Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-июль, 2020 жекшемби, Бишкек убактысы 14:41

Нарында эки райондун жайыт талашы курчуду


Кара-Кужурдагы Май-Төр жайлоосу. 2018-жыл

Нарын облусундагы жайыт талашка чекит коюла элек. Нарын районунун жашоочулары Кочкор элинин Кара-Кужур жайлоосуна чыгышына нааразы болуп жатышат.

Буга чейин да талаштын айынан жол тосулуп, эки райондун эли кызыл чеке мушташка чейин барышкан. Он күндөн бери чечилбеген жайыт талаш жергиликтүү бийликтеги кризисти ачыкка чыгарды.

14-июнда Нарын жана Кочкор райондорунун элинин ортосундагы жайыт талаш күчөп, ызы-чуу менен коштолду. Милициянын маалыматы боюнча талашка 60дай киши катышкан. Ал эми окуянын катышуучуларынын айтымында, Кара-Кужур аймагынан 150дөй, Кочкор районунан 200 чамалуу киши келген.

Аймакка милициянын кошумча күчтөрү барып, эки райондун элинин ортосундагы кагылышка жол берген жок.

Ошол күнү Интернетте талашка элди үгүттөп, жайытка чогулууга чакырган ар кандай билдирүүлөр тарады. Бул боюнча териштирүү иштери башталганын Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Кундуз Эсенгулова билдирди:

«Кырдаалга 200дөй милиция кызматкери көз салды. Тартип бузуу катталган жок. Ошол күнү эл арасында Интернет булактары аркылуу элди дүрбөлөңгө салчу чакырыктар тараган. Учурда бул факт боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат».

5-июнда жайлоого көчүп бараткан Кочкор районунун малчыларынын жолу беш күнгө чейин ачылбай, 10-июнда аргасыз артка кайтышкан. Жайыт талашып, жол бууганга чейин барган эл менен облус башчысы Эмилбек Алымкулов жолукту. Мыйзамсыз жол тосууга байланыштуу кылмыш иши козголду. Бирок чогулгандар бийликтин маселени чечүү тууралуу убадаларына ишенбей турганын билдиришкен.

Кочкор районунун тургуну Нурлан Кашкалиев нааразылыктын чоо-жайын Кочкор районунун чабандары Кара-Кужур кыштоосуна мыйзамсыз көчүп келишкени менен байланыштырды.

«Кара-Кужур - бул кыштоо. Бирок кочкорлук сегиз чабан келип боз үйлөрүн тигип, малын айдап келип алышты. Биз буга каршы чыгып чогулдук. Жыйынга биздин аймактан 100-150 кишидей келди. Кочкордон 200дөй киши келди окшойт. Мыйзамсыз фактылар болгон жок. Бирок талаш курч болду», - деди Кашкалиев.

Кочкор районуна тиешелүү Кара-Кужур өрөөнүн Нарын району узак мөөнөткө жайытка пайдаланууга алган. Ушундан улам алар «жайыт биздики» деген пикирди карманып турушат.

Кочкор районунун Жаңы-Жол айылынын тургуну Таалай Осмоналиев мыйзамды сактай албай жатат деп бийликке нааразы болду.

«Кочкор районундагы 90 миң гектардан ашык жайытты башка райондор узак мөөнөткө пайдаланууга алган. Анын ичинде Нарын району гана эмес, Жумгал району жана Ысык-Көл облустары да бар. Азыр өзүбүздүн жайытыбыз жок отурабыз. Эгер өкмөт жайыттардын мөөнөтүн узартпаганда мындай көйгөй жаралмак эмес. Бийлик эл менен эсептешпей туруп, өз алдынча чечим чыгарып койгон. Бул бир ууч аткаминердин кызыкчылыгы үчүн чыккан чечим».

Өкмөттүн Нарындагы өкүлчүлүгү тараткан маалыматка караганда, жайыт талаштын айынан абал курчуп, араздашуу маселеси жаралды. Эл арасында социалдык түйүндөр аркылуу топтолууга чакыргандар жана тикелей уюштуруучулар болгон. Натыйжада эки райондун тургундарынын арасында абал чыңалып, чатакташуу максатында атайын даярдыктар менен келгендер байкалган.

Өкмөттүн Нарындагы өкүлү Эмилбек Алымкулов буларды билдирди:

«Өкмөт мекеме аралык комиссия түздү. Учурда чыңалган абал турукташып, тараптар ынтымакка келди. Бирок жайыт маселеси ушул боюнча кала турган болсо жыл сайын маселе чыга берет. Башка айылдарда, райондордо да бул маселе көтөрүлүшү мүмкүн. Ошондуктан мыйзамдуу түрдө бул маселени түп-тамырынан бери чечүү зарылдыгы турат. Ал эми мыйзамсыз иш-аракеттерге укуктук баа берилет».

Облус башчысы белгилегендей, өкмөт түзгөн мекеме аралык комиссия маселеге чекит койгонго чейин 20 күндөй Кочкор районунун малчылары Кара-Кужур аймагында болуп турушат.

Адистер жайыттарды туура эмес пайдалануу бул жааттагы бирдиктүү жана туруктуу саяcаттын жоктугу талаштын күчөшүнө алып келгенин айтып жатышат.

Саясат талдоочу Сейтек Качкынбай чыңалуунун себебин эл менен бийликтин ортосундагы ажырымдан көрөт:

«Бул - тамырлашкан көйгөй. Жайыт талаш Кыргызстандын башка аймактарында да чыгышы мүмкүн. Ал эми ушуга окшогон социалдык көйгөйлөрдү чечүүдө өкмөт чабалдыгын көрөтүп жатат. Негизи өкмөт мүчөлөрү эл шайлаган депутаттардан куралышы керек эле. Анткени элге убада берип, алардын мүдөөсүн угуп келгендер парламентте отурушат. Азыр өкмөттүн курамы андай эмес. Система андай түзүлгөн эмес. Аларды президент сунуштайт. Ушундан алам өкмөткө элдин көйгөйүн билбеген кишилер келип жатат. Алар жөн гана буйрукту аткарат. Эл менен иштеше албайт. Бул бийликке, өкмөткө элдин ишеними кеткенинин акыркы чеги деп айтсак болот».

Кыргызстан боюнча узак мөөнөткө пайдаланууга алган жайыттардын убактысы 2020-жылы бүтмөк. Бирок өкмөттүн 2019-жылдын 27-ноябрында кабыл алынган токтомунун негизинде жайыттарды узак мөөнөткө пайдалануу боюнча убакыт дагы 10 жылга, тактап айтканда 2030-жылга чейин узартылган.

Айыл чарба министрлигинин маалыматы боюнча Кыргызстанда узак мөөнөткө пайдаланууга берилген 770 миң гектар жайыт бар. Анын 240 миң гектары Нарын районунда жайгашкан.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (12)

XS
SM
MD
LG