Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:32

"Мектепти бүтөрү менен турмушка чыкканга мажбур болушат". Андарактагы өз жанын кыйган аялдар


Лейлектин Андарак айылындагы тажия. 2023-жыл, 5-декабрь.
Лейлектин Андарак айылындагы тажия. 2023-жыл, 5-декабрь.

Лейлек районундагы Андарак айылында быйыл 10 аял өз өмүрүнө кол салып, алтоо каза тапты. Төртөөнүн өмүрүн дарыгерлер сактап калган. “Азаттык” айылдагы суициддин себептерин иликтеди.

Андарак айылындагы үйлөрдүн биринде 27 жаштагы келинди акыркы сапарга узатып жатышат.

Келин 19 жашында ушул эле айылдын тургунуна турмушка чыккан, бир нече ай мурун күйөөсү менен Орусияга кетип, 5-декабрда өзү эмес, сөөгү келди.

Андарак.
Андарак.

Маркумдун күйөөсү сүйлөп берүүдөн баш тартты. Атасы эки небереси энесиз калганын айтып, кызынын өлүмүнүн себебин ачык айткысы келген жок:

"Алланын буйруган тагдыры ушул экен. Эки баласы калды. Бири төрт жашта, экинчиси 1,5 жашта. Кудайдын жазганы ушул экен. Ушул жерде отургандардын баарыбыздын барар жерибиз ошол. Баары Кудайдан".

Маркумдун өлүмүнүн себептерин жакындары жашырганы менен, тажиядагы аялдар келин уксус ичип алып абалы оорлогонун, ага Орусияда операция жасалып, каза болуп калганын айтып жатышты.

- Эмне болуптур, эмнеден улам каза болгонун айтып жатышат?

- Билбейм, ал Орусиядан келди. Уксус ичкен. Орусияга дарыланганга алып кетишкен эле. Күйөөсү ошол жакта болчу.

- Уксус ичкенден кийинби? Эмнеден улам буга барган экен?

- Эч ким билбейт.

- Бул жакта кайын журту менен жашачу беле?

- Кайненеси менен жашачу. Калгандары баары Орусияда болчу. Кайнежелери турмушка чыгып кеткен баары.

Андаракта 8000ден ашуун киши жашайт. Айыл тургундарынын басымдуу бөлүгүн тажик улутундагылар түзөт.

Биз жогоруда кеп кылган келин өз жанын кыюуга аракет кылды деген кабар Андарак айылдык милиция бөлүмчөсүнө ушул жылдын 11-сентябрында түшкөн. Ал күнү келин айылдык оорукананын реанимация бөлүмүнө жаткырылган экен. Бул тууралуу андарактык дарыгер Турсунбой Абдикаиров билдирди:

Турсунбой Абдикаиров.
Турсунбой Абдикаиров.

"Аны сактап калдык. Көп өтпөй күйөөсү Москвага алып кетти. Ошол жакта операция болуп, чыкпай калыптыр. Уксус ичкенде организм абдан катуу жабыркайт. Мен өзүм жыл башынан бери ушундай окуяга байланыштуу 8-9 жолу бардым. Бул жерде беш аялды карап, калганын райондук ооруканага жибердик. Бизге кайрылгандардын көбү уксус же дары ичип алган. Себебин сурасак, үй-бүлөлүк уруш болот, айрымдары психологиялык жактан ооруйт".

Дарыгерлер куткарып калган кыз-келиндер бул ооруканада каттоого алынган. Алар маал-маалы менен дарыгерлерге келип турушат.

Андарак айылы.
Андарак айылы.

Баткен облустук милициясы жыл башынан бери Андаракта жети аял өз өмүрүнө кол салып, бешөө каза болгонун билдирди. Бирок биз бир нече булактарга таянып, Андарак айылындагы өзүнө кол салган кыз-келиндердин саны 10дон ашык болгонун айта алабыз.

Андарак айылдык милиция бөлүмү бир жыл ичинде 11 учурду каттаган. Кеминде 6 аял көз жумган.

  1. 34 жаштагы Ализова Г. 2-мартта каза болгон.
  2. 28 жаштагы Атанова Г. 2-июлда каза болгон.
  3. 43 жаштагы Агалукова Г. 24-августта каза болгон.
  4. 22 жаштагы Мухидинова Д. 25-сентябрда каза болгон.
  5. 20 жаштагы Бозиева Д. 25-сентябрда каза болгон.
  6. 27 жаштагы Саипова Г. 11-сентябрда уксус ичип, ооруканага түшкөн. 5-декабрда жерге берилди.

Дагы 5 аялды дарыгерлер куткарып калышкан.

  1. 20 жаштагы У.Л. 13-августта ооруканага уксус ичип, жаткырылган.
  2. 18 жаштагы В.Ш уксус ичип, дарыгерлерге кайрылган.
  3. 20 жаштагы М.Ш. дары ичип, 26-августта ооруканага түшкөн.
  4. 49 жаштагы К.Р. 12-сентябрда уксус ичип, оорукага түшкөн.
  5. Р.Ф. талдан боюн таштап, жакындары куткарып калышкан.

Милициянын териштирүүсүндө суицидге барган аялдар келин болуп түшкөн үйлөрдө социалдык кыйынчылыктар бар экени жана күйөөлөрү чет жакта иштеп жүргөнү аныкталган.

Биз Андарактагы кыз-келиндердин абалы, турмуш-тиричилиги менен жакындан таанышып, алардын өз өмүрүнө өзү кол салганга жеткирген себептерди изилдеп көрдүк.

Андарактагы мектеп.
Андарактагы мектеп.

Мектеп мугалими Зийнатай Фаттоева кыз-келиндердин укуктары тепселенип жатканын билимдин жетишсиздигинен көрөт. Анын айтымында, мындагы окуучу кыздардын басымдуу бөлүгү мектепти бүтүп эле турмушка чыкканга аргасыз болушат:

"10-15% окууга тапшырат. 30% кесиптик лицейлерге тапшырат. Калганы турмушка чыгат. Бизде ата-энеси, агалары жана күйөөсү уруксат берсе гана билим алышат. Кыздарга 11-класста куда түшкөндө да ушул нерсени сурашат. Бул кыз билим алат, сиз ыраазысызбы деп сурайт. Эгер алар макул болбосо, окубайт. Окуган кыз окуган үй-бүлөгө туш келсе, албетте, жакшы".

Зийнатай Фаттоева мектепти бүтүп, жогорку окуу жайга тапшырган Андарактагы биринчи аял болгон. Ал мугалимдик ишинен тышкары, айылдагы аялдар кеңешинин төрайымы.

"Бизде кыздарды биринчи кудайды, анан күйөөсүн угуш керек деп тарбиялашат. Күйөөсүнүн сөзүнөн чыкпай, угуп, сыйлаш керек. Үйдө жалгыз гана эркек кожоюн. Баары ал айткандай болот. Зордук-зомбулукка баары бир үйдө жашаганы да түрткү берет. Бир үйдө төрт абысын жашаса, кичүүлөрү улууларынан зомбулук көрөт", - дейт ал.

Зийнатай Фаттоева менен бирге бир нече ай мурун асынып алган аялдын үйүнө бардык. Биз барган учурда үйдө маркум аялдын эки кызы, абысындары үй тиричилигин кылып жатышкан экен.

Өзүнө кол салган аялдын үйү.
Өзүнө кол салган аялдын үйү.

Энесин асынган абалда анын 16 жаштагы кызы биринчи көргөн. Өспүрүм кыз ал күндү такыр эстегиси келбейт. Маркум 43 жашта болчу. Ал бул чакан үйдө эки кызы, жолдошу менен жашачу.

Абысынынын өлүмүнүн себеби Гулрухсор Абдурозыкова үчүн да бүдөмүк.

Гулрухсор Абдурозыкова.
Гулрухсор Абдурозыкова.

"Баары жакшы, келтек жеген эмес. Башка туугандар менен деле урушкан эмес. Бир аз бошураак болчу, тың эмес эле. Бирок тиричилигин кылып жүрчү. Эми көчөдө ар кыл сөз көбөйүп кетти. Бизге да тиет да ал кеп".

Андарактагы суицид учурлары боюнча милиция териштирүү жүргүзгөн, бирок канча кылмыш иши козголгону азырынча белгисиз. Дээрлик ар бир өлүм менен аяктаган учурда соттук медициналык эксперт Акжол Жапаров Андаракка келип, окуя менен таанышкан.

Акжол Жапаров.
Акжол Жапаров.

"Мен өзүм сегиз учурга бардым. Үчөөнү Исфанага ооруканага жеткирип келдик. Калгандары өлүм менен аяктаган. 47 жылдан бери иштейм. Эң көп суицид учурлары Андаракта болот. Бирок сөөктү союп текшергенге уруксат беришпейт. Куранга туура келбейт дейт. Миграция, жокчулук... Анан туугандарына үйлөнүп алышат. Андай учурларда балдары майып болуп төрөлөт. Ошол нерселер да себеп болот".

Андаракта дээрлик ар бир үйдө бирден мигрант бар. Айылдагылар күйөөсү алыста жүргөн чакта келиндер кайын журтунун басымына кабылышы мүмкүн деп божомолдошот.

Андарак.
Андарак.

Андарактык дагы бир келин балдары менен жашайт. Ал быйыл күздө күйөөсү менен эки жолго түшкөн. Анын айтымында, ажырашууга кайнатасынан ыдык көргөнү себеп болгон.

"Үйлөнгөндөн кийин үч ай жашадык, анан ал Орусияга кетти. Мени ошол короодогу башка үйгө бөлүп койду. Кайнатам, кайын энем менен калдым. Биринчи балам төрөлгөндөн кийин дагы бир нече ай жүрүп кетти. Мен дагы кош бойлуу болуп калдым. Кайнатам бир эки жолу “күйөөң алыста, мени менен жүрүп тур” деп айтты. Күйөөмө дароо айттым. Бир жолу үйгө келип, корооого алып кирип мажбурлап, көйнөгүмдү жыртты. Кайним келип, сактап калды. Төркүнүбүзгө кайтып келсек деле батпайбыз да. Булардын көбү Орусияда аял алып алышат экен. Менин күйөөмдүн да көрсө ал жакта аялы бар болчу экен. Мени анда эмнеге алды? Эки балам менен ушинтип калтырып койду", - деди бул келин.

Суицидге барган аялдардын эң жашы жыйырмада болсо, эң улуусу кырк үчтө.

Андарактын айыл башчысы Хакимжон Хожаев соңку учурда айылда түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканын айтты:

Хакимжон Хожаев.
Хакимжон Хожаев.

"Мечиттерде, эл чогулган жерлерде айтып жатабыз. Суцидге жеткирди деп так айта албайбыз. Зомбулук учурлар болгон эмес деп атышат".

Андарак айылынын башчысы жер үлүштүн тартыштыгынан бир үйдө көп бүлө жашаганга туура келип жаткандыгын кошумчалады. Андарактагы суицид жана жер тартыштыгы көйгөйүн буга чейин парламентте эл өкүлү Жанар Акаев да көтөрүп чыккан.

Андарак.
Андарак.

Биз келген дагы бир үйдө Холнисо Агулокова 50 жылдан бери жашайт. Көп балалуу эне быйыл бир кызы асынып алганын айтты:

"Сегиз балам бар. Беш эркек, үч кыз. Бирөө каза болуп калды. Өзү асынып алды. Күйөөсү жаман эле… Беш уулум тең үйлөнгөн. Бул жакта төрт келин. Бирөө бир жакка кетти, бирөөнү бөлгөм. Калгандары ушул үйдө. Жаңжал көп. Балдар балдар менен, келин келин менен урушат".

Келиндердин бири Курбанбиби Бердиева Андаракта адатта кыздар эрте турмуш курарын, ал өзү жана абысындары мектепти бүтүп эле күйөөгө тийгенин айтып берди:

"Мектепте 10-11-кластта окуп жатканда эле кызга куда түшүп келишет. Мектепти бүткөндөн эки ай өтпөй той... Үйлөнгөн балдар Орусияга кетет, кыздар тиричилик кылып калабыз".

- Абысындарыңыз да эрте турмуш курган?

- Андаракта толугу менен ушундай жашоо.

- Сиз окугуңуз келгенби?

- Мен 11-класска чейин 5ке окугам. Окуйм десем, атам көнбөй койгон. Кыз баланы окутуп эмне кылабыз деди. Ошентип, турмушка чыктым. Баланы тааныйсыңбы, тааныбайсыңбы - турмуш курасың. Жакса да, жакпаса да жашайбыз. Башка айла жок, мажбурбуз".

Мындагы төрт келиндин үйлөрү бир короодо. Ар бирине бирден бөлмө бөлүнгөн.

Андарактык келиндер.
Андарактык келиндер.

"Баарыбыздыкы бирден бөлмө. Күйөөм Орусияда депортация болгонуна 8 жыл болду. Андан бери кете албай жүрөт. Кээде шахтага барат, бели ооруйт. Анан ошол бойдон ишсиз отурат. Кайын сиңдим деле жокчулуктун аркасы менен ушуга бардыбы деп ойлойм. Бардык нерселерди ойлоп, нерви чыдабай калды окшойт. Баарын ойлоду. Балдарына кийим жок болсо деле ойлогон, кызына эч нерсе жок болсо деле ойлогон. Ошентип жүрүп, нерви чыдабай, асынып алса керек. Бир жумада бир келип, түнөп кетчү. Бирок эч нерсе айтчу эмес".

- Негизи Андаракта келиндер сырларын төркүндөрүнө айтабы?

- Айтпайт. Айтып эмне кылабыз деп айтпайт. Ата-энебиз сарсанаа болбосун деп да айтпайбыз.

Балдарды кошкондо, бул үйдө азыр 21 адам жашайт. Келиндер чыр-чатак көбүнчө балдар, абысындар арасында чыгат дешет.

Келиндердин дагы бири Назира Аголукова айылда келиндер суицид тууралуу ар бир учурду оор кабыл алып, талкуулап жатышканын айтты.

Назира Аголукова.
Назира Аголукова.

"Коркунучтуу аябай. Эмне себеп болуптур, эмнеге мындай болду деп ойлойбуз. Быйыл мен 10 чакты учурду уктум. Кудай сактасын деп отурабыз. Менин күйөөм жакында эле Орусиядан келди. Бир ай болду. Эми дагы кетет. Бир ай жүрөт, кайра кетип, келип турат".

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG