Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:23

Спорт: Ардагерлер жаштарга үлгү


Македониядагы кикбоксинг боюнча дүйнө чемпионатында эки жигит мөрөй алды. Грекиядагы ардагерлердин самбо дүйнө чемпионатынан кыргызстандыктар 6 медал утуп келишти.

31-октябрда самбо күрөшүнөн Грекияда өткөн ардагерлер арасындагы дүйнө чемпионатына Ала-Тоодон алтоо барып, 6 медал утуп келишти. 82 кило салмакта Турусбек Асаналиев финалдык таймашта колунан жаракат алып, экинчи орунду ээледи.

2009-жылы дүйнө чемпиону болгон Абакир Рысов оор салмактагы таймашуулар курч мүнөздө өткөнүн “Азаттыкка” айтып, бул ирет коло байге менен келгенин билдирди:

- Жылдан жылга таймашуулар курчуп баратат. Мен ушуну менен алтынчы ирет дүйнө чемпионатына катыштым. Мурдагыларга жалгыз барып жүрсөм, быйыл алтообуз бардык. Беш ардагер биринчи ирет мындай дүйнөлүк таймашууга катышса да мөрөй алып келишти. Орусия, Франция, Болгария, АКШ өлкөлөрүнүн командалары мыкты даярдык менен келип, мелдеш курч мүнөздө өттү. Мага эмки жылы Африканын Маракко өлкөсүндө, кийинки жылы АКШда өтчү дүйнө чемпионатына атайын чакыруу беришти.

Ушул ардагерлердин дүйнө чемпионатында кыргызстандык Самидин Белеков (90 кг), Алимжан Махмудов (100 кг), Илимбек Чокеев жана Александр Жуков үчүнчү орунду ээлеп, коло медал тагынды. Мында 28 өлкөнүн үч жүзгө жакын ардагер спортчусу күч сынашты.

Эки жигит гана мөрөй алды

31-октябрда Македониянын Скопье шаарында кикбоксинг боюнча дүйнө чемпионаты жыйынтыкталды. Мында Кыргызстандын намысын коргогон жигиттерден экөө гана ийгиликке жетти.

Икбол Фазилжан уулу күмүш байге утса, Рашид Аманкулов коло медалдын ээси болду. Дүйнөнүн эки жолку чемпиону Мирбек Сүйүмбаев баштаган тажрыйбалуу мушкерлер четке чыгып калышты.

Дзю-до боюнча дүйнөлүк таймаш

3-ноябрда Түштүк Африканын Кейптаун шаарында дзю-до күрөшүнөн жаштар арасында дүйнө чемпионаты башталат.

Бул дүйнөлүк таймашууга кыргызстандан 4 спортчу катышат. Алар: быйылкы Азия чемпиону, Сингапурда өткөн дүйнөлүк жаштар олимпиадасынын коло байге ээси Болот Токтогонов, Азия чемпионатында күмүш медал ээлери Канат Токталиев менен Салтанат Ахметжанова жана Азия биринчилигинин коло байге ээси Юрий Краковецкий.

4 балбанды өлкөгө эмгек сиңирген устат Абдразак Шаршенов коштоп баратат.

Түркиядагы шахмат олимпиадасы

31-октябрда Түркиянын Измите шаарында шахматтан жаштар арасында дүйнөлүк олимпиада оюндары соңуна чыгат.

Мында 26 өлкөнүн жаш шахматчылары мелдешүүдө.

Кыргызстандыктар акыл таймашында Кения, Сирия өлкөлөрүнүн командаларын утуп, азырынча 8-орунда келатышат. Акыркы аттандашы Армениянын шахматчылары болгону турат.

Алтынга тете күмүш байге

31-октябрда Казакстандын Актау шаарында бокс боюнча эл аралык мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды. Мында Кыргызстан, Украина, Азербайжан, Өзбекстан, Ирак, Армения баштаган 10 өлкөнүн спортчулары күч сынашты.

Кыргызстандын намысын 4 жигит коргоп, жеңил салмактагы Медер Мамакеев менен 60 кг. салмактагы Сыймык Абдылдаев экинчи орунду камсыз кылышты. Каныбек Азамат уулу менен Нурсултан Осмонов жеңилүү ызасын тартты.

Былтыр ушул турнирде баш байгени Чыңгыз Борбашев утуп келген.
Бокс боюнча улук устат Таалай Кадыралиевдин айтымында, кыргызстандык мушкерлер 1-ноябрда Киевде өтө турган мелдешке катышууга барышты. Бул таймашууда дагы 4 жигит сыналат. Турнирдин жеңүүчүлөрү 7-ноябрда аныкталат.

ФИФА калысы Кочкаровдун кадыры өсүүдө

Кыргызстандык футбол калысы Бахадыр Кочкаровго ФИФА ишеним көрсөтүп, аны дүйнө чемпионатынын талапкерлерин иргеп алуу мелдештерине калыс катары дайындады.

Ошентип Бахадыр Кочкаров 8-декабрдан 18-декабрга чейин Жапонияда өтө турган беттешүүлөргө калыстык кылат. Ал өзбекстандык калыс Равшан Ирматовдун тобунда дүйнө чемпионатынын талапкерлерин иргеп алуу мелдештерин тейлейт.

Кыргызстан футзалдан мыктылар сабында

2012-жылы футзалдан Азия чемпионатынын финалдык беттешүүлөрү Бириккен Араб Эмираттарынын Дубай шаарында болот.

Ноябрда талапкерлерди иргеп алуу таймашуулары башталат. Кыргызстандын тобундагы Мальдия аралдарынын командасы шарты жоктугун шылтоолоп, беттешүүлөргө катышпастыгын билдирди.

Өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Бообек Кадыркулов:

- Ошентип кыргызстандыктар иргеп алуу мелдештеринде Тажикстан менен Түркмөнстандын командалары менен күч сынашат. Кыргызстандын футзал командасы финалда ойноого мүмкүнчүлүгү бар.

2003-жылы Кыргызстандын футзал командасы Азия чемпионатынын финалында коло байге утуп алышкан.
XS
SM
MD
LG