Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:20

Түркия жана Катар Кабул аэропортун колго алгысы келет


Кабул аэропорту. 18-ноябрь, 2021-жыл.
Кабул аэропорту. 18-ноябрь, 2021-жыл.

Былтыр декабрдан тарта түркиялык жана катарлык компаниялар Кабул аэрoпортун иштетүү үчүн талибдер менен сүйлөшүү жүргүзүп келет. Расмий Анкара эгер келишимге кол коюлса, Ооганстандагы дээрлик төрт аэропорттун техникалык көзөмөлү эки өлкөнүн компанияларынын колуна өтөрүн билдирди.

Шаршембиде Tүркиянын мамлекеттик ТRТ телеканалы өлкөнүн башкы дипломаты Мевлүт Чавушоглу Кабул аэропортун иштетүү үчүн түрк жана катарлык компаниялардын ортосунда келишимдерге кол коюлганын билдиргенин кабарлады. Бирок түрк министрдин Ооганстанга качан бара турганы али белгисиз экенин билдирди.

Мевлүт Чавушоглу.
Мевлүт Чавушоглу.

"Ооганстанга качан барарыбыз талибдер менен өнөктөш компаниянын ортосундагы акыркы келишимге көз каранды. Анткени министрлердин катышуусунда бул келишимге кол коюу күн тартибине чыгышы мүмкүн. Мындай сунуш Катардан келди, мен макулдугумду бердим. Бизге кошулам деген башка компанияларды да чакырууну ойлонуп жатабыз. Күн тартибинде алгач Кабул, алты айдан кийин Мазари Шариф, дагы алты айдан кийин Кандагар, анан Герат аэропорту бар. Ушундай этап менен кеткенде төрт аэропорт ишке кирет".

Мевлүт Чавушоглу бейшембиде "Талибандын" (Кыргызстанда тыюу салынган) тышкы иштер министри Амир Хан Муттаки менен телефон аркылуу сүйлөшүп, аэропорт боюнча пландарды талкуулаганы кабарланды.

Маалыматта Муттаки Түркиядан Ооганстанга жеткирилген гуманитардык жардам үчүн ыраазычылык билдиргени айтылат.

"Талибан" кыймылы былтыр бийликти басып алгандан кийин аэропорт толугу менен алардын карамагына өтүп, анын инфраструктурасынын көп бөлүгү бузулуп талкаланган. Ал эми 4-сентябрда Катардан барган техникалык топ оңдоп-түзөө иштерин жүргүзгөндөн кийин гана Кабул аэропортунда жергиликтүү каттамдар ачылган.

Кабулдагы "Хамид Карзай" эл аралык аэропорту. 31-август. 2021-жыл.
Кабулдагы "Хамид Карзай" эл аралык аэропорту. 31-август. 2021-жыл.

Ал эми түрк бийлиги "Талибан" кыймылын расмий тааныбаганы менен гуманитардык жардам жана техникалык колдоо көрсөтүп келет. Өткөн жылы түркиялык жана катарлык курулуш компаниялардын өкүлдөрү Ооганстанга барып, талибдердин лидерлерине Кабул аэропортун иштетүү планын сунуштаган.

Түркиянын "Анадолу" агенттиги кабарлагандай, атайын делегация 23-декабрда Дохадагы жолугушуудан кийин Ооганстандан келе турган жоопту күтүүдө.

Тараптар ошондой эле мекенинен чыгып кетүүнү каалаган оогандардын жана чет өлкөлүк жарандардын коопсуз өтүшүнө көмөктөшүү үчүн "Ооганстандагы аэропортторду ачуунун негизги маанисин баса белгилешти" деп айтылат түрк агенттигинин маалыматында.

Улуу Британия, Түркия жана АКШнын коалиция күчтөрү "Хамид Карзай" эл аралык аэропортунда эвакуация учурунда кичинекей балага жардам көрсөтүүдө. 20-август. 2021-жыл.
Улуу Британия, Түркия жана АКШнын коалиция күчтөрү "Хамид Карзай" эл аралык аэропортунда эвакуация учурунда кичинекей балага жардам көрсөтүүдө. 20-август. 2021-жыл.

"Талибан" өкмөтү болсо аэропортту түркиялык жана катарлык курулушчулардын иштетүү планына азырынча макул боло электиги айтылып келет.

Деген менен талибдер бийликке келгенге чейин Түркия алты жыл бою Кабул аэропортун башкарууга жана коргоого жардам берген.

НАТОнун мүчөсү болгон Түркиянын Ооганстан менен көптөн бери дипломатиялык байланышы бар. Aл эми Катар америкалык расмий өкүлдөр менен талибдердин өкүлдөрүнүн ортосунда көп жылдык сүйлөшүүлөрдүн аянтчасы болуп келген.

Ал арада "Талибан" кыймылынын делегациясы Женевада гуманитардык жардам маселесин талкууламакчы. Алар Кызыл чырым уюмунун, Швейцариянын жана Европанын расмий өкүлдөрү менен жолугушат. Бирок, Швейцариянын Тышкы иштер министрлиги "делегациянын келиши расмий Берн Ооганстандын талибдер жетектеген өкмөтүн тааныйт дегенге жатпай турганын" баса белгиледи.

Ослодогу жолугушуу. 25-январь, 2022-жыл.
Ослодогу жолугушуу. 25-январь, 2022-жыл.

Талибдер былтыр августта Кабулдагы бийликти басып алгандан кийин каатчылыкка, гуманитардык абалдын начарлашына карабай эл аралык жардам дээрлик токтоп калган.

Geneva Call бейөкмөт уюм уюштурган жабык конференцияда Ооганстанга гуманитардык жардамды көбөйтүү маселеси сөз болмокчу. Уюмдун айтымында, жыйын “гуманитардык нормаларды” сактоону жакшыртууга салым кошмокчу.

"Өлкө куралдуу кагылышуулардан, COVID-19 жана каатчылыктын кесепетинен улам оор кырдаалга кептелди. Бүгүнкү күндө 23 миллион ооганстандык ачка, калктын 97% жакырчылыктын чегинде жашайт".

Бирок женевалык бейөкмөт уюмдун билдирүүсүндө, талибдердин тушунда Ооганстандагы кыз-келиндердин укуктары бузулуп жатканы тууралуу айтылган жок.

Өткөн айла “Талибан” кыймылынын 15 кишиден турган делегациясын Европа Биримдигинин жана ага мүчө Британия, Франция, Германия, Норвегиянын расмий аткаминерлери Осло шаарында кабыл алышты.

Сүйлөшүүлөрдө Батыш дипломаттары Ооганстанга гуманитардык жардам берүү маселеси өлкөдөгү адам укуктарынын абалына байланыштуу болорун эскерткени айтылган.

Бирок Европа Биримдигинин жетекчилиги алар каалаган күндө да Ооганстанга көмөк кылуу кыйын экенин белгилеп, муну үчүн бул өлкөгө карата санкциялар алынышы керектигин эскертишкен.

Ооганстандын көпчүлүк аймагын каратып алгандан кийин “Талибан” кыймылы 2021-жылдын 15-августунда Кабулду басып алган. Мурдагы бийлик борборду кармашы жок эле таштап кеткен. Президент Ашраф Гани өлкөдөн качып кеткен, учурда бийлик талибдердин колунда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG