Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:26

"Уулумду бошотууга 200 миң рубль сурашты"


Икрамжан Акрамжан уулу.
Икрамжан Акрамжан уулу.

Москвада каракчылык боюнча шектүү катары камакка алынган кыргызстандык Икрамжан Акрамжан уулунун туугандары ага жалган жалаа жабылганын, аны бошотуш үчүн полиция кызматкерлери акча доолаганын айтышууда.

22 жаштагы Икрамжанды полиция 12-февралда батирден кармап кеткен. Муну Арстанбаптагы атасы Акрамжан белгисиз бирөөлөр телефон чалып, уулун бошотуш үчүн 200 миң рубль сураганда гана билген.

- Мага баламдын телефону менен чалышты. "Балаңыз орусча билбейт экен, мен котормочумун. Жарым саатта 200 миң рубль салсаңар, кое беребиз" дешти. Балам шампунь чыгарган заводдо иштечү. Анын кылмышка барганына ишенбейм. Жоош, жаш.

Москвадагы Жаныбек Исмаилов жээни тууралуу кабар алган соң Строгино району боюнча ИИМдин бөлүмүнө арыз жазган. Бул убакта акча доолап телефон чалуу токтогон эмес. Байланыш Жаныбек полиция менен акча берүүгө макулдашылган Томилино шаарчасына барганда гана үзүлгөн.

- Менден 300 миң рубль сурай баштады. Мен жумуштун жанындагы полицияга бардым, алар бул сүйлөшүүлөрдү жаздырып алышты. "Бул полиция кызматкери" деп өздөрү айтышты. Анан алар менен Томилиного барсак, байланыш токтоду. Ал жердеги бөлүмдө балага "бирөөлөргө кол салган" деп кылмыш ишин ачып коюшуптур.

Жаныбек белгисиз бирөөлөрдүн жээнин бошотуш үчүн акча доолаганы унутта калып, Икрамжан Акрамжан уулуна карата кылмыш иши ыкчам ачылганын белгилейт:

- Менин арызымды катташпаптыр. Телефондо сүйлөшкөндөрдүн аудиолору, СМС кабарлар - баары буларда бар болчу. Материалдарды бир бөлүмдөн башка бөлүмгө которушту. Бала өзү кылмышка аралашпаганын, теңтуштарына акча которууга банктагы картасын гана бергенин айтып жатат. Бөлүмдө «жабыркоочу» деп улам бирөөнү киргизип жатышат. Эми "бычагы болгон экен" деп айтышты.

Расмий булактардын маалыматы боюнча Икрамжан Акрамжан уулу 2018- жылдын 2-февралынан бери каракчылык боюнча шектүү катары издөөдө жүргөн. Аны Москванын Люберцы райондук полициясы кармап, тергөө иштери башталган. Акрамжандын укуктарын коргоого мамлекеттик адвокат бөлүнгөн. Орусиянын Кылмыш кодекси боюнча каракчылык айыбы боюнча бир жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Орусиянын Башкы прокуратурасы былтыр чет өлкөлүктөр 40 миңден ашуун кылмыш боюнча жоопко тартылганын маалымдаган.

Бүгүнкү күндө орус абактарында 1,5 миңдей кыргызстандык кылмыш жазасын өтөп жатат. Алардын көбү каракчылык, уурулук боюнча айыпталган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG