Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:10

НАТОнун соккусу Каддафилерге тийди


Триполиде Муаммар Каддафинин кичүү уулу Саиф-ал-Араб менен 3 небереси НАТОнун абадан урган соккусунан набыт болгонун Ливия өкмөтү билдирди.

1-майда баш калаадагы Бириккен Улуттар уюму баш болгон бир катар дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн кеңсесине топтошкон адамдар кол салганы кабарланды.

Улуттар уюму ушул аптада Ливиядагы өз кызматкерлерин чыгарып кетүүнү талкуулайт. 1-майда (жекшембиде) уюмдун Триполи шаарындагы миссиясы Каддафинин жактоочуларынын чабуулуна кабылган. Ушул тапта уюмдун кеңсеси талкаланды деген маалымат такталууда.

НАТОнун соккусунан Каддафинин уулу менен 3 небереси өлдү деген кабар Ливиядагы башкаруучу режимдин тарапкерлеринин кыжырдануусун пайда кылган.

Алар Триполидеги АКШ менен Италиянын элчиликтерине топтолгону гана кабарланып, чабуул болгон-болбогону азырынча белгисиз. Айрым күбөлөр Италия элчилиги жайгашкан имараттан кара түтүн оргуп жатканын айтышкан. Ливиянын баш калаасындагы британ элчисинин резиденциясы да кол салууга дуушар болду деген маалымат такталууда.

Жекшембиде кабарчыларга Ливия өкмөтүнүн маалымат катчысы Муса Ибрагим “лидер өзү жакшы, ал жабыр тарткан жок. Аялы да жакшы, ал да жабыр тарткан жок. Биздин боордош Саиф ал-Араб Каддафи менен лидердин 3 небереси кол салуунун курмандыгы болду”, - деп билдирди.

29 жаштагы Саиф ал-Араб Каддаффинин эң кичүү уулу, жакында эле Германиядан окуудан кайтып келген. Ал агасы Саиф-ал Исламга караганда коомчулуктун көңүлүн өзүнө аз бурган, мамлекеттик саясатка ачык аралашкан эмес.

Би-Би-Си дүйнөлүк кызматынын Триполиде жүргөн кабарчысы адатта шаарда жарылуу болгондон кийин ливиялык бийлик 1 сааттын ичинде чет элдик кабарчыларды окуя болгон жерге алып барса, бул ирет соккуга кабылган Каддафинин уулунун бийик дубал менен курчалган аксарайын 2 сааттан кийин гана көрө алышканын айтты.

Кабарчылар келгенде набыт болгондордун сөөктөрүн алып кетишкен, андыктан ливиялык өкмөт тараткан расмий билдирүүдөн башка маалымат жок.

Абадан сокку урулган маалда аксарай ичинде полковник Каддафи дагы бир топ киши менен болгондугу чындыкка коошпой тургандыгын, анткени жардыруудан имарат талкаланып калганын жеринен көргөн кабарчылар жазып чыгышты.

НАТО ишембинин кечинде Триполидеги бир нече жайга абадан сокку урулганын тастыктап, бирок Муаммар Каддафинин үй-бүлөсү бутага алынбагандыгын билдирет.

Ал эми аскерий операцияларга жетекчилик кылган генерал Шарл Башар Каддафинин жакындарынын өлүмүн тастыктаган да, жокко чыгарган да жок. Генералдын айтымында, Триполиде карапайым калкка коркунуч туудурган жайларга гана сокку урулуп жатат.

Феврал айынын ортосунда башталган Муаммар Каддафинин режимине каршы чыккан элдик толкундоо жарандык согушка айланды.

Март айынан бери ливиялык оппозицияга Улуттар уюмунун атайын резолюцисына ылайык эл аралык күчтөр аскерий көмөктөшүүдө.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG