Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:51

"Муштум менен коркуткан" империялык аң-сезим


Сүрөт иллюстрация үчүн колдонулду.
Сүрөт иллюстрация үчүн колдонулду.

Жолдош Турдубаев - адабиятчы, публицист, журналисттер арасында өткөрүлгөн республикалык сынактарда бир нече ирет баш байгелерди жеңип алган, 2007-жылы Voice of Freedom Central Asia сынагынын экинчи байгесине ээ болгон.

  • Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.


Кечээ жакында кыргыз тилинин макамын бекемдөөгө багытталган мыйзам эмне үчүн саясий нукта талкууланып кетти? Эмне үчүн кээде жеке адамдардын эле эмес, бүтүндөй өлкөлөрдүн, мамлекеттердин ортосунда тил табышуу ниетинен зулумдук мүдөө күчтүүлүк кылат?..

“Күчүң батпай турганда акылдын кереги жок” (“Сила есть – ума не надо”). Орус макалы.

“Сөз билбеген муштуму менен коркутат” (“Кто лишен дара речи, тот угрожает кулаком”). Кыргыз макалы.

“Өзүң жашайын десең, өзгөлөргө да өмүр тиле” (“Живи сам и дай жить другим”). Чыңгыз Айтматов.

“БИЗге” көмүлгөн “мен”

Орус тилинде “мамиле такташабыз” (выясним отношения) деген сөз айкашы бар. Бул көбүнчө жүйө келтирип, калыстык, адилеттүүлүк менен чечүүгө умтулуу эмес, жөн гана күч сынашуу (спорттук мелдеш) да эмес. Бул ким кимге баш ийиши же жол бериши керектигин чечүү аракети. Кимиси күчтүү, кимдин мүмкүнчүлүгү артык болсо, ошол үстөмдүк кылат. Көбүнчө жактоочулардын көптүгү, бийликтин колдоосу, байлык ж.б. чечүүчү мааниге ээ болот.

Айрыкча укуктук маданият өнүкпөгөн коомдордо, мыйзам үстөмдүгү орнобой калган өлкөлөрдө “мамиле” карөзгөй нукта “такталат”. Жарандар “мамлекеттин” кызыкчылыгына жеке инсандын кадыр-баркын тебелетип ийген учурлар көп кездешет.

Мындагы “мен” – эч ким эмес, эч кандай укугу деле жок, милдеттери көп бир пенде, ал эми “БИЗ” – мамлекеттин атынан сүйлөгөн диктатор жана анын ыктыярына толугу менен баш ийген, анын ар кандай чечимдерин эч ойлонбой, талкуулабай кабыл алууга даяр турган калайык.

Темирдей тартипти эңсегендерге

Өз алдынча акыл калчоого көнүкпөгөн, өзү билген чындыкты далилдей, коргой билбеген же билгенин айтуудан жалтанып калган пенде жол тандоо, чечим кабыл алуу зарылдыгынан дайым корко берет экен. Ал эки башка көз караш же пикир айтылган жерде өтө ыңгайсыздана берет.

“Кимдин айтканы туура? Кимисин колдоп, кимисине каршы туруу керек? Бүгүн биринин сөзү өтүмдүүдөй сезилет, а эртең башкасы үстөмдүк кылса эмне болот? Деги ушул кажылдашуунун кимге кереги бар? Андан көрө баарын билген бир кишиге эле кулак салып, ошонуку туптуура деп эле жүргөн жакшы эмеспи?”.

Ошондуктан көз карашы тар, түшүнүгү чектелген пенделер бирден бир туура деп эсептелүүчү чындыкты же анын даяр ураан-чакырыктарын “билип” алгысы келет. Мында түшүнүү анча зарыл эмес – айрым “туура” сөздөрдү кайталап жүрсөң эле жетишет. СССРдин тушунда “совет бийлиги”, “өкмөт менен партия” ж.б.у.с. оң, ал эми “капиталист”, “жекечил” (“индивидуалист”), “чайкоочу” (“соодагер”) ж.б. терс каармандар, терс маанидеги түшүнүктөр катары келме сыяктуу дайыма кайталанып, айтылып турчу.

Азыр “эл”, “улут (улуттук)”, “нарк”, “салт” ж.б. түшүнүктөрдү “темирдей тартипке” байлап, үстүрт кабылдагандар демократияны, мыйзамдуулукту, сөз эркиндигин баары "батыштыкы" деп жектешет.

“Темирдей тартип” – аскердик түшүнүк, аскер эмес жарандар мындай “тартипти” түрмөдөн же тоталитардык мамлекеттерден гана көрүшү мүмкүн.

Ырас, көптүн ичинде бийликтин мыйзамга эле эмес, акылга да сыйгыс кадамдарын жактырбаган адамдар сөзсүз болот. Бирок диктатуранын шартында алар өз пикирин ачык айта албайт. Айтса эле “эл душманына” айланып, куугунтукталат.

Унчукпай коё албаса, акыры жок кылынат. Акыйкатта, ушундайча куралган “БИЗ” түзүмү өтө опурталдуу болгондуктан, келечеги жок. Мындай “БИЗ” өзүнө караштуу жеке “мендерди” эле кордоо менен чектелбей, акыры бүтүндөй өлкөнүн, улуттун өзөгүнө да балта чабат…

Империялык “гипер-БИЗ” жана жалпы адамзат мүдөөсү

Эзелтен империялар кээде көпчүлүктү ишендире турган ураандарды чакырып, каршылаш мамлекеттерди курал-жарак, кара күч менен эле эмес, жүйө менен да жеңип алууга умтулушат экен. “БИЗдики туура (адилеттүү), тигилердики туура эмес (адилетсиз)”, “БИЗ туруктуулукту камсыздайбыз, алардын өкмөтү жарабайт” дегендей үгүт да чоң мааниге ээ болгон.

Бул тирешүүдө дин, айрыкча дүйнөлүк диндер да өтө таасирдүү каражат катары дайыма пайдаланылып келген (“БИЗдин тарапта согушуп курман болсоңор, түптүз бейишке түшөсүңөр, БИЗге каршы согушкандар – тозоку” ж.б.).

Бирок “мамилени” кара күч менен, курал-жарак менен “тактаган” адат XXI кылымда деле кала элек. Айрыкча соңку жылдары империялык “БИЗдер” гипертрофияланган (эбегейсиз көбүрүп-жабырып кеткен) абалга жетип калды. Бул жагдай Жер шарын калчылдатып, дүйнө элдерин кескин каршылаш эки уюлга, жаатка бөлө баштады.

Мындай уюлдашуу шартында “БИЗдин” бардык нерселерибиз жакшы, “тигилердин” эч бир жакшы жагы жок деген “түшүнүк” түрдүү ыкмалар менен таңууланып жатат. Каршылаш жааттагылардын билим-илимдеги, адабият менен көркөм өнөрдөгү жетишкендиктери да жокко чыгарылууда.

Азыр теги башка болгону үчүн эле дүңүнөн каралаган, киши ордуна көрбөгөн “мамиле” күч алып баратат. Соңку жүз жыл аралыгында географиялык эмес, көбүнчө саясий маанидеги түшүнүктөр катары колдонулуп жүргөн Чыгыш жана Батыш болуп уюлдашуу кайрадан опурталдуу чекке жакындап калды. Сөз эмес – кыйкырык, жүйө эмес – кара күч үстөмдүк кылууда...

Өзгөнүн сөзүн да уга билели

Иван Тургеневдин “Орус тили” деген кара сөз түрүндөгү ыры окуу китептерге киргизилген:

“Мекенимдин тагдырын ойлоп кыжаалат санаага баткан күндөрдө ишенерим, таянарым – жалгыз сенсиң, оо улуу, күч-кубаттуу, адилеттүү орус тили! Сен болбосон, үйүбүздөгү чакчелекейдин баарын көрүп туруп канткенде карайлабайсың? Бирок ушундай тил улуу элдин энчиси болгонуна ишенбей коюу мүмкүн эмес!”.

Тилекке каршы, бүгүн дал ушул орус тилинде деле калптын казанын кайнатып, карөзгөй, кара мүртөз күчтөр өкүм сүрүп жатат. Демек, эч бир элдин тили жалаң гана чындыктын же карандай калптын тили болушу мүмкүн эмес экен. Буга “жок” десек, кыргыз тилин сактап өнүктүрүү үчүн жасалган кадамга Москва мынчалык терикпеши керек эле.

Ырас, орус тилдүүлөрдүн баары эле айрым саясатчылардын көз карашы менен чектелип калбайт. Ошентсе да, өйдөдө эпиграф катары келтирилген какшык макалдар түз маанидеги эрежеге айланып кетпеши үчүн ар бирибиз кепке конок берип уга билгенди үйрөнүүбүз керек. Билгендер дагы да жакшы билсин, сөзүнүн таасирин иши менен арттырууга умтулсун.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG