Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:19

Жалал-Абад: үлпөт тойдогу тополоң


Мушташка катышкан жаштар
Мушташка катышкан жаштар

Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтында үйлөнүү тоюнда бейбаштык кылган 18 адам камакка алынды. 8-ноябрда алар патрулдук милициянын эскертүүлөрүнө баш ийбей, кол көтөрүү менен кызматтык унаасын тепкиге алышкан. Милиция кошумча күч чакырып, асманга ок атууга мажбур болгон.

"Үлпөт тойдун катышуучулары менен патрулдук милициянын тиреши шаар борборундагы Барпы театрынын алдындагы аянтта орун алган. Милиция коомдук жайда мас абалда тартип бузган адамдарды тартипке чакыруу үчүн алгач эскертүү иретинде асманга ок аткан. Ага баш ийбеген соң, ортодо мушташ чыгып, чогулгандар милициянын "Ниссан" үлгүсүндөгү кызматтык автоунаасын тепкиге алышкан. Андан соң кызматкерлер кошумча күч чакырууга мажбур болгон", - дейт облустук ИИБнын басма сөз кызматкери Мыктыбек Турдубеков.

- 8-ноябрь күнү кечки саат беш чамасында шаар борборундагы 25-30 жаштардагы адамдар той кортежи менен жол эрежесин бузуп, оозго алгыс сөздөр менен сөгүнүп, коомдук жайдагы тартипти бузган. Аны байкаган патрулдук милициянын кызматкерлери абалды көзөмөлдөө үчүн жерине барган. Ал учурда топтолгондор патрулдук милициянын бир экипажына кол көтөрүп, унаасына материалдык чыгым келтирген. Мыйзамдуу талаптарга баш ийбей, патрулдук милициянын кызматтык унаасын тосуп алышкан. Абалды жөнгө салуу максатында кошумча күч чакыртылып, асманга эскертүү иретинде ок атылган.

Патрулдук милиция ишенимди актай албай жатат

Патрулдук милиция ишенимди актай албай жатат

Жогорку Кеңеште жол коопсуздугун көзөмөлдөө үчүн жаңыдан түзүлгөн патрулдук милициянын ишмердиги сынга алынды.

Турдубеков окуяга тиешеси бар делген 18 адам Жалал-Абад шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайында камалып, сурак берип жатканын билдирди. Алардын баары Ноокен районунун тургундары.

Жогорудагы окуяга байланыштуу кармалгандардын бешөө Кылмыш-жаза кодексинин 234-341-беренелери (бейбаштык жана бийлик өкүлүнө кол көтөрүү) менен айыпталып, иш козголду. Ал эми 13 адам Административдик кодекстин 364-беренесине ылайык беш суткага камалды. Учурда алар шаардагы коомдук жумушка тартылганы маалым болду.

Айыпталып жаткандарын бири, аты-жөнүн атагысы келбеген Ноокен районунун тургуну эч кимге кол көтөрбөгөнүн айтып, айыпсыз экендигин ырастоодо.

- Барпы театрынын алдындагы аянтка барып, досумдун тоюн белгилеп жүргөнбүз. Мушташ эмнеден башталганын билбейм. Мага эч ким кол көтөргөн жок, мен дагы эч кимди урбадым. Жөн гана ошол жерден камерага түшүп калган экенмин, мас эмес болчумун. Окуяга эч кандай тиешем жок.

Жалал-Абад шаарына кире бериштеги "Курманбек баатыр" дарбазасы жана Барпы театрынын алдындагы аянт кечкисин үлпөт тойдун кортежине толот. Окуя катталган күнү да эс алуу багынын алдындагы аянтта эл көп болгон.

Кылмышка шектелип кармалган балдардын биринин жакыны Давитбек Калдаров милиция өзү чагым кылган деп айтты:

- Тойго барып, көңүл ачып жүргөн балдарга патрулдук милиция кызматкерлери тийишип эмне кылат? Алар бир автоунааны кууп барып, бир баланы уруп коюшуптур. Эч нерсе болбогондой кайра бир милиция ооруканага жатып чыгыптыр. Той болуп жаткан жерде балдар чогулуп турат, каткырып ойношот. Бул жерде алардын эч кандай күнөөсү жок, тез арада бошотуу керек. Бир жактуу карабай, баарына тегиз карасын. Милиция өздөрү чагым уюштурган.

Тажикстан: той азайса экономика оңолот

Тажикстан: той азайса экономика оңолот

Тажик бийлиги тойлорду көзөмөлгө алган мыйзам ишке кирген он жылдан бери өлкө тургундары 18 млрд сомони үнөмдөшкөнүн айтып чыкты

Күз келгенден бери шаар ичинде каз-катар тизилген той кортежин күн сайын көрүүгө болот. Шаар кеңешинин буга чейинки чыгарган токтомуна ылайык той унаалары бештен ашпашы керек.

Шаардык ички иштер бөлүмүнүн патрулдук милициясынын батальон командири Кылычбек Рысбаев ушу тапта той кортеждерин көзөмөлдөй турган кошумча экипаж тартылганын билдирди:

- Үлпөт тойдогу ызы-чууга байланыштуу бул окуя биринчи жолу катталып жатат. Буга чейин терезелерин караңгылатып айдаган, жолду тосуп алып жүргөн жана желекти көтөрүп унаа үстүнө чыккан жагдайлар боюнча мыйзам бузуулар болгон. Патрулдук милиция кызматкерлери азыр той сезонунда аларды тыкыр көзөмөлгө алууда. Эреже боюнча той кортеждеринин катары беш унаадан ашпоосу керек. Кээде үч-төрт тойдун унаалары биригип шаарда жүргөн учурлар да катталат. Жакында Бишкектен кошумча экипаж тартылып, алар ушул той унааларын көзөмөлдөө үчүн жолдорго коюлат.

“Жалал-Абад жаштар” коому үлпөт тойго байланыштуу бул окуяны жаштардын адепсиздиги катары баалады. Ошол себептүү алар үйлөнүү кечелери менен майрамдарды тартиптин чегинде, эч кимге тоскоол болбогудай өткөрүүнү сунушташат.

Жол эрежесин бузган той кортеждеринин айланасындагы жагдай буга чейин да болгон. Ушул жылдын август айында Аксы районунда үлпөт тойдогу жети автоунаага карама-каршы тилкеге чыгып эреже бузгандыгы үчүн 3 миңден 5 миң сомго чейин айып пул салынган. Ал эми орган кызматкерлерине каршылык көрсөтүп, кол көтөргөн окуя облуста алгач ирет катталууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG