Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:36

Борбор Азиянын "Кырк кызы" Америкада


"Кырк кыз" мултимедиалык долбоорунун катышуучулары. Алардын арасында кыргызстандык Махабат Көбөгөнова да бар.
"Кырк кыз" мултимедиалык долбоорунун катышуучулары. Алардын арасында кыргызстандык Махабат Көбөгөнова да бар.

Жаздын келиши менен Кошмо Штаттардын бир катар шаарларында “Кырк кыз” эпосунун негизинде тартылган мултимедиалык долбоор көрүүчүлөргө тартууланып жатат. Каракалпак элинин бул эпосун сахналаштырууга Казакстандан, Кыргызстандан жана Өзбекстандан музыканттар тартылган.

"Кырк кыз" эпосунда көчмөн элдин Гүлайым аттуу сулуусу жана анын 40 жөкөр кызынын баатырдыгы даңазаланат.

Каракалпак элине таандык бул эпос сахналаштырып, эми океандын ары жагындагы искусство ышкыбоздоруна тартууланууда.

Каарман кыздар тууралуу эпосту дүйнөнүн башка бурчундагы көрөрмандарга тартуулоо идеясы өзбекстандык режиссер Саадат Исмаиловага келген. Ал бул демилгесин этномузыка жаатындагы адис Теодор Левин менен бөлүшөт. Эки чыгармачыл инсандын ою бир жерден чыгып, эпосту башкача форматта сунуш кылууга бел байлашат.

Тактап айтканда, алар эпосту фильм менен спектаклдин үлгүлөрүн кошуп, көрөрмандарга тартууламак болушат. Чыгармачыл курам да эл аралык болуп, Борбор Азия өлкөлөрүндөгү музыканттардан топтолгон. Алардын арасында кыргызстандык музыкант Махабат Көбөгөнова да бар. Махабат өзү катышкан өзгөчө чыгарма тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди:

- “Кырк кыз” - бул эпикалык поэма. Бул концерт да эмес, мультимедиялык видео-арт деп коёт. Экранда эпос чагылдырылат, биз сахнада аны коштоп ырдап турабыз. Катышуучулар Казакстандан, Өзбекстандан жана Кыргызстандан кастинг аркылуу тандалып алындык. Кыргызстандан жалгыз мен өттүм. Бул долбоорду “Ага-хан музыкалык демилгелер" фонду каржылайт. Теодор Левин, Феруз Нышанов жана Саадат Исмаилова башында турат. Эки жыл мурда алар Бишкекке келип кастинг өткөрүшкөн. Ага мен да катышкам. Бир нече музыканттарды угуп көрүшүп, анан мени тандап алышыптыр. Ал жерде мен көп аспапта ойнойм: комуз, темир ооз комуз, жыгач ооз комуз, кыл кыяк жана чопо чоор ойнойм. Ошондой эле ырларды да аткарып, вокалдык жактан да өзүмдү көрсөтөм. Биз буга чейин эки жолу Ташкентке даярдыкка чогулдук. Биринчи жолу кастинг бардык өлкөлөрдө өткөрүлүп бүткөн соң, бир нече убакыттан кийин мага чалышты. “Сен өттүң, катыш” деп сунуш кылышты. Ошондон кийин уюштуруучулар менен келишим түзүп, кол койдук.

"Кырк кыз" мультимедиялык долбоорунун катышуучулары.
"Кырк кыз" мультимедиялык долбоорунун катышуучулары.

Чыгармачыл топту режиссер Исмаилова кураган. Ага белгилүү өзбек композитору Дмитрий Яновский да кирген. Исмаилова бир жылдан ашуун ар кайсы өлкөлөрдө кастинг өткөрүп, жүздөн ашуун кыз-келинди угуп чыккан. Махабат айткандай, экранда фильм көрсөтүлүп, ал эми сахнада музыкант кыздар ар кандай аспаптарда ойноп, ырдап турушат.

- Американын алдында да Ташкентке чогулуп, соңку даярдыктан өттүк. Кошмо Штаттарда бир эле сахнада ойнобостон, бул долбоордун алкагында көп штаттарды кыдырып, окуучулар, студенттер үчүн мастер-класстарды өткөрүп, жолугушууларга барып жатабыз. Анан эң маанилүүсү - 25-мартта Нью-Йорктун Бруклин музыкалык академиясында чоң концерт тартуулайт экенбиз.

​Долбоорду бийчи Северина Рием сахналаштырса, каармандардын костюмдарын казакстандык сүрөтчү, дизайнер Камилла Курманбекова тиккен.

Ал эми Махабат Көбөгөнова болсо профессионалдык музыка жаатында бир топ жылдан бери эмгектенет. Ал бул өнөрдү башкаларга да үйрөтүп, окутуучулук менен да алектенет:

- Өзүм Кыргыз улуттук консерваториясын аяктагам. Ошондой эле Ага-Хан фонду каржылаган “Устат-шакирт” борборунан да сабактарды алгам. “Устат-шакирттен” кыл кыякта, темир ооз комузда жана жыгач ооз комузда ойногонду үйрөнгөм. Консерваториядан болсо гитара классын аяктагам. Азыркы учурда ушул эле борбордо эмгектенем. Андан тышкары Искусство институтунда кыл кыяк жана жыгач ооз комуз боюнча сабак берип атам. Ошондой эле 4-музыкалык мектепте гитарадан сабак берем.

Кыргызстандык музыкант Махабат Көбөгөнова.
Кыргызстандык музыкант Махабат Көбөгөнова.

​Махабаттын айтымында, “Кырк кыз” сыяктуу эл аралык долбоор чыгармачыл жаңы дем тартуулап жатат. Буга кошумча, комуз менен чет элдиктерге кыргыз күүсүн тартуулоо өзгөчө сезим пайда кыларын журтташыбыз жашырган жок:

- Мен кыргыздын аспабы менен чет жактарга чыгып, башка элге комуз күүлөрүн тартуулап, ошону менен бирге башка жактардын да күүлөрүн чертип, тажрыйба алмашуу болот деп ойлойм. "Кырк кыз" - мен үчүн чоң ачылыш, анткени мен биринчи жолу ушундай долбоорго катышып жатам. Адатта биз сахнага чыгып, аткарып, кайра кетип калып көнгөнбүз да. Дагы бир ирет айтам, бул концерт эмес, мультимедиялык долбоор.

Каракалпактардын "Кырк кыз" эпосу бүткүл Борбор Азия элдерине кеңири тараган. Оозеки чыгарма болуп эсептелген бул эпос 1940-жылдары элдик акын Курбанбай Тажибаевдин айтуусунда кагазга түшүрүлгөн. Андан бери орус, өзбек, казак, түркмөн жана кыргыз тилдерине да которулган. Анын ар кандай варианттары бар.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG