Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:47

Алимбаевага коюлган айып: “Некст ТВны” жабуу аракети жүрүп жатабы?


Равшан Жээнбеков жана Салкынай Алимбаева
Равшан Жээнбеков жана Салкынай Алимбаева

Биринчи май райондук соту абактагы оппозициячыл саясатчы Равшан Жээнбековдун жубайы Салкынай Алимбаеванын камактагы мөөнөтүн эки айга узартты.

25-майда Улуттук коопсуздук комитети 52 жаштагы Алимбаеваны кармап, бирок кайсы ишке байланыштуу камалганы тууралуу маалымат берген эмес.

Алимбаеванын жакындары ал күйөөсүнүн саясий ишмердигинен улам жок жерден доого жыгылганын айтып, өлкө бийлигине кайрылып келет.

Равшан Жээнбеков былтыр октябрдан бери Кемпир-Абад иши боюнча Бишкекте тергөө абагында отурат.

Алимбаевага операция жасалды

21-июлда Бишкектин Биринчи май райондук соту абактагы оппозициячыл саясатчы Равшан Жээнбековдун жубайы Салкынай Алимбаеванын камактагы мөөнөтүн 25-сентябрга чейин узартты.

Бирок шектүү операция болуп, ооруканада жаткандыктан, сот отурумуна катышкан эмес.

Эки айдан бери абакта эжесинин абалы начарлап кеткенин сиңдиси Алтынай Алимбаева "Азаттыкка" билдирди.

"УКМКнын абагынан кан көп кетип келген, ал жакта дарыгер жок экен. Салкынай мурда эле ооруп жүргөн. Анан "Тез жардам" менен алып келдик. Операция эки жарым саатка созулуп, аябай оор болду. Эки күн жандандыруу бөлүмүндө жатты. Азыр абалы орто. Кескен жери бүтпөй жатат, кант диабети менен да ооруйт".

25-майда Улуттук коопсуздук комитети Алимбаеваны тергөө абагына камаган. Атайын кызмат ага козголгон иш боюнча азыркыга чейин маалымат бере элек.

Шектүүнүн адвокаты Разак Ашимбаев Алимбаевага Бишкекте эки жер тилкесинин мыйзамсыз сатылганына байланыштуу “коррупция” беренеси менен айып коюлганын айтты. Адвокат окуя былтыр болгонун, Алимбаеванын ага тиешеси жок экенин билдирген. Ал өзү да күнөөсү жок экенин айткан.

Коррупцияга айыптоо жана “Некст ТВ”

Алимбаеванын жакындары да оппозиционердин аялына коюлуп жаткан айыптын саясий жүйөсү бардыгын айтышат.

Алтынай Алимбаева эжеси эч качан мамлекеттик кызматта иштебегенин, сотто дагы жетиштүү маалымат албаганын айтты:

"Мунун баары саясатка байланыштуу. Эч кандай далили, көрсөтмөсү жок. Жөн эле кыйналып, азыр ооруканада жатат. Эгерде ал өкмөттүн жумушунда иштесе же бир иштерге катыштыгы болсо, анда ошол замат моюнуна коюшмак, далилин көрсөтмөк. Мындай болду деп ачык айтмак. Биз сотко катышып, оозубузду ачып келдик. Кайсы жерди айтып жатканын биз дагы билбейбиз, тууганы болуп туруп. Эми ден соолугуна байланыштуу үй камагына деле чыгарып койсо болмок. Аны коркунучтуу кылмышкер катары көрүп алышты. Азыр ооруканада жатат, жанында күч кызматкерлерин коюп койгон. Эч кимди киргизбейт, эч кимди чыгарбайт. Бизди дагы көрүштүрбөйт".

Ал эми Алимбаеванын адвокаты Гуляна Убалиева кылмыш иши боюнча маалыматты ачык айтпоо тууралуу катка кол койгонун белгилеп, комментарий берген жок.

Салкынай Алимбаеванын АКШда жашаган уулу Азат Равшан иштин учу Жээнбековдор ээлик кылган “Некст ТВ” телеканалына барып такаларын "Азаттыкка" билдирди.

"Өздөрү оюнан бир нерселерди ойлоп таап эле камап койду. Ошону менен отурат. Бир жерге байланыштуу коррупция кылган деп жатат. Менин апам мэрияда же эч бир бийликте иштебесе, кантип пара алат деген суроо туулуп жатат бизде. Ошого таң калып жатабыз. Жөн эле камап коюп отурат. Бизди "Некст ТВ" телеканалын жапкыла, бүт мүлкүңөрдү алабыз деп жатат. Азыр эң кичүүбүз он үчтө, ошого карабай аны көчөдө калтырып, апамды камап койду".

“Некст ТВ” менен өнөктөш болуп жүргөн медиа эксперт, телеканалдын негиздөөчүсү Айбек Турдалиев ушул тапта “Некст ТВ” каналын жабуу аракети жүрүп жатканын белгиледи.

Айбек Турдалиев
Айбек Турдалиев

"Мунун бир гана себеби бар. Бул жолдошу Равшан Жээнбековду ооздуктоо жана ушундай үй- бүлөлүк кысым аркылуу саясий оппонентин токтотуу. Экинчи жагы Кыргызстанда бирден бир жалгыз, демократиялык баалуулуктарды жайылтып жаткан "Азаттык" радиосунун жана ТВнын берүүлөрүн көрсөтүп жаткан “Некст ТВ” каналын кысым аркылуу же кожоюндарын алмаштырып, бирөөлөргө өткөрүп берүү максатында жасалып аткан иш- аракеттер деген божомолум бар".

Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып, 10 айдан бери тергөө абагында отурган Равшан Жээнбеков атайын кызматтын жетекчиси Камчыбек Ташиевге кайрылуу жолдоп, үй-бүлөсүн куугунтуктоону токтотууну талап кылган.

“Урматтуу Камчы мырза, сиз экөөбүз бири-бирибизди жакшы билебиз. Оппонентиңиз катары, жигит болсоңуз, мени менен күрөшүңүз. Менин үй-бүлө мүчөлөрүм жана жакындарым менен күрөшүп, 13 жаштагы кызымды кордоо сизге барк алып келсе да, нарк да алып келбейт. 13 жаштагы кызды энесинен ажыратпаңыз”, – деп жазылган оппозиционердин кайрылуусунда.

Камчыбек Ташиев жана УКМКнын басма сөз кызматы абактагы саясатчынын бул билдирүүсүнө комментарий берген эмес.

Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев Жээнбековдун үй-бүлөсүнө эч кандай кысым болбогон, ал эми Алимбаева баш калаада мыйзамсыз жер сатууга байланыштуу кармалган болушу мүмкүн деп боолголойт.

Балбак Түлөбаев
Балбак Түлөбаев

"Мен билгенден, Бишкек шаарындагы жер махинациясы боюнча кармалды деп уктум. Жер боюнча Бишкекте менде анча-мынча маалыматтар бар. Бирок кармалды деген маалымат чыккандан кийин кызыгып сураган жокмун. Анан эгер жер махинациясы болбой, башка маселе болсо, койгула, үй-бүлөнү чыгарып койгула деп айтат элек. Анан экономикалык жер махинациясы боюнча болуп жатса, эч нерсе айта албайбыз. Бирок бир нерсеси бар окшойт, айтпай жатканына караганда".

52 жаштагы Салкынай Алимбаева менен Равшан Жээнбековдун төрт баласы бар. Алардын эч кичүүсү 13 жашта. Учурда бир туугандар чет өлкөдө экенин өздөрү ырасташты.

Буга чейин Алимбаеванын 90 жаштагы апасы Рахима Алимбаева өлкө жетекчилерине кайрылып, кызына ырайым сураган.

Равшан Жээнбеков ушул тапта Бишкектеги №1 тергөө абагында отурат. Ал былтыр 23-октябрда “Жапырт башаламандык уюштуруу” беренесинин негизинде 20дан ашуун саясатчы, жарандык активисттер менен чогуу камалган.

Анын алдында Жээнбеков Өзгөндө өткөн курултайдын резолюциясына ылайык саясатчылар, саясий уюмдар, активисттер, саясий кыймылдар түзгөн “Кемпир-Абадды коргоо” комитетинин жетекчилеринин бири болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG