Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:22

Украинада калган кыргыз жоокери


Тосор айылындагы Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон жоокерлерге арналган эстелик.
Тосор айылындагы Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон жоокерлерге арналган эстелик.

18 жашында согушка кетип, Днепропетровск аймагындагы согуш талаасында окко учкан кыргызстандык жоокер Мукаш Саалакуновдун дарегин билиш үчүн «Бир тагдырдын изи менен» аттуу экспедициялык топ Украинага барды.

«Тосор» коому уюштуруп жиберген изкубарлар тобунун мүчөлөрү Кадырбек Кенжебаев менен Бакыт Алымов сапар алдында кыргыз жоокеринин таржымалы тууралуу «Азаттыкка» айтып беришти.

- Биз Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунун Тосор айылында мындан төрт жыл мурун «Тосор» деген коомду түзүп, андан бери көп жакшы иштер аткарылып жатат. Алардын бири - согушта курман болгон биздин айылдаштардын, аталардын таржымалын, чоо-жайын тактап, кеңири коомчулукка жеткирүү.

Мукаш Саалакунов.
Мукаш Саалакунов.

Биздин аталардын бири Мукаш Саалакунов 18 жашында согушка кеткен экен. Маалыматтар боюнча ал 1943-жылы Днепрди кечип өтүү операциясында комсомол билетин ок көзөп өтүп курман болгон экен.

- Согушка кайсы жылы кеткен?

- Согушка 1941-жылы кеткен. 1978-жылы биздин Тосор айылындагы мектепке Днепропетровск шаарынан эки жигит, бир кыз келип, «биздин ушундай баатыр агабыз, атабыз бар» деп айтып беришкен. Биз абдан толкунданып укканбыз. Мукаш Саалакунов агабыз Днепропетровскидеги бир айылда курман болуп, кийин ошол айылдагы көчөгө аты ыйгарылган экен. Ошол боюнча эле Днепропетровскиден келгендер менен байланыш жок болуп калды.

Азыр ушул ишти «Тосор» коому колго алып жатабыз. Биздин ушул сапарыбызды экспедиция деп атадык. «Бир баатырдын изи менен» же «Бир тагдырдын изи менен» деген тема көтөрүп жатабыз. Мукаш Саалакуновдун жаткан жерин таап, колдон келсе куран түшүрүү максатыбыз бар. Буга чейин комсомол билети жөнүндө маалымат бар болгону менен кайсы жерге коюлгандыгы жөнүндө маалымат жок болуп жатат.

- Кантип тактайсыздар?

- Биз алардын согушкан жерин Интернет аркылуу билдик. Харьков облусундагы Изюминский райондо жайгашкан Войсковой деген айыл экен. Ошол жерде 3200 жоокердин сөөгү коюлган экен. Мүмкүн ошолордун ичиндедир?

Тосор айылындагы Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон жоокерлердин тизмеси.
Тосор айылындагы Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон жоокерлердин тизмеси.

- Ошол жерде тизмеси бар бекен?

- Ошол тизменин ичинен таппай коюшуптур. Бирок биз ошол ишти жандандырып, согуштун ардагерин, белгисиз аскерлерди изилдеген коомдор бар да, ошолор менен байланыш түзүп, ишти аягына чейин чыгарып тактасак деген максатыбыз бар.

- Убагында «кара кагаз» келбептирби? Дайынсыз жоголгон жоокерлердин катарында болуп жатабы?

- Өлгөнү белгилүү. «Кара кагаз» келгени бышык окшойт. Биз деле аны жакшы тактай элекпиз. Сыйда апабыз да каза болуп калды.

Тосор айылынын мектеп окуучулары Мукаш Саалакуновдун апасы Сыйда Болотованын үйүндө конокто.
Тосор айылынын мектеп окуучулары Мукаш Саалакуновдун апасы Сыйда Болотованын үйүндө конокто.

- Тууган-туушкандары, балдары да жок, 18 жашта бала бойдон согушка кетти да?

- 18 жашта согушка кеткен. Бала бойдон... Азыр биз 18деги баланы эшикке да чыгарбай жатпайбызбы. А булар душман менен бетме-бет согушуп жатпайбы. Анан ушундай мөлтүрөгөн балдардын эч бир изи калбай жатат.

- Бул жоокердин чоо-жайын жакшы билген деле киши жок болуп жаткан турбайбы?

- Анаркүл эже деген карындашы бар. Тоң районунда турат. 83 жашка келип калыптыр. Неберелери менен байланыштык, «биз кетип жатабыз» деп бир ооз айттык.

Тосор айылындагы Мукаш Саалакунов атындагы көчө.
Тосор айылындагы Мукаш Саалакунов атындагы көчө.

- Тирүүлөрү деле аз калды. Булардын деле эрдиктери унутулуп бараткан учурда жакшы демилге көтөрүп жатыпсыздар. Эми маршрутуңуз кандай болот?

- Маршрутту түзүп койдук. Украинага учабыз. Элчилик менен да кабарлашып, байланыштык. Аларды 8-майда Днепропетровскидеги салтанаттуу жыйынга чакырган экен. Алар менен кошулуп 8-майда Днепропетровскидеги музейге баралы деп турабыз. Ошол музейде Мукаш агабыздын комсомолдук билети сакталган экен.

- Ал музей Днепропетровскинин өзүндөбү?

- Өзүндө экен. Ошого 8-майда баралы деп жатабыз. Ага чейин Харьков облусундагы Изюминский районуна барып, изкубарлар болсо, ошолор менен малымат алмашып, оюбузду айтып, мүрзөсү кайсы жерге коюлганын таап, ишин аягына чыгарсак жакшы болот эле.

Тосор айылынын китепканасындагы Мукаш Саалакуновго арналган бурч.
Тосор айылынын китепканасындагы Мукаш Саалакуновго арналган бурч.

- Сапарыңыз канча күнгө уланат?

- Биринчи максатыбыз - байланыштарды түзүү. Эми азыр Интернет бар, телефон бар дегендей, байланыш түзүп алсак, андан аркысын улантып кетет элек.

- Буга чейин Украина тараптан, бийлиги тарабынанбы, аскер кызматы же изкубарлар тарабынанбы, сиздер менен түз байланышып же сиздер байланышкан учурлар болдубу?

- Кийинки кезде жок. Азыркы демилге биздин «Тосор» коомунун өз демилгеси болуп жатат. Анын ичинде да өзүбүздүн анча-мынча ишкер балдар бар. Ошолордун демилгеси болуп жатат. Буюрса, мындан ары байланыш даректерин, телефондорун алып алсак, анан ушул ишти улап кетсек жакшы болот эле.

- Сиз айтып жатпайсызбы, «1974-жылы Мукаш Саалакунов тууралуу маалыматтарды тактоо аракеттери башталган» деп. Эмне үчүн 1974-жылы башталган деген суроо туулуп жатат?

- 1974-жылы «Комсомольская правда» гезитине макала чыккан экен. «Ок биринчи комсомолдук билетин көзөп өтүп, анан жүрөгүн тешип өткөн» деген. Ушундай эле жүрөгүн тешип өткөн орус жигит жөнүндө да айтылган экен. Ошондон кийин анан биздин комсомолдук органдар тарабынан «Мукаш Саалакунов Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунун Тосор айылында төрөлгөн, Жети-Өгүз райондук аскер комиссариаты аркылуу согушка чакырылган экен» деген маалыматтар такталган. Ошондон кийин, 1978-жылы Днепропетровскиден үч жаран келген. Алар Мукаш Саалакунов атындагы дружина бар экенин айтышкан. Мен ал кезде 8-9-класста болчумун. Ал Мукаш Саалакунов атындагы пионерлер дружинасы болчу экен.

- Бул элчиликтин жардамы менен болобу?

- Элчилик «жардам беребиз» десе биз сүйүнөбүз. Болбосо өзүбүз аракет кылабыз.

- Апасы канча жашында каза болду?

- Апасы 75ке чыгып каза болду.

Мукаш Саалакунов төрөлгөн үй. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Тосор айылы.
Мукаш Саалакунов төрөлгөн үй. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Тосор айылы.

- Согушка кеткен учуруда атасы тирүү бекен?

- Согушка кетип жатканда Саалакун чоң ата бар экен.

- Ушул «Бир тагдырдын из менен» деген урааныңар абдан жакшы экен. Мукаш Саалакунов гана эмес, башка миңдеген жоокерлер согушка кетип кайткан жок, дайынсыз жоголгон. Ошолорду тапканга өзүнчө шык берет го?

- Ошол тууралуу маалымат бере кетели, Тосордон биздин аталардан 114 киши согушка кетиптир. Анын 52синин дайыны жок. Ошол 114 жоокердин 44нүн тукуму уланбай калган. Анын ичинде Мукаш Саалакунов да бар. Артынан тукум уланбай калган. Бул согуштун айынан болгон чоң трагедия.

Кыргызстандын Украинадагы элчиси Жусуп Жээнбеков менен жолугуу учурунда.
Кыргызстандын Украинадагы элчиси Жусуп Жээнбеков менен жолугуу учурунда.

​P/S: 8-майда Кадырбек Кенжебаев менен Бакыт Алымов ​Кыргызстандын Украинадагы элчиси Жусупбек Жээнбеков менен жолукту. Элчи "Тосордун" эки мүчөсүнө эки өкүл кошуп Днепропетровск шаарына жибергени маалымдалды.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG