Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:39

"Мега" Мамлекеттик өнүктүрүү банкына өттү. Өзгөрүү болобу?


“Мега” компаниясынын эн белгиси.
“Мега” компаниясынын эн белгиси.

"Mега" мобилдик байланыш компаниясы 14 млрд 800 млн сомго сатылды. Компаниянын 100% акциясын жакында түзүлгөн Мамлекеттик өнүктүрүү банкы сатып алганы айтылды. 2010-жылдан соң улутташтырылып, мамлекеттин карамагына өткөн мобилдик компанияны эми өкмөттүн курамындагы банкка өткөрүүдөн эмне өзгөрөт? Ушул суроо учурда коомчулукта талкууланып жатат.

Кыргызстандагы мамлекетке караштуу кирешелүү компаниялардын бири - "Mега" бренди менен таанылган "Альфа Телеком" компаниясы аукцион аркылуу сатылганы 11-октябрда белгилүү болду. Компанияны 14 миллиард 800 миллион сомго өкмөткө караштуу Мамлекеттик өнүктүрүү банкы сатып алган. Аукционго Өнүктүрүү банкына атаандаш болуп Мамлекеттик ипотекалык компания катышкан.

Ошентип, өкмөт бир канча жылдан бери менчиктештирүү программасына киргизип, бирде баасы чыкпай, бирде сатып алууну каалаган кардар чыкпай келген компания сатылганы расмий түрдө айтылды. Бирок Санариптик өнүктүрүү министрлиги ээлик кылган "Альфа Телекомду" өкмөттүн алдындагы Өнүктүрүү банкынын алышынын себеби эмнеде жана мындан ары эмне өзгөрөт деген суроо учурда көпчүлүктү кызыктырып турат.

Банк сатып алган "Мега" компаниясы

Кыргызстандын Экономика министрлиги бул уюлдук компаниянын сатылышын аны өнүктүрүү аракети катары түшүндүрдү:

"Аукциондун жыйынтыгы боюнча "Альфа Телеком" ЖАК акцияларынын мамлекеттик пакети 100% мамлекетке таандык "Мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ачык акционердик коомуна активдер жана капиталдаштыруу катары өткөрүлүп берилет. Бул компаниянын ишмердигине жана тейлөө сапатына эч кандай таасир этпейт. Компаниянын технологиялык өнүгүүсүнө оң таасирин тийгизүүчү инвестицияларды натыйжалуураак киргизүүгө гана салым кошот", - деп айтылат Экономика министрлиги 12-октябрда тараткан билдирүүдө.


Ал эми Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын төрагасы Медер Темирбеков банк "Альфа Телекомго" сырттан инвестиция тартып келерин айтты:

“Меганын” акционери Санарип өнүктүрүү министрлиги болчу. Аталган министрлик бул иштерди толук аткара албай калышы ыктымал. Маселен, ишканын мындан аркы өнүгүүсү үчүн кошумча каржылык салымдар керек. Акча байланыштын сапатын жакшыртып, алыскы аймактарга интернет, уюлдук байланыш жеткирүү максатында сарпталат. Андан сырткары 5G өңдүү кошумча кызматтарды жаңылап турууга инвесторлорду тартууда банктын мүмкүнчүлүктөрү көп. Биз банк катары эл аралык каржы умюдарынан акча ала алабыз. “Меганы” алдыңкы жылдары санарип кызматтарын да көрсөткөн мамлекеттин саясатын жүргүзүүдө алдыңкы байланыш оператору кылалы деп жатабыз. “Мега” платформалары аркылуу өкмөттүн баалуу кагаздарын сатыкка чыгаралы деген да оюбуз бар. Андан сырткары корпоративдик башкаруу түшүнүгүн кеңейтип, директорлор кеңешинин ишин чыңдайбыз. Алдыңкы үч жылга деп “Меганын” жетекчилиги менен бизнес план жана өнүгүү стратегиясын түзөлү деп чечтик, анда ар бир маселе ийне-жибине чейин эске алынат. Бул үчүн, албетте, көп убакыт керектелет, 2-3 айдын ичинде аткарылуучу иш эмес. “Меганын” өнүгүүсү өлкөнүн экономикасынын өнүгүүсүнө түрткү берет. Менежерлер күчтүү болсо, кандай гана ишкана болбосун аны алдыңкы мекемелердин катарына кошо алат. Биз сырттан кошумча каржылоолорду алып келүү менен ийгиликке жетебиз деп турабыз”.

Бирок "Альфа Телеком" Санариптик өнүктүрүү министрлигинин башкаруусунда турганда бул операцияларды жүргүзүүгө эмне үчүн мүмкүн болгон эмес жана мындан ары дагы кандай шарттар түзүлөт деген суроолор ачык бойдон турат.

Ошондуктан социалдык тармактарда өкмөт "Меганы" бир чөнтөгүнөн экинчи чөнтөгүнө өткөрүү менен эмне максатты көздөдү деген талкуулар жүрүп жатат.

2010-жылдагы Апрель ыңкылабынан кийин Убактылуу өкмөт "Альфа Телеком" компаниясынын 49% улутташтырган. 2014-жылы компания толук бойдон мамлекеттин карамагына өткөн. Ошондон бери Мамлекеттик мүлк фонду "Альфа Телекомду" сатуу маселесин далай жолу көтөрүп келген. Ал кезде оппозицияда болгон азыркы президент Садыр Жапаров бул ишкананы жеке колго сатуу туура эмес экенин билдирген.

Садыр Жапаров бийликке келген соң бул компания сатыкка чыгарылып, бирок өкмөт өзү эле сатып алаарын президенттин кеңсеси билдирип келген.

"Мамлекеттик банктын активи болушу керек"

Экономист Кубан Чороев "Мега" өңдүү компанияларды сатууда бир эле бюджетке түшүүчү каражат эсептелингени туура эмес экенин айтат. Ал кайсы бир ири корпорациялар өз ишин оптималдаштыруу максатында бир активди экинчи компаниясына өткөргөн тажрыйбаны ийгиликтүү ишке ашырып, колдонуп келет дейт. Мындан улам келечекте кандайдыр бир долбоорлорду ишке ашыруу үчүн Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын да колунда активдер болушу зарыл деп эсептейт:

Кубан Чороев
Кубан Чороев

"Мамлекеттик өнүктүрүү банктары бардык өлкөлөрдө өзгөчө түзүлөт. Алар, мисалы, коммерциялык банктар өңдүү каржы операцияларын жүргүзбөйт, алардын негизги максаты - инвестициялык долбоорлор. Ошондуктан булардын иши өзгөчөлөнүп турат, табияты бөлөк. Алар социалдык же башка долбоорлорго көбүрөөк көңүл бурат. Менин пикиримде, "Меганы" Мамлекеттик өнүктүрүү банкына сатуу анын активдерин көбөйтүп, ишин оптималдаштыруу максатында жасалды. "Мега" - корпоративдик башкаруудагы мамлекеттик компания, анын кызматы суроо-талапка ээ, башка мекемелер менен теңтайлаша алат. Ошондуктан анын келечеги бар, атаандаштык бар, мекемени бул банкка сатуу туура болду".

Мамлекет бир тыйын пайда көргөн жок"

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев ушул жылдын март айында профилдик комитеттин жыйынында "Альфа Телекомду" Мамлекеттик өнүктүрүү фондуна сатуудан өлкө бюджетине пайда түшпөстүгүн айткан.

12-октябрда да депутат "Меганын" сатылышы тууралуу комментарий берип жатып, "Мамлекеттик өнүктүрүү банкы" 14,8 млрд сомду кайдан алганы тууралуу суроонун жообу бериле электигин айтты:

Исхак Масалиев
Исхак Масалиев

"Бир аз күн мурда Улуттук банк дал ушул банкты өз көзөмөлүнөн чыгарып койду. Өнүктүрүү банкынын статусу акционердик коом катары көрсөтүлгөн, мен үчүн бул да түшүнүксүз. Акча мамлекеттики, эми мамлекеттик ишкананы ошондой эле мамлекеттик ишканага сатышты. Балким, ушундай жол менен компанияны дагы бирөөгө сатуу максаты бардыр. Бир туруп 24 миллиард сомго сатабыз деп чыгышкан, азыр ал тууралуу эч кандай сөз жок. Дагы бир маселе, биз өткөн жылы бюджетти бекитип жатканда Акылбек Жапаров киреше чыгашага дал келет деген. Азыр жыл аяктап баратат, дефицит 30 млрд сомдун тегерегинде болот деп атышат. Мына ушундай жетишпей, дефицит болуп турган абалда 14 млрд сомду бир чөнтөктөн алып, экинчисине салуу мен үчүн табышмак. "Меганы" сот талаптарынан четтетип, бирөөлөргө сатышы мүмкүн эми. Себеби ал жерде соттошо турган негиздер бар болчу".

Масалиев ошондой эле байланыш операторунун сатылышына тиешелүү маалыматтарды топтоп, парламентте маселе козгой турганын кошумчалады.

Мурдагы экономика министри Эмил Үмөталиев мамлекеттин өзүнө өзү сатышын жагымсыз көрүнүш катары сыпаттады:

Эмил Үмөталиев
Эмил Үмөталиев

"Мамлекет мамлекеттен сатып алганы түшүнүксүз, бул күмөн көрүнүш. Негизи ишкананы сатуу абдан ачык болуп, эл аралык деңгээлде ишеничке ээ болгон жол-жоболор, методикалар колдонулган жок. Эми "Мамлекеттик өнүктүрүү банкы" аны туруктуу, сапаттуу иштетип кетет деп айта албайм, ага көзүм да жетпейт. Маселен, эч убакта дүйнөнүн бир да өлкөсүндө мамлекеттик ишканалар атаандаштыкка чыдаган эмес, монополиянын күчү менен гана кандайдыр бир ишти аткарып аткандай болбосо, өнүгүүгө кадам жасай албайт".

Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын таржымалы

Кыргызстандагы ири улуттук долбоорлорго инвестицияларды салуу жана экономиканы диверсификациялоо максатында “Мамлекеттик өнүктүрүү банкы” ачык акционердик коомун түзүү чечими 2012-жылы кабыл алынып, ошол эле жылы тиешелүү мыйзам чыккан. Иш жүзүндө мындай аталыштагы мекеме он жылдай убакыттан бери уюшулган эмес.

Министрлер кабинети тиешелүү мыйзамдын алкагында 2022-жылы 31-майда “Мамлекеттик өнүктүрүү банкы” ишканасын түзүү токтомун чыгарып, ачык акционердик коом Юстиция министрлигинен 2022-жылы 25-июлда каттоодон өткөн. 2013-жылы 14-сентябрда банк дагы бир ирет Юстиция министрлигинин кайра каттоосунан өтүп, ачык акионердик коом болду.

Анын 100% акциясына Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду ээлик кылып, алгачкы уставдык капиталы 2 миллиард сом деп аныкталган.

2022-жылы декабрда “Мамлекеттик өнүктүрүү банкы” ишканасына алгачкы директор болуп Кыргызстандын жарандыгын жаңыдан алган орусиялык Евгения Судец дайындалган. “ПолитКлиника” басылмасы Судецтин күйөөсү Владимир Андросиктин Максим Бакиевге байланыштарын иликтеп чыккан соң, маселе парламентте да көтөрүлгөн. Евгения Судец 14-апрелде өз арызы менен кызматын тапшырган бери. Андан бери дагы үч жетекчи алмашып, азыркы төрага Медер Темирбеков ушул айдын башында гана дайындалды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG