Линктер

шейшемби, 25-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 20:52

"Түрк кеңешинде локомотив жок"


Чолпон-Атадагы Түрк тилдүү мамлекеттердин саммитине катышкан лидерлер, 3-сентябрь, 2018-жыл.

Түрк тилдүү мамлекеттердин кеңешине кандай реформа керек? Эмне үчүн бул кеңеш гуманитардык жана маданий кызматташтыктын алкагынан чыга албай жатат? Саясий маселелерде уюмдун мүчөлөрү бири-бирин канчалык колдоп кете алат? “Азаттыктын” суроолоруна азербайжандык саясат таануучу Зардушт Ализаде жооп берди.

“Азаттык”: Зардушт мырза, мына бир нече жылдык тыныгуудан кийин Кыргызстанда Түрк тилдүү мамлекеттердин кеңешинин кезектеги саммити өттү. Анын аягында кабыл алынган кызматташтыкты өнүктүрүү концепциясында уюмдун органдарын реформалоо сунушу да камтылган экен. Түрк тилдүү мамлекеттердин кеңеши кандай реформага муктаж?

Зардушт Ализаде: Негизи бардык нерсени жакшыртып, өнүктүрсө болот. Бирок Түрк тилдүү мамлекеттердин кеңешинде мүчө өлкөлөрдүн дагы жакындан кызматташуусу үчүн саясий эрк азырынча жетиштүү эмес. Уюмдун мүчөлөрүнүн түрк тилдеринде сүйлөгөнү эле бул өлкөлөрдү бириктирип койбойт. Саясий-экономикалык кызыкчылыктар, бирдиктүү рынок, бирдиктүү өндүрүш болушу зарыл. Дал ушул фактор түрк тилдүү мамлекеттерге жетишпей жатат.

Политолог Зардушт Ализаде.
Политолог Зардушт Ализаде.

Борбор Азия мамлекеттеринин абалы башка, Азербайжан менен Түркияныкы башка. Керек болсо нейтралитет саясатын жактаганы үчүн да Түркмөнстандын кызыкчылыгы башкалардан айырмаланып турат. Ооба, Түркия бул өлкөлөрдүн түрк тилдеринде сүйлөгөнүн колдонуу аркылуу бул мамлекеттердеги өзүнүн саясий салмагын арттырууга, экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар.

Борбор Азия тобунда Казакстан менен Өзбекстан лидерлик позицияда. Түркмөнстан менен Кыргызстан болсо анчалык көрүнүктүү орунда эмес. Ошентсе да ар бир мүчө бул кызматташтыктан өзүнө пайда издеп жатканы бышык.

Андыктан бул уюмдун түзүмү канчалык өзгөрбөсүн, азырынча Түрк тилдүү мамлекеттердин кеңешинин салмагы артып, дүйнөлүк саясатта маанилүү уюмдардын бири болот деп күтө албайбыз.

“Азаттык”: Азырынча Түрк тилдүү мамлекеттердин кеңешине расмий түрдө төрт өлкө гана – Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркия кирет. Шавкат Мирзиёев бийликке келгенден бери Өзбекстан кеңешке кошулуу ниетин билдирип келет. Эмне үчүн бул кеңеш бардык түрк тилдүү мамлекеттердин башын бириктире албай келет?

Түрк тилдүү мамлекеттердин кеңешине мүчө мамлекеттердин желектери, 3-сентябрь 2018-жыл.
Түрк тилдүү мамлекеттердин кеңешине мүчө мамлекеттердин желектери, 3-сентябрь 2018-жыл.

Зардушт Ализаде: Менимче, бул уюм башкаларды кызыктыра берет деп ойлойм. Эмне үчүн? Себеби бул уюмдун бир дагы мүчөсү толук үстөмдүк кыла албайт.

Өзбекстан кызыгып жатат. Кайсы бир мезгилде Ислам Каримов Өзбекстанды бул сыяктуу кандайдыр бир саясий уюмдардан оолак кармап келген. Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна бирде кирип, бирде чыгып кетип турган. Азыр Шавкат Мирзиёев Тирк тилдүү мамлекеттердин кеңешинде үстөмдүк кылган бир күч же гегемон жок экенине ынана баштады. Түркия да, Казакстан да, Азербайжан жана Кыргызстан да бул уюмда толук үстөмдүк кылбайт. Андыктан Өзбекстан тең укуктуу мүчө катары бул уюмга кошулуу менен анын алкагында экономикалык жана маданий кызматташтыкты өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүн караштыра алат.

Дароо эле укмуш бир перспектива пайда боло калат деп айта албайм. Бирок андай перспективаны изилдеп көрүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Түркмөнстандыкы да ушул сыяктуу. Менимче, Түркмөнстан да келечекте бул уюмга кызыга баштайт.

Себеби бул уюмда үстөмдүк кылган күч жок. Ошентсе да, Түркия бул уюм аркылуу өзүнүн саясий, маданий таасирин, балким экономикалык таасирин бекемдөө аракет кылып жатканын да айтпай кое албайбыз.

“Азаттык”: Чолпон-Атадагы саммитте саясий билдирүүлөр да айтылды. Азербайжан Тоолуу Карабак маселесин көтөрсө, Түркиянын президенти өнөктөштөрдү доллардан баш тартууга чакырды. Бул сыяктуу саясий, экономикалык маселелерде уюмдун мүчөлөрү бири-бирин колдоого даярбы?

Зардушт Ализаде: Азырынча айрым маселелерде колдоо бар. Аны ачык айтуу керек. Мисалы, Казакстан Азербайжандын Армения менен карама-каршылыгына себеп болгон Карабак маселесинде Бакуну ачык эле расмий колдойт. Түркия да колдоого алып келет. Кыргызстан менен Өзбекстан Азербайжандын позициясына лоялдуу мамиле кылат.

Мүчө мамлекеттер Түркиянын да позицияларын колдоого даяр. Өз кезегинде Анкара да башка мүчөлөргө саясий, экономикалык, маданий жактан колдоого көрсөтүүгө дилгир. Андыктан бул уюмдун мүчөлөрү тышкы саясатта бир аз да болсо бири-бирине ишене алышат. Дүйнөлүк саясий айдыңда алар жалгыз эмес.

Шавкат Мирзиёев бийликке келгенден бери Өзбекстан Түрк тилдүү мамлекеттердин кеңешине кошулуу ниетин билдирип жатат.
Шавкат Мирзиёев бийликке келгенден бери Өзбекстан Түрк тилдүү мамлекеттердин кеңешине кошулуу ниетин билдирип жатат.

“Азаттык”: Ошентсе да, Түрк тилдүү мамлекеттердин кеңеши азыркыга чейин көбүрөөк гуманитардык жана маданият тармактарында гана кызматташтыкты улантып келет. Бир канча жыл мурда казак президенти Нурсултан Назарбаев бул уюмдун алкагында Бажы биримдигин түзүү демилгесин көтөргөн. Бирок ал ишке ашкан жок. Эмне үчүн Түрк тилдүү мамлекеттердин кеңешинде күчтүү экономикалык кызматташтыкты көрө албай жатабыз?

Зардушт Ализаде: Мен Түрк тилдүү мамлекеттердин кеңешинин алкагында мыкты экономикалык кызматташтык түзүлөөрүнөн азырынча күмөн санап турам. Күчтүү экономикалык биримдик жаралышы үчүн дүйнөлүк масштабда же жок дегенде регионалдык масштабда локомотив болуп бере алган кубаттуу бир оюнчуга муктаждык бар. Уюмдагы экономикасы күчтүү деген Түркия деле бул жүктү тартып кете албайт. Андан мүмкүнчүлүгү деле жок.

Түркия өзү Европа Биримдигинин эшигин каккылап жүрүп, азыр Евразиялык экономикалык биримдикке кошулууну караштырып жатат. Казакстан да, Кыргызстан да Орусия үстөмдүк кылган бул биримдиктин мүчөсү. Андыктан экономикалык кызматташтык тууралуу айтылган сөздөр каалоо жана жакшы ниет катары кала берүүдө.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG