыргыздардын үйлөнүү тоюнда тамада болуп, ырдагам. Андан бери ар кандай иштер менен алек болуп, той-топурларга көп ыктачу эмесмин. Бирок былтыртан бери өзгөчө ар бир штатта эле мен кыргыз дегендин баары той өткөрүп жатат. Чакырышат, барып катышым берем. Жакында эле Нью-Йоркто Борбор Азия мамлекеттеринин өкүлдөрү чогулуп, чоң ресторанда Нооруз майрамын өткөрдүк. Концерт койдук. Кадимки Кыргызстандагыдай эле ырдап-чоордоп жүрөм.

"Америкада деле ырдап-чоордоп жүрөм" деген Бермет Байкелова бийчи кыздардын чок ортосунда.
"Америкада деле ырдап-чоордоп жүрөм" деген Бермет Байкелова бийчи кыздардын чок ортосунда.

​"Азаттык": Сиз Кыргызстанда таанымал инсан элеңиз. Кыргыз улуттук филармониясында бир топ жыл иштедиңиз. Анан алыска кетип калышыңызга эмне түрткү болду?

Бермет Байкелова: Негизи анын баарын айтып отурсам чоң жомок. Ток этер жерин айта кетсем - жетекчилер тарабынан бут тосуу болду. Ал убакта жаңы эле мурдагы президент Курманбек Бакиевдин бийлиги кулап, мени "Кыргыз улуттук филармониясына директор болбойсуңбу?" деп кесиптештерим сунуш кылышканынан макул болгом. Жетектеп деле үлгүргөн жокмун. Бирок менден кийин дайындалган киши аябай бут тосуп, көрбөгөндү көрсөттү. Аттестациядан өткөрбөй, "кесиптик деңгээли туура келбейт" дегенге чейин барды. Мен сотко кайрылайын дегенде, ойлонуп өз ордумда калтырышкан. Бирок андай кысым алдында иштей алган жокмун. Өзүмдүн да чорт кыялым бар, баарын бетке айтып көнгөм. Анын да кесепеттери болду окшойт.

"Азаттык": Эмне себептен жумуштан эле кетип калбай, тап-такыр Кыргызстандан чыгып кетүүнү чечтиңиз? Анын үстүнө чыгармачыл инсанга кайра башынан баарын башташ оор болсо керек?

Бермет Байкелова: Америкага кетип калышыма ал кырдаал деле түрткү болгон жок. Ал жылы да адаттагыдай эле жазында, май айында концертимди бердим. Бул жакка тааныштарымдын чакыруусу менен эс алганы эле келгем. Бирок эртеси күнү эле океанга түшүп атып, калам деп чечтим. Досторумдун эч кимиси ишенген жок. Ал кезде бул жакта жакын туугандарым жок эле. Азыр кыздарым жанымда. Бөлөлөрүм келишти.

Бермет Байкелова: "Америкага элүүдөн өткөндө келдим".
Бермет Байкелова: "Америкага элүүдөн өткөндө келдим".

​"Азаттык": Ошол чечимиңизге өкүнгөн учурларыңыз болдубу?

Бермет Байкелова: Жок, өзүм да таң калам. Себебин өзүм да түшүнбөйм. Балким жүрөгүмдүн түпкүрүндө катуу таарыныч бардыр. Бул жакта деле өз чыгармачылыгым менен алекмин. Ал гана эмес, комуз үйрөнүп албадымбы. Мурда бул аспапты эч качан черткен эмесмин. Бул жактан ооз комуз да үйрөндүм. Азыр тойлордо комуз менен ырдайм. Эки жыл катары менен Ноорузга карата, ондон ашык мамлекеттин катышуусунда жакшы фестиваль уюштурулду. Эки жолу баш байгени жеңдим. Кээде кудай өзү эле ушул жакка айдап келгенби деп ойлойм.

Мурдагы кесиптештерим менен байланышып турам. Жакшы эле жүрүшкөндөй. Эң негизгиси - Кыргызстандын өнүгүп кетишин каалайм. Алыста жүргөндө ошону эле тилеп калат экенсиң. Алгач келгенде гүл көрсөм деле “ушуну Кыргызстанга ала барам, баарына таратам” деп кыялдана берчү элем. Эми бул жакта адамзат үчүн бардык шарттар каралган. Кыргызстандыктар да ушундай шарттарда жашаса деп ойлоном.

Бермет Байкелова: Америкада деле ырдап-чоордоп жүрөм
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:52 0:00
Түз линк

"Азаттык": Жылдан-жылга четке агылган мекендештерибиз көбөйүп жатканы менен баары эле дароо өз ордун таба коюшпайт эмеспи. Чет жакка кетүүнү көздөгөндөргө кандай кеңеш бересиз?

Бермет Байкелова: Албетте, өзүңдүн туулган жериңе эч башка жер тең келбейт. Бирок айла жоктон, жакшы жашоо издеп чыгып жатпайбызбы, баарыбыз эле. Айтарым - күчтүү болуш керек! Ошол себептен чет жакка барам дегендерге эрктүүлүктү каалайм жана жоопкерчиликтүү болууга чакырам. Анткени мен деле көрүп жүрөм, башында көнө албай, стресске батып, кайра кетип калгандар да болот. Кээ бирөөлөр ошол эле стресстен арыла албай ооруп да калышат. Ар кандай.

Бул жактагы кыргыздар колунан келишинче жардам беришет. Бардык эле штаттарда кыргыздар ынтымактуу деп айта албайм. Маселен, мен Цинциннати, Чикаго штаттарында барып жүрөм. Ал жактагы кыргыздардын ынтымагын көрүп, абдан кубанам. Мен өзүм Жумгалда өстүм да, бала чагымда айылдагылар ушундай ынтымактуу эле, көчө-көчө болуп катышчу. Мисалы, ал убакта мектепти бүтүп, Фрунзеге (азыркы Бишкек) барып жогорку окуу жайга өтүп кетсең баланча-түкүнчөнүн кызы окууга өтүптүр деп козу союп, бир айыл бүт майрамдайт эле. Мен ошондой ынтымакты ушул эки штаттагы кыргыздардан көрдүм. Өзүм жөнүндө айта кетсем туз буйруган күнү Кыргызстанга барармын.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG