Линктер

жекшемби, 18-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 01:08

Түрк тилдүү мамлекеттердин башын кошкон саммит


Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында Түрк тилдүү мамлекеттер кеңешинин президенттеринин саммити өттү.

3-сентябрда Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарындагы "Рух ордо" комплексинде Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин 6-саммити өттү. Бул ирет Өзбекстан уюмга расмий түрдө кошулушу ыктымалдыгы айтылган эле.

Чолпон-Атада саммиттин декларациясына кол коюлуп, түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгын өнүктүрүү концепциясы кабыл алынды.

Саммитте кеңештин мурдагы баш катчысы Рамил Гасан кызматын тапшырып, ордуна 59 жаштагы Багдат Амреев бекитилди. Жаңы баш катчы Түрк тилдүү мамлекеттердин кеңешинин 2019-жылдагы саммити Азербайжанда өтө турганын билдирди. Ал Өзбекстан азырынча уюмга кошула электигин, "жакын арада толук кандуу мүчө болот" деп ишенерин кошумчалады.

Амреев: Венгрия кеңешке байкоочу болду
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:12 0:00

Чолпон-Атадагы саммитте Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган түрк тилдүү мамлекеттерди Фетхуллах Гүлендин кыймылына каршы чара көрүүгө чакырды. Расмий Анкара учурда АКШда жашаган диниятчы Фетхуллах Гүленди азыркы бийликтин душманы катары сыпаттап келет.

Ал эми Азербайжандын президенти Илхам Алиев Тоолуу Карабак маселесин көтөрдү. Ал бул аймак узак жылдар бою армян оккупациясында турганын белгиледи. Буга байланыштуу Алиев түрк тилдүү мамлекеттер кеңешинин алкагында аймактык коопсуздук маселелерди, жаңы тобокелчиликтерди талкуулоону сунуштады.

Чолпон-Ата: президенттер саммитке даяр
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:08 0:00

Түрк кеңешине Өзбекстандын кошулушу жаңы дем бере турганын саммитте Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков айтты. Кыргыз президенти Өзбекстандын бул уюмга кошулуу ниетин жогору бааларын белгилеп, Венгрия болсо бул саммитте байкоочу деген макам аларын маалымдады.

“Европанын борборундагы Венгриянын өзүнүн түрк тарыхын жана каада-салтын унутпаганы сүйүндүрөт. Бул уюмдун географиясынын кеңейип жатканын бекемдейт”, - деди Жээнбеков.

Ошондой эле Кыргызстан бул кеңештин алкагында инвестициялык жана экономикалык кызматташтыгын тереңдетүү зарылдыгын белгиледи.

“Кыргызстанга деңизге чыга албаган мамлекет катары Чыгыш менен Батыштын соодасын байланыштырган транспорттук маршруттардын өнүгүшүн каалайт. Ошондуктан Кытай Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушуна маани берет”, - деди Жээнбеков.

Саммиттин таржымалы

Түрк тилдүү өлкөлөр кызматташтык саммити 2010-жылы расмий түрдө түзүлүп, катчылыгы иштей баштаган. Ага төрт өлкө: Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан жана Түркия мүчө.

Алгачкы саммит 2011-жылы Казакстандын Алматы шаарында өтүп, экинчи саммит 2012-жылы Бишкекте уюштурулган. Бул саммитте түрк тилдүү мамлекеттер арасындагы билим берүү, маданий кызматташтык маселелерине көңүл бурулган. Ал эми үчүнчү саммит Азербайжандын Гебели шаарында уюштурулса, төртүнчү ирет бул уюмдун саммитине Түркиянын Бодрум шаары 2014-жылы кожоюндук кылган.

Бешинчи жолу кеңештин жыйыны 2015-жылы Казакстандын Астана шаарында өткөн соң үч жылдык тыныгууга туш болду. Расмий Бишкек саммитти 2016-жылы өткөрүүнү болжосо да, эки жыл бою өткөрбөй келди.

Алгач Кыргызстандын бийлиги аны өткөрүүгө камылга көрүп келген. Атүгүл уюмдун 2015-жылы Астанада өткөн жыйынында ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев саммитти Ысык-Көлдүн жээгинде уюштуруу сунушун көтөрүп чыккан эле:

- Нурсултан Абишевич, биз саммитти Чолпон-Ата шаарында өткөрсөк деп сунуш кылып жатабыз. Өзүңүз 15-августтан 25-августка чейин бир күндү тандасаңыз. Сиз аксакал катары тандап берсеңиз, биз ошол күнү өткөрөлү.

Ал учурда кыргыз бийлиги Түрк тилдүү өлкөлөр саммитин Көчмөндөр оюндарына тушташ өткөрүүнү мерчемдеген. Бирок белгисиз мөөнөткө жылдырылган болчу. Мунун расмий себеби түшүндүрүлгөн эмес. Бирок саммиттин эки жыл бою өтпөй калышын байкоочулар Кыргызстандын мурдагы бул уюм ичиндеги айрым өнөктөштөр менен мамилесинин бузулушуна байланыштырышкан.

Алсак, Түркиянын бийлиги менен 2016-жылдын 15-июлдагы мамлекеттик төңкөрүш аракетинен кийин расмий Бишкек менен Анкаранын мамилеси муздаган. Буга түрк бийлиги төңкөрүш аракетине айыптаган диниятчы Фетхуллах Гүлендин тарапкерлери деп атагандардын ишмердигин Кыргызстанда тыюу салуу өтүнүчүн орундатуудан баш тартылганы себеп болгон.

Ал эми Азербайжандын жетекчилиги Карабак маселеси Бакунун позициясын жактаган Исламабад декларациясына кол койбой койгон Кыргызстанга расмий түрдө таарынычын билдирген. Казакстан менен Кыргызстандын бийлик башындагылары өткөн жылы президенттик шайлоодон улам кайым айтышкан. Мына ушундай өлкө башчылары арасындагы таарынычтардан улам кийинкиге калып келген саммитке кожоюндук кылуу шыбагасы Сооронбай Жээнбековго тийди.

Эксперттер бул жолку саммиттин Кыргызстандын ички жана тышкы саясаты үчүн мааниси бар экенин белгилешет.

Ички саясатта президент Сооронбай Жээнбеков кожоюндук кылган саммитке мурдагы өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев менен ачык жана тымызын кер-мур айтышып, мамилеси бузулган өлкө жетекчилеринин келиши Жээнбеков үчүн саясий упай алып келген окуя болууда.

Тышкы саясатта болсо мурда бузулган мамилерди оңдоо менен үч жылдан бери токтоп калган саммитти өткөрүү бул мамлекеттер ортосундагы көп тараптуу алаканы жакшыртууга аянтча болду. Айрыкча, АКШ жана Европа менен мамилеси бузулган Түркия үчүн бул уюмдун алкагында өз бугун чыгарууга мүмкүнчүлүк алды.

Бул жолу Түркмөнстандын жетекчилиги саммитке катышкан жок. Буга чейин келери кабарланган Гурбангулы Бердимухаммедов эмне себептен жыйынга катышпаганы расмий түшүндүрүлгөн жок.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG