Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:12

Назарбаевдин Түркиядан көрүнгөн "карааны"


Түркия. Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаев Анталиядагы эл аралык форумга катышууга келди.
Түркия. Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаев Анталиядагы эл аралык форумга катышууга келди.

Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаев январдагы кандуу окуялардан бери жогорку деңгээлде биринчи жолу эл алдына чыкты.

Ал буга чейин эки ирет видео кайрылуу жасаганы гана белгилүү. Назарбаев Түркиянын президенти Эрдогандын чакыруусу менен Анталия шаарындагы эл аралык дипломатиялык форумга катышуу үчүн барды. Бирок анын кандай макамда барганы белгисиз.

Форумдун сайтындагы коноктордун тизмесинде Назарбаевдин ысымы жок.

Назарбаевдин Түркияга барышынын сыры эмнеде?

Январь окуяларынан кийин Коопсуздук кеңешинин төрагалыгынан кеткен экс-президент Нурсултан Назарбаев №1 борт менен Анталияга учту. Муну RadarBox сайтынын бул аба каттамды аныктаганы ырастайт.

Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын чакыруусу менен эл аралык дипломатиялык форумга катышуу үчүн Анталияга барганын анын басма сөз катчысы Айдос Укибай Твиттерге жазып, сүрөттөрүн жарыялады.

Экс-президент Акордонун сунушун Анталияга жеткиреби?

Бул жолку эл аралык дипломатиялык форумдун башкы темасы – учурдагы орус-украин согушун токтотуу.

Казакстандык мурдагы дипломат Казбек Бейсебаевдин сөзүнө караганда, Назарбаев Акордонун буга чейин макулдашылган турумун айтып, чатакташкан жааттарды элдештирүү үчүн арачылыкка салым кошууну көздөйт.

“Орусия менен Украинаны элдештирүү үчүн эл аралык арачылык демилге үчүн Нурсултан Назарбаевдин саясий салмагын, тажрыйбасын жана аброюн пайдалануу максаты бар. Эрдоган аны ошол максатта чакырды. Анткени бул маселеде Эрдоган өзү эки элдин ортосунда тынчтыкты орнотууга данакер болууну көздөп жатпайбы. Ошондуктан бул маселе президент Токаев менен чечилген деген ойдомун. Буга Токаев каршы эмес. Анан калса, Казакстандын согушту батыраак токтотууга тараптарды чакырган туруму бар эмеспи”, – деди мурдагы дипломат Бейсебаев.

Назарбаевдин арачылыгы, Акордонун саясаты

Ал эми кээ бир дипломаттар Назарбаев Путин менен Зеленскийди сөзгө келтире алат дегенге анчейин ишене бербейт. Анан калса, экс-президенттин форумга кандай макамда катышары жана кимдер менен жолугушары так көрсөтүлгөн эмес.

Бул эл аралык абалды талкуулаган жыл сайын өтчү салттуу дипломатиялык форумга былтыр Казакстандын тышкы иштер министри да катышкан.

Нурсултан Назарбаев Январь окуясынан бери эки ирет гана кайрылуу менен чыгып, өзүн "ыйгарым укуктарынын баарын тапшырып берген пенсионермин" деп атаган.

Мурдагы дипломат жана саясатчы Балташ Турсынбаев мурдагы президенттин бул сапарына "эл аралык аброюн ашкере көкөлөтүүнү көздөгөн гана аракет" деп баа берди.

“Ал киши өзү “мен эми буга аралаша албайм” деп айтпайбы. Ага баары бир да. Ким чакырса да бара берет. Ал эл аралык деңгээлде көрүнүп калууну гана ойлоду. Эгерде өз калкы сыйласын десе, анда эч жакка барбай, тынч отурушу керек эле. Биздин мамлекеттин позициясын азыркы мамлекет башчысы өзү айтсын. Тигил киши эс алсын. Анткени өзү айткандай – ал азыр пенсионер. Анталияга эл катары жеке сапары менен эле барсын”.

Жаатташкан жактарды жараштыруу демилгеси

10-мартта Анталияда бул форумдун алкагында Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров жолугушту. Бирок, белгилүү болгондой ок атышууну токтотуу тууралуу сүйлөшүүлөрдөн майнап чыккан эмес.

Орус-украин согушунан дүйнөнүн үрөйү учуп турган маалда жаңжалдашкан жактарды бир үстөлгө отургузуп, тынчтыкка жетишүү демилгеси мурда белгиленгендей түрк лидери Эрдоганга таандык.

Буга чейин Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен бирге Орусия менен Украинаны жараштыруу демилгесин көтөргөн.

Эрдоган Путин жана Зеленский менен телефондон баарлашып, эки тараптын тышкы иштер министрлеринин деңээлинде тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштоону сунуштаган. Эки жак тең сунушту кабыл алган.

Бул орусиялык жана украиналык жогорку деңгээлдеги расмийлердин Орусиянын Украинага басып киргенден берки биринчи жолугушуусу.

Буга чейин эки өлкөнүн атайын өкүлдөрү Беларуста үч жолу жолугуп, бирок ал сүйлөшүүлөрдөн жыйынтык чыккан эмес.

Эрдогандын чакыруусу менен дипломатиялык форумга барган экс-президент Нурсултан Назарбаев 2019-жылы отставкага кетип, президенттикти Касым-Жомарт Токаевге өткөрүп бергенден кийин дагы бийликтеги таасирин сактап калганы сынга алынып келген.

Казакстанда 2022-жылдын январь айындагы кандуу окуялардан кийин экс-президенттин жакын туугандары жана санаалаштары ээлеген кызматтарынан алынып, өзү Коопсуздук кеңешин өмүр бою башкаруу укугунан ажыратылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG