Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2022 ишемби, Бишкек убактысы 12:36

Мамлекет менен жарандардын мамилеси


"Дордой" базарында чогулган соодагерлер. 24-декабрь, 2021-жыл.

“Салык төлөбөгөндөр Кыргызстандан чыгып кетсин”, - деди Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров. Казынага киреше толук түшүп турушу үчүн сунушталган кассалык аппаратты жактырбай, чоң базарлардын соодагерлери “Салык кодексинин” жаңы редакциясына каршы Өкмөт үйүнүн алдында митингге чыгышты.

Буга байланыштуу мамлекет менен жарандардын мамилеси кандай болушу керек деп чогуу ойлонуп көрөлү.

Салык төлөөчүлөр – жарандар

Ырас, салык төлөбөгөн, төлөөгө мүмкүнчүлүгү жок адамдар, мисалы, пенсионерлер менен жашы жете электер деле өлкөнүн жарандары болуп саналат. Бирок мамлекеттин бюджет түзүү саясатын иш жүзүндө дал ушул салык төлөөчүлөр колдой алат эмеспи. Эгер ишкер чөйрөгө ыңгайлуу шарт түзүлсө, аларга тоскоолдук кылган күчтөр тыйылса, жумуш орундар көбөйүп, ар бир соодагер, дыйкан, малчы, уста, таксист ж.б. баарынын кирешеси арбыйт.

Ички базарды толук канааттандырып, экспортко да товар чыгаргыдай ишканалар көбөйсө, өлкөнүн экономикасы өнүгөт, чет өлкөлөргө жумуш издеп кетчүлөр азаят. Система калыс, адилеттүү иштесе, киреше салыгынын эсебинен мамлекеттик бюджеттин тартыштыгы жоюлуп, сырткы карыздан кутулуу мүмкүнчүлүгү артат. Мугалимдер менен догдурлардын айлыгы буга чейинкидей “ырымдап” эмес, кеминде эки эсе жогорулатылат. Пенсия, жөлөк пул көбөйөт. Жолдор менен көпүрөлөр оӊдолот, жаңылары салынат, адегенде Ала-Арчадагы резиденцияга кеткен көчөнү кесип өтүүчү негизги жерлерге, анан шаардагы проспектилердин баарына эстакада курулат.

Алыскы аймактарда, айрыкча чек арага өзгөчө кам көрүлөт да, ички миграция жөнгө салынат, б.а. шаарга көчкөндөрдүн агымы сээлдейт, тескерисинче, элетте жашоого кызыккандар көбөйөт. Ошентип, шаарларды туурасынан эмес, тигинен өстүрүүгө шарт түзүлөт. Энергетика ырааттуу өнүктүрүлөт да, Бишкектин асманын каптаган ыш жоголот.

Сөз менен иш дал келбесе...

Жогоруда айтылгандай өзгөрүштөрдүн баарын ар шайлоодо партиялардын, талапкерлердин убадасынан угуп, программа деп аталган кагаздарынан окуп келебиз. Бирок булар такыр эле жомок эмес, жүзөгө ашырса болгудай эле иштер экенин башка өлкөлөрдүн тажрыйбасынан көрүп турабыз го.

Биздин азыркы чаржайыт жагдайда деле стихиялуу түрдө бул мыйзам ченемдүүлүктүн айрым белгилерин байкоого болот. Мисалы, элдин орточо кирешеси артып, жашоо шарты жакшырып, айылга көчүп барууну ойлогондор да чыгууда. Бирок бул жана башка өзгөрүүлөр мамлекеттик саясаттын шарапаты менен эмес, анын кедергисине карабастан болуп жатат. Орусча айтканда, “не благодаря, а вопреки”.

Эгер салыктан, бажыдан жана Кумтөрдөн бюджетке түшкөн кирешенин ар бир сому так эсептелип, канчасы каякка кантип сарпталып жатканы ачык-айкын көрсөтүлүп турса, салыктан ири өлчөмдөгү карызы барлар биринчи кезекте жоопко тартылса, эл өзү эле жалпыга тиешелүү жүктү жабыла көтөрүп кетмек.

Ал эми декларациясы боюнча башпаанеги жок, бирок иш жүзүндө миллиондорго ээлик кылган күркүлдөр карапайым калкка насаат айтса, таасири теӊирден тескери болору шексиз. (Айтмакчы, салыктан өтө чоӊ карызы барларды Министрлер кабинетинин төрагасы сунуш кылгандай өлкөдөн чыгарып жибербей, тескерисинче, чегарадан өтүшүнө, акчасын да башка жакка которуп кетишине бөгөт коюш керек дейт Фейсбук колдонуучу Сейдалы Мырзакматов).

Ажырым түпсүз жаракага айланбасын

Азыр калктын орточо кирешеси анча жаман эмес. Кабат-кабат там салган, катары менен машине алган, 500 кишилик тойлорду дүркүрөтө өткөргөн, түштөндүрмөй, аттанар аяк ж.б. жасалма каадаларды атаандаша карманган туугандар көбөйдү.

Ырас, куру дымак күтүп, эртеси карызга батып, насыянын пайызын төлөй албай тамсыз калгандар, же дегеле эптеп тиричилигин өткөрүп жаткандар да көп. Бай-кедей айырмачылыгы өтө кескин чоңоюп бараткансыйт...

“Ач бала ток бала менен ойнобой” койбосо, бул анча деле кооптуу эмес. “Ач бала” рухий жактан да өксүп (люмпендешип), “ток баланын” көзүн май басса, коомдогу биримдик борпоң тарта берет. Коомдогу катмарлар аралык жиктешүү, жектешүү (таптык антагонизм) күчөйт. Социалдык жарака элибиздин улут катары кристалдашуусуна тоскоол болот.

“Бай-кедей” ажырымы тереңдей берсе, бул жагдай бийлик менен элдин, мамлекет менен коомдун арасын алыстатып, теги, дини, кесиби ар башка болгон адамдардын ортосундагы демейки айырманы каршылаштыкка чейин жеткирип, кайрадан тополоңдорго себеп болушу ыктымал.

Кудай сактасын дейли, бирок жаман айтпай жакшы жок, тышкы карыз өсүп, пайызы кокодон алып, эгемен өлкөбүздүн тагдыры да устаранын мизине коюлуп калышы мүмкүн...

Түштүк корейлердей боло алабызбы?

Түштүк Корея Эл аралык валюта корунан алган насыяга көз каранды болуп, 1990-жылдарда өтө оор абалга кептелгенде, өз өлкөсүнүн тагдырына кайдыгер карабаган эл сөйкө, шакек сыяктуу алтын жасалгаларына чейин чогултуп берген экен.

Бизде К. Бакиевдин тушунда энергетикалык каатчылыктан чыгуу үчүн жаңы ГЭС курууга каражат топтойлу деп, Кыргызстандагы тажик диаспорасы бир канча миллион сом чогулткан. Бирок бул демилге жалпы коомдон колдоо таппай калган эле. Анткени элдин акчасын “өйдө жактагы” шылуундар кымырып кетет деген шектенүү өтө күчтүү болгон.

Мындай күдүк ой Дача-СУдагы кырсыкка кабылгандарды, түштүктөгү жер көчкүдөн жабыр тарткандарды колдоо үчүн элден чогултулган каражат дарегине жетпей кечигип, эсеби толук такталбай калганда ого бетер бекемделди.

Бирок былтыр пандемия учурундагы оор сындоодон элдик ынтымактын шарапаты менен өткөнүбүз да чын. Демек, бир кезде экономикасы менен саясаты, билими менен маданияты азыркы биздикинен да жаман болгон түштүк корейлерден жана сингапурлуктардан кем калбай өнүгүү мүмкүнчүлүгүбүз бар!

Бизге ишеним менен биримдик гана жетишпейт экен. Улам эле алданып кала бербеш үчүн ар бир сөздү логиканын элегинен өткөрүп угалы да, иш менен канчалык байланышарына карайлы. Биринчи кезекте ар кимибиз өзүбүзгө, анан шериктерге, кардарларга, салыкчыларга, милиция менен сотко, жергиликтүү бийликке, Президент менен Министрлер кабинетине, өзүбүз шайлап же ким келсе да баары бир дегенсип тим койгон Жогорку Кеңешке туура талап койгонду үйрөнөлү.

Салыкты баарыбыз төлөйлү. Бюджеттин ар бир тыйыны кантип иштетилип жатканына көз салалы. Жөн гана ишенип койбой же шектенүү менен чектелбей, текшере билели. Чындыкты айткан журналисттерди колдойлу, алар ашкерелеген фактылар боюнча тийиштүү чаралардын көрүлүшү үчүн баардык мыйзамдуу кадамдарды биргелешип жасап туралы. Жегичтерди эч кимибиз жактабайлы.

Мекенчилдик – дүӊгүрөк, кооз сөздөр, кошоматчылык эмес! Күн сайын айткан-деген, укканда ишенип-ишенбеген, чын-төгүнүн текшере жүргөн сөзүбүз, кылган-эткен ишибиз, көнүмүш адаттарыбыз – мына ушунун баары биздин иш жүзүндө мекенчил же баарына кайдыгер, атүгүл чыккынчы экенибиздин көрсөткүчү болот.

Жолдош Турдубаев.

P.S. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG