Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:52

Каддафиге кысым күчөдү


Башкалаа Триполиге 50 чакырым аралыктагы Зауияда шаары козголончулардын колунда, 27-февраль.
Башкалаа Триполиге 50 чакырым аралыктагы Зауияда шаары козголончулардын колунда, 27-февраль.

Ливияда башкалаага жакын шаарды козголоңчулар колго алды. АКШ президенти Каддафини өлкөсүн таштап чыгып кетүүгө чакырды.

Орусия тышкы иштер министри Сергей Лавров алдыңкы күнү Муамар Каддафиге кайрылып, аны эл аралык гуманитардык жолдон тайбай, адам укугун коргоого чакырып, БУУнун коопсуздук кеңеши Каддафи режимине каршы киргизген тыюу салууну Орусия колдой тургандыгын белгиледи.

26-февралда БУУнун коопсуздук Кеңеши Муамар Каддафи режимине каршы чечим кабыл алды. Аны Маскөө колдоп чыкты. БУУдагы Орусия өкүлү Чуркин чечимди талдоого ала сүйлөп, анын кабыл алынышы Ливияга тышкы аскерий күч кийлигишине тоскоол болот деп чечмеледи.

Мурдараакта АКШ президенти Барак Обама “өлкөңдү таштап чыгып кет, эмне дегенде легитимдигиңди жоготуп алдың” деп Муамар Каддафиге кайрылган.

Ал арада ливиялык козголоңчулар Зауияда, болгону ордо калаа Триполдон 50 чакырым шаарда, бийликти колго алышкан. Алар «Каддафи жоголсун!», «Бул ыңкылап биздики!» деген ураандарды көтөрүп турушту.

Ал эми ордо калаада Каддафинин өз жааты алдында сүйлөгөн сөзү өжөрлөнүү менен чыккан:

- Муамар Каддафи силер менен! Ал эл катарында! Мындан ары да кимде ким ливиялык жерди булгайт экен, анда биз чогуу чыгып, аларды жок кылабыз!

25-февралда БУУ Баш катчысы Пан Ги Мун кан төгүштү токтот деген чакырык менен ливиялык жетекчиге кайрылды.

Женевага бара жатып АКШ Мамкатчысы Хиллари Клинтон журналисттер алдында кебин Вашингтон «канчалаган чыгыштагы ливиялыктарга кайрылат» деп баштап, Каддафи менен таймашып аткан тарапты ачыктан ачык колдоого алды.

Ал эми орусиялык бийлик эмдигиче триполдук режим башчысын колдоп, же четке кагары туурасында ачык айта элек. Дипломаттар ой-пикири олку-соку. Андай маанайдын артында кандай сыр жатканын саясий талдоочулар айтышууда. Маселен, чыгыш таанучу Владимир Кедров байкашынча:

- Орусия катуу айтып, топ бузууга бара албайт. Андан коркот. Катуу чара көрүүгө даабайт. Эмне дегенде Орусия ошентсе анда башка өлкөлөр Ливияга аскерий күчүн киргизбесин деп чочулайт.

БУУнун коопсуздук кеңешинин чечиминен кийин Расмий Лондон Ливиянын жетекчиси Муаммар Каддафини жана анын үй-бүлө мүчөлөрүн дипломаттык кол тийбестиктен ажыратты.

XS
SM
MD
LG