Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:38

"Манаска" май ташуу мамлекет колуна өттү


"Манас" Транзиттик борбору.
"Манас" Транзиттик борбору.

"Манастагы" Транзиттик борборго күйүүчү май сатуу боюнча келишимди “Газпромнефть-Аэро Кыргызстан” компаниясы утуп алды.

Орусиянын “Газпромнефть” компаниясы менен кыргыз өкмөтү түзгөн бул компания келечекте Транзиттик борбордун 90% чейинки керектөөсүн канааттандырмакчы. Мындан Кыргызстан бюджети жүз миллиондогон сом киреше алары күтүлүүдө.


Үч тарап тең ыраазы


"Манастагы" Транзиттик борборго күйүүчү майды азыркы мезгилде америкалык "Мина корп" компаниясы ташып жатат. Мурунку бийликтер тушунда бул компания жана Транзиттик борборго күйүүчү май ташууда опсуз коррупция орун алганы Кыргызстанда кеңири айтылып келген. Ошондуктан апрель ыңкылабынан кийин бул кирешелүү бизнести мамлекеттин колуна алуу аракети көрүлө баштаган.
Биз жаңы келишимге кол коюулушун АКШ менен Кыргызстандын кызматташуусунун жана өнөктөштүгүнүн белгиси катары карайбыз...
Памела Спратлен

Аны турмушка ашыруу үчүн “Газпромнефть-Аэро Кыргызстан” биргелешкен ишканасы түзүлгөн. Анын 51% Орусиянын “Газпромнефть” компаниясына таандык болсо, 49% кыргыз өкмөтүнө карайт.

Мына ушул компания Транзиттик борборго күйүүчү май ташуу боюнча бир жылдык келишимди жеңип алды. Келишимге АКШнын Коргоо министрлиги менен “Газпромнефть-Аэро Кыргызстан” 26-сентябрда кол койгон.

Бул тууралуу 27-сентябрда маалымат жыйынында айтылды. Маалымат жыйынына Кыргызстандын мүлк министри Даир Кенекеев, өкмөттүн аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков, АКШынын Кыргызстандагы элчиси Памела Спратлен, Орусиянын элчиси Валентин Власов катышты.

Элчи Спратлен айым келишимге кол коюуну Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы жакшы мамиленин белгиси катары атады:

- Биз жаңы келишимге кол коюулушун АКШ менен Кыргызстандын кызматташуусунун жана өнөктөштүгүнүн белгиси катары карайбыз. Бул келишимдин ачыктыгын камсыз кылуу үчүн бардык маалыматтарды элчиликтин вебсайтына коёбуз. Кыргыз өкмөтү да бул иште ачыктыкты камсыз кылууда тийиштүү чараларды көргөнү маалым.

Элчи айым ошондой эле Ооганстанда кырдаалды турукташтырууда Транзиттик борбордун ролун жогору баалады.

Транзиттик борборго күйүүчү май сатууда чечүүчү ролду Орусия ойноп келгени белгилүү. Ошондуктан биргелешкен ишкананын 51% Москванын колунда калууда. Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Валентин Власов жаңы келишимди кубаттап, канааттанганын жашырган жок:

- Долбоордун бет ачаары болду. Биз ага канааттанып турабыз. Бул ишти аткаруу узакка созулду. Мына расмий чечимдер кабыл алынды. Эми техникалык жана уюштуруу иштеринен кийин келишим аткарыла баштайт. Каражаттар болсо бюджетке түшө баштайт.

Өкмөттүн аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков жаңы келишимге жетишүүдө негизги максат - анын ачыктыгын камсыз кылуу болгонун белгиледи. Келишимдин аткарылышын Жогорку Кеңеш, өкмөт көзөмөлдөй алат. Ошондой эле Эсеп палатасынын да көз кырында болот.

Келишимге ылайык, биринчи үч айда “Газпромнефть-Аэро Кыргызстан” Транзиттик борборго күйүүчү майдын 20% ташыйт. Токсон күндөн кийин анын көлөмү 50% ашат. Негизи бул компания Транзиттик борбордун керектөөсүнүн 90% камсыз кылууга мүмкүнчүлүк алды. Калган 10% үчүн АКШнын Коргоо министрлиги жакынкы айда жаңы тендер өткөрөт.


Кыргызстанга канча пайда түшөт?

Мен экономист катары айтайын, бюджетке жок эле дегенде 150-200 млн. доллар түшө баштайт...
Жумакадыр Акенеев

Транзиттик борбордун жылдык керектөөсүнүн 20% 78 млн. галлон же 240 миң тонна экени айтылды. Бул 350 млн. доллардын тегерегиндеги сумманы түзөт. Албетте мындан кыргыз өкмөтү бюджетке олуттуу каражат түшөөрүн күтүп жатат.

Кыргызстан нефтетрейдерлер бирикмесинин жетекчиси Жумакадыр Акенеев бул келишимге кол коюунун тагдыры жана Кыргызстан бюджети үчүн пайдасы тууралуу буларды билдирди:

- Былтыр биздин президент Роза Отунбаева Кошмо Штаттардын
президенти Барак Обамага кайрылып, Транзиттик борборду кыргызстандык компания күйүүчү жана майлоочу май менен камсыздоосун сунуштаган. Барак Обама макулдугун берген. Мына ошол бир жылдан бери иш жүрүп, бүгүн америкалык тарап биздин “Газпромнефть-Аэро Кыргызстан” компаниясына бөлүп берди. Мен экономист катары айтайын, бюджетке жок эле дегенде 150-200 млн. доллар түшө баштайт.

Өкмөттүн аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков мындан бир топ жупуну санды атап, бюджетке бир нече жүз млн. сом киреше түшөөрү күтүлүп жатканын белгиледи. Бирок бул сандар боюнча “Газпромнефть-Аэро Кыргызстан” компаниясы кийинчерээк атайын маалымат берерин кошумчалады.

“Газпромнефть-Аэро Кыргызстан” компаниясынын өкүлү Тилек Исаев компания Транзиттик борбордун талаптарын аткарууга даярдыгын, бул үчүн Орусиянын бир нече мунай заводдору менен келишимдер түзүлгөнүн билдирди.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG